Ынтымакты бекемдеген сүмөлөк

Жаңы-Жер айылынын 10 чакты үй-бүлөсү жыл сайын кезектешип сүмөлөк кайнатышат. Быйыл бул милдетти Бердигуловдордун үй-бүлөсү аткарышы керек. 

Майрамкан Бердигулова (солдо) быйыл үчүнчү жылы катары менен сүмөлөк кайнатып жатат. 

Сүмөлөк кайнатуу үчүн 7 килограмм буудай өндүрүлгөн. 

Нооруз балдардын сүйүктүү майрамы. Анткени алар сүмөлөктү чыдамсыздык менен күтүшөт. 

Сүмөлөк жаңы гана өнүп баштаган буудайдын ширелүү суусунан жасалат. 

Сүмөлөк кайнатуу үчүн отун - суу белен болушу керек. 

Ноорузда дасторконду боорсоксуз элестетүү кыйын. 

Буудайдын ширелүү суусун дакиден өткөрүлүп, казандын кулагынан бир карыш кем куюлат.

Сүмөлөктүн таштары тууралуу ар кандай уламыштар айтылат. Бирок таштар сүмөлөк казандын түбүнө уюп калбашы үчүн гана салынат. 

Сүмөлөк 12 сааттан ашык кайнатылат. 

Кошуналар. 

Мындагы коңшулар сүмөлөктү кезектешип кайнатып, бул салтты жаштарга өткөрүп берүүнү кыялданышат.

Келиндер кызматта. 

Сүмөлөк асылган очокто от үзбөй жагылышы керек. 

Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургундары Нооруз майрамын тосууга камынып жатат. Жыл сайын 10 кошуна биригип кезек-кезеги менен сүмөлөк кайнатышат.