Бишкекте ШКУ саммити башталды
Өзбекстан жана Кыргызстан президенттеринин жолугуусу.
Эл аралык "Манас" аэропортунан Орусиянын президенти Владимир Путинди биринчи вице-премьер- министр Жоомарт Оторбаев тосуп алды.
Владимир Путиндин президенттик учагы Бишкекте.
Ирандын жаңы шайланган президенти Хасан Роуханинин чет өлкөгө сапары Бишкектен башталды.
Бишкектеги Иран элчилигинен "Азаттыкка" билдиришкендей, президент Хасан Роухани Орусия президенти Владимир Путин жана Кытай лидери Си Цзинпин менен жолугууну пландап жатат.
Алмазбек Атамбаев менен жолугуу учурунда Хасан Роухани "Кыргызстан менен Ирандын алакасын чыңоого жакшы мүмкүнчүлүктөр бар" деп билдирди. Ал Кыргызстандын көз карандысыздыгын Иран биринчилерден болуп тааныганын дагы кошумчалады.
Иран президенти Хасан Роухани
Кытай лидери Си Цзинпин Бишкекке мамлекеттик сапар менен 10-сентябрда келген.
"Манас" эл аралык аэропортундагы жолугушуу.
Кытай төрагасы Си Цзинпин.
Ооганстан президенти Хамид Карзай. Ооганстан ислам республикасы Шанхай кызматташтык уюмунда байкоочу макамына ээ.
Алмазбек Атамбаев менен жолугуу учурунда Ооганстан президенти Бишкекке төртүнчү жолу келип жатканын, бул ирет жакшы өзгөрүүлөрдү байкаганын айтты.
Ооган президенти Карзай.
Монголиянын президенти Цахиагийн Элбегдорж.
Кыргызстан жана Монголия президенттери жолугуу учурунда.
Тажикстан президенти Рахмон.
Өззбекстан президенти Ислам Каримов. Өзбекстандын мамлекет башчысы Бишкекке 2007-жылдан бери келе элек болчу.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев.
Казакстан президентин "Манас" эл аралык аэропортунда Кыргызстандын премьер-министри тосуп алды.
"Манас" эл аралык аэропортунда расмий делегаттарды тосуп алуу.