Бишкекте саммит башталды

КМШ өлкө башчыларынын Бишкек шаарындагы юбилейлик саммити бүгүн кечки саат 18:20да расмий ачылды.

1991-жылы түзүлгөн КМШга быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.

Саммитте негизинен терроризмге каршы күрөш маселеси талкууланат. Андан тышкары экономикалык жана маданий кызматташтык маселелери каралары кабарланган.

Саммиттин ачылышы алгач 16:00гө белгиленген. Бирок Орусия президенти Владимир Путиндин кечигишинен улам жыйын эки саатка артка жылдырылган. Путин аба ырайына байланыштуу Москвадан кеч учканы маалымдалды.

Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстандын президенттери келди. Молдова премьер-министрин, Түркмөнстан вице-премьерин, Өзбекстан тышкы иштер министрин жиберсе, Украинанын Кыргызстандагы элчиси катышмай болду.

Беларус лидери Александр Лукашенкону “Манас” эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Алдын ала маалым болгондой саммиттин күн тартибине 15 маселе коюлган. Айрыкча 2017-2019-жылдары терроризм менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

ТАСС билдиргендей, Кыргызстандын президентинин аппараты КМШнын юбилейлик саммитти өткөрүүгө 18 миллион сом (260 АКШ доллар) сарптаган, андан тышкары 6,3 миллион сом тамак-ашка жумшалган.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков лидерлердин жолугушуусу алгач тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген форматта өтөөрүн билдирди.

Маалымат агенттиктеринин жазышынча, боз үй үлгүсүндө курулган конок үйүнүн аянты 1,5 миң квадрат, бийиктиги 17,3 метр. Режим объектисинин аймагында жол белгилери орнотулган.

Бул иш-чара үчүн Бишкектин четиндеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында курулуш иштери жүрдү. Анын аймагында конок кабыл алуу үчүн кыргыз боз үйүнө окшош имарат курулду. Бул жерде расмий гана кабыл алуулар болуп, КМШ өлкөлөрүнүн жыйыны резиденция ичиндеги пресс-холлдо өтөт.

Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.