Эс алууну акчага айланткан студенттер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акыркы жылдары студенттер арасында каникулда чет өлкөгө чыгып иштеп келүү тренд болуп баратат. Алар өзгөчө Түркия, Германия өлкөлөрүнө барып иштеп, капчыгын толтуруу менен бирге саякаттап да келишүүдө. Бирок арасында ортомчу агенттиктерге алданып же саякаттан да, акчадан да куру калып кайтып келгендер жок эмес. Эгер сиз да чет өлкөгө чыгып иштеп келүүнү пландап жатсаңыз же баласын жиберип жаткан ата-эне болсоңуз, анда "Азаттык плюстун" бул чыгарылышын көрүп, пайдалуу маалыматтарды алыңыз.