Cаммит, тыгын, сейил...

Жолдогу тыгынга көз салган индиялык студенттер. 

Айрым көчөлөрдө автоунаалар жол ачылганча сааттап күтүп турушту. 

Жолдун ачылышын күткөн айдоочулар. 

11 өлкөнүн президенти жана эки мамлекеттин премьер-министри катышып жаткан саясий иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө.

Айрым көчөлөр машинелер үчүн жабык болду. 

Калаадагы кан жолдор жабылып, автоунаа тыгындарынан качкан шаар тургундары жөө басты. 

Мартабалуу коноктордун кортеждерин күткөн тартип сакчылары. 

Аэропортко жөө жөнөгөн турист. 

Жол тыгында калгандар сааттап жолдун ачылышын күтүүдө. 

Шыбагы түшкөн имаратты мэрия көшөгө менен жаап койду. 

Жөө басып чаалыккан кыздар. 

Шашканда кайдагы коопсуздук. 

Жол тосулуп, айдоочулардын айласы кетти. 

Бишкектин кан жолдору кесилишкен жер. 

Курсак ачканда конок да эстен чыгат. 

Жол коопсуздугун, шаардагы тартипти беш миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат. 

"Тазалыктын" кызматкерлери ишин токтоткон жок. 

Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтүп жатат. Саммитке Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ирандын, Беларустун, Ооганстандын, Монголиянын президенттери жана Индия менен Пакистандын өкмөт башчылары келди.