Жөө күлүк Андреева: Жеңишке умтулам

Лондон олимпиадасына жолдомо алган марафончу Юлия Андреева-Архипова Бээжин олимпиадасына да катышкан.
Лондон олимпиадасына кыргыз спортчуларынын ичинен эң биринчи жолдомону жөө күлүк Юлия Архипова алган. Былтыр Юлия Архипова орусиялык марафончу Григорий Андреевге турмушка чыгып, Архипова-Андреева болуп катталды.

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Юлия мурда орто аралыкка чуркаса, 2008-жылы Бээжин олимпиадасында марафондук жарышка катышкан.

Архипова орто аралыктарга чуркоодо өлкөнүн көп жолку чемпиону. Эл аралык турнирлерде бир нече ирет мөрөй алган.

Спорттун эл аралык чебери Юлия Андреева-Архипова 27 жашта:

- 10 жылдан бери өлкөнүн тандалма командасынын катарында Азия, дүйнө чемпионаттарына катышып келатам. Эл аралык марафондук жарыштарда байгелүү орундарды жеңип алдым. 2007-жылы Франкфурт шаарында өткөн эл аралык марафондук жарышта марага 2 саат 34 мүнөттө келип, Бээжин олимпиадасына жолдомо алгам. 2008-жылы Бээжиндеги олимпиаданын марафондук мелдешинде ийгилик жарата алган эмесмин. Себеби күн ысыкта 42 км. 195 метр аралыкты чуркап, марага жетүү кыйын болду.

Эл аралык жарыштардын жеңүүчүсү

Эл аралык спорт чебери Юлия Андреева-Архипова 2009-жылы АКШнын Балтимор шаарында өткөн эл аралык марафондук жарышта баш байгени утуп алган. 42 км. 195 метр аралыкты 2 саат 30 мүнөттө чуркап, марага биринчи келген.

Кийинки жылы ушул Балтимор шаарындагы марафондо күмүш байгенин ээси болгон.

Ал эми 2011-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн марафондук жарышта 42 км. 195 метр аралыкты 2 саат, 33 мүнөт, 55 секундда чуркап өтүп, алдыдагы Лондон олимпиадасына жолдомо алган.

Лондондо атаандаштары арбын

Юлия Андреева-Архипова Лондон олимпиадасындагы марафондук жарышта негизги атаандаштары америкалык, англиялык, африкалык жөө күлүктөр болорун айтып, 42 км. 195 метр аралыкты чуркап өтүү кыйын экенин “Азаттыкка” билдирди.

- Лондон олимпиадасында жүз элүүдөн тандалган жөө күлүк марафондук жарышка катышабыз. Бээжин олимпиадасындагы каталарды кайталабай, байгелүү орундарга жетүүгө аракет кылам. Узак аралыкка чуркап баратып, кызымды, өлкө намысын ойлойм.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, Юлия Андреева былтыр Лондон олимпиадасына жолдомо алганы менен спорт жетекчилери анын машыгуусуна жакында эле каражат бөлдү.

Марафончу жубайлар

Марафончу жубайлар Юлия менен Григорий учурда беш айлык Ирина аттуу кызды чоңойтууда. Жубайлар Лондондогу марафондук жарышка чогуу катышмакчы. Себеби Юлиянын жолдошу, орусиялык жөө күлүк Григорий Андреев да Лондон олимпиадасына жолдомо алган:

- Юлия экөөбүз бирге машыгып жатабыз. Ысык-Көлдө үч жума чуркап, даярдык көрдүк. Бишкекте өткөн Сатымкул Жуманазаровду эскерүү мелдешинде Юлия табында экенин далилдеди. Эми экөөбүз Орусияга барып, бирге даярдык көрөбүз. Мен да Лондон олимпиадасына жолдомо алгам. Лондондо да Юлияны колдоого алып, кеп-кеңештеримди айтып турам.

Табындагы жөө күлүк

Марафончу Юлия Андреева жөө күлүктөр таттуу жана ачуу тамак-ашты көп жебестигин, куурулган азыктарды да колдонбой, бал, мөмө, жер-жемиштер менен тамактанарын белгиледи.

Жакында эле Бишкекте 1980-жылы Москва олимпиадасынын марафондук жарышынын коло байге ээси, СССРге эмгек сиңирген спорт чебери Сатымкул Жуманазаровду эскерүүгө арналган эл аралык турнирде Юлия Андреева-Архипова 5 миң метрге жарышта марага биринчи келди.

Лондон олимпиадасынан кийин Юлия Орусияга кетип калышы мүмкүн деген кептер айтылып жүрөт. Себеби ал жолдошу экөө Орусиянын Саранск шаарында жашап, бирге машыгып жүрүшөт.

Юлия Андреева-Архипова:

Туулган жылы: 1984-жыл, 7-март. Салмагы: 54 кг. Бою: 1, 64

Өмүр таржымалы: 2007-жылы Франкфуртта эл аралык марафондук жарышта марага 2:34:10 убакытта келип, Бээжин олимпиадасына жолдомо алган. Бирок Бээжин олимпиадасында байгелүү орунга жеткен эмес. 2010-жылы Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарына да катышкан. Өткөн жылы Лос-Анжелесте олимпиадалык жолдомо алуу нормативдерди аткарып, Лондондо өтүүчү жайкы олимпиадага жолдомо алган.