Өз унутуп, өзгө баалаган кыргыз каскадерлору

Ат үстүндө ойногон жигит

Кыргызстандын айтылуу Үсөн Кудайбергенов аркылуу айрыкча даңазаланган каскадерлер мектеби бүгүн да барк-баадан кем эмес. Алды Голливуд киноиндустриясы баштаган эл аралык кинодолбоорлорго катышып, арты кошуна өлкөлөрдүн киностудиялары менен кызматташып жатышат. Бир гана өксүгү – кыргыз кинотармагында каскадерлорго суроо-талап аз.

Казакстан, Орусия каскадерлор ассоциациясынын мүчөсү Эдил Молдалиев кыргыздын каскадерлор мектебин түзгөн легендарлуу каскадер Үсөн Кудайбергеновдун шакирттеринин бири.

Адистин айтымында, башка каскадерлор бир гана трюк боюнча машыкса, Кудайбергеновдун мектеби курал-жарак менен, ат үстүндө, сууда, хореография боюнча, айтор ар тараптан машыгуудан өткөн. Ошол себептен көп өлкөлөр Кудайбергеновдун мектебинен чыккан каскадерлорду киного чакырып турушат.

- Үсөн Кудайбергенов америкалыктар тарткан “Улуу Петр” тасмасында иштеген. Андан кийин Сатар, Султан Дыйканбаев деген бир туугандар Мароккодо иштешкен. Негизи кино тармагында биринчилерден болуп Голливудга чыккан биздин кыргыз каскадерлору болгон. Азыркы убакта Казакстандагы "НОМАД" деп аталган каскадерлор тобу бар. Ал жерде беш кыргыз каскадеру иштеп жүрөбүз. Бешөөбүз тең Үсөн Кудайбергеновдун шакирттерибиз.

Кыргыз каскадерлору учурда бир нече өлкөнүн тасмаларына тартылып жүрөт

Эдил Молдалиев кыргыз каскадерлору азыр деле Голливуддун долбоору боюнча тартылган тасмаларда иштеп жатышканын айтты:

- Акыркы жолу Англияда тартылган тасмада жапон самурайларынын ордуна ат чаап, кыйын окуяларын аткарганбыз. Андан мурун да Латвияда, Парижде тартылган жапон тасмасында иштедик. Ал мурдагы орус-жапон согушу тууралуу тартылды. Былтыр төрт ай бою Малайзияда иштедик. Ал деле Голливуддун долбоору. Он сериялуу тасма экен. Чыңгызхан тууралуу тартылды.

Молдалиев дүйнөлүк кино компанияларда кыргыз каскадерлоруна болгон талап күчтүү экенин белгилеп, кыргыздар көчмөн турмушту жакшы билип, ат үстүндө ар кандай коркунучтуу окуяларды көрсөтүүгө дыкат даярданышарын кошумчалады.

Жергиликтүү кино тармагында кыргыз каскадерлору керек боло тургандай тасмалар дээрлик аз тартылат. Ошондуктан бул кесипти аркалагандар көбүнчө Казакстанда иштешип, чет өлкөлөргө да Казакстандын атынан чыгышары айтылып келет.

“Айтышфильм” киностудиясынын жетекчиси Фархатбек Бекмамбетов “Кураманжан датка” тасмасын тартууда курч окуялар кездешкен эпизоддорду жергиликтүү каскадерлор ойногонун айтты:

- Бир кемчилигибиз - биз кыргыз каскадерлорун тарыхый тасма тартканда гана колдонуп жатпайбызбы. Ал эми дүйнөдө биздин каскадерлор мектебин Голливудда, Азия мамлекеттеринде, жакынкы эле Казакстанда чынында баркташат. Биздин мамлекетте алардын эмгегин көптөр билбейт. Биз өзүбүздө мыкты каскадерлор мектеби бар экенине сыймыктансак болот.

Үсөн Кудайбергенов

Бишкектеги Үсөн Кудайбергенов атындагы каскадерлор федерациясынын президенти Рахатбек Бердикеевдин айтымында, учурда кыргыз каскадерлору өз өлкөсүндө шарт жоктугунан улам коңшу өлкөлөрдө иштеп, ал жерде өз шакирттерин тарбиялап жатышат:

- Биздин федерация өз алдынча иш кылат. Ага өкмөт эч кандай жардам бербейт. Учурда бир топ жигиттерибиз Кытайда иштеп жүрөт. Биздин каскадерлор чет мамлекеттерге, көбүнчө Казакстан аркылуу чыгат. Ошол жактан чет элдиктер менен жеке байланыш түзгөндөр бар. "НОМАД" каскадерлор тобу аркылуу биздин жигиттер казактын көптөгөн жаш жигиттерин каскадерлукка тарбиялап келет.

Бердикеевдин айтымында, кыргыз каскадерлору казак-америкалык "Көчмөндөр" жана ошол эле өлкө тарткан “Миң бала” аттуу фильмдеринде да негизги трюктарды ойногон.

Учурда Үсөн Кудайбергенов атындагы федерацияда отуздан ашык жигит бар. Кыргызстанда мындан сырткары да каскадерлордун бир нече тобу иштейт.