Өлкө башчы айрым спорт клубдарды саясатта жана кримчөйрөдө жүргөн адамдар жеке кызыкчылыгы үчүн ачып, шайлоодо же кылмыштуу иштерде колдонорун айткан экен.
Чынын айтыш керек, кыргыз спортунун дарегине айтылган бул сын мени ойго салды. “Чыкпай турган сөз эле, чыгып кетти өзү эле” дегендей, кыргыз спортунун учурдагы акыбалы тууралуу жазууну эп көрдүм.
Кыргызстанда бүгүн спорттун абалы боор ооругудай. Мамлекет тарабынан колдоо жоктугу сокурга деле көрүнүп турат. Союз учурунда курулган спорт имаратынын көбүнүн эскилиги жетти. Жаңысы качан курулары белгисиз. Жаштарды спортко кызыктырган, мекенчилдик сезимге жетелеп, илим-билимге үндөгөн идеологиялык иш-чаралар солгун. Спорт жаатында жигердүү реформа байкалбайт. Ал үчүн күчтүү кадрлар керек. Мамлекет тагдырын чеччү аткаминерлер болсо саясий оюн, бийлик талашуу менен убара.
Мындай кайдыгер мамиленин кесепети кайра эле өзүбүзгө тийүүдө. Жаштарыбыз ар кандай терс диний агымдарга азгырылып, түрдүү күчтөрдүн куралына айланып жатканы жүрөк оорутат. Мына ушундай кыйын кезеңде спортко кызыккан жаштарды, аларга аздыр-көптүр колдоо көрсөткөн адамдарды “каралар” деп айыптоону чекилик деп эсептейм.
Ырас, бизде жер-жерлерде спорт клубдар көп, аларга ошол жерден чыккан эл өкүлдөрү демөөрчү болуп жүрүшөт. Эгер спорт клуб шектенүүнү жаратса, анын ичинде экстремисттик иш-аракетке үндөгөн тарбия болуп жатса, анда аны жаап салуу мамлекет үчүн түккө турбайт эмеспи. Эгер кайсы бир адам, кайсы бир залда машыгып жүрүп кылмыш кылса, ал керт башы менен жооп берсин. Бирок анын артынан бардык спорт клубду, бардык спортчуну жаманатты кылуу туурабы?
Президент айткандай, айрым депутаттар спортчуларга аздыр-көптүр колдоо көрсөтүп келет. Жеке мен муну туура деп эсептейм. Депутат - эл өкүлү. Андай болгон соң элге жардам берүүгө милдеттүү.
Же сиз жардам бересизби, урматтуу президент? Эгер кайсы бир депутат же саясатчы силерге жакпаса, ал көз карашыңарды бизге, спортсмендерге да таңуулабагыла. Бүгүн биз, спортчулар мамлекеттен бир тыйын сурабай өз арбайыбызды согуудабыз. Бул качанкыга чейин созулушу керек? Улут намысын көтөрчү спорт болгондон кийин ага көңүл бурууга убакыт жетти го дейм.
“Азаттыктын” сайтында жарык көргөн макалада биздин “Жаш күч” спорту тууралуу да жазылган экен. Анда биздин клуб депутат Алтынбек Сулаймановдун жеке кызыкчылыгын аткарган, кримчөйрөгө байланышы бар клуб катары сыпатталыптыр. Ушул жерден айта кетейин, “Жаш күч” тээ Советтер Cоюзу убагында эле түптөлгөн. Депутаттын жеке клубу, шайлоодо ишенген “муштуму” дегенге такыр кошулбайм. Биз депутаттын жеке менчиги эмеспиз, ал киши бизди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган эмес, пайдаланбайт дагы.
Мен өзүм спорт боюнча жогорку билимдүү адисмин. 1997-2012-жылга чейин Кызыл-Кыядагы “Жаш күчтө” машыккам. Азыр Москва шаарында жашайм. 2012-жылы атайын спорт клуб ачкам. Бала кезден машыккан клубдун урматына аны да “Жаш күч” деп атап койдум. Ушу тапта Орусия Федерациясында өз ордубуз бар. Эл аралык мелдеш өтсө, Кыргызстандын туусун көтөрүп чыгып жүрөбүз. Ал жакта деле жашоо оңой эмес. Каржы жагынан кыйналабыз, ижара акыны төлөш керек, мелдештерге өз күчүбүз менен барууга аргасызбыз. Көп жигиттерибиз күндүз оор жумуштарда иштейт, кээде залда машыккан акысын убагында төлөй албай калышат.
Мындай учурда кимге кайрыласың? Мамлекеткеби? Өз жерибизде жардам бербеген мамлекет чет жерде жүргөндө кандай жардам берет? Ырас, Москвада деле колунда бар, ирденип калган жердештерибиз жетиштүү. Бирок алардын бирөөнөн дагы жардам күтпөйбүз. Мелдешке бараар астында далайына барып, шагыбыз сынган. Муну эмне үчүн айтып жатам. Анткени айрым саясатчыларга, коомдук ишмерлерге окшоп, спортко жардам берген мекендештер өтө эле аз.
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып Кыргыз элиме ачык асман, амандык каалайм. Биз Кыргызстан үчүн, кыргыз спорту үчүн, таза улут үчүн кызмат кылабыз!
Айбек Мусаев, Москвадагы “Жаш күч” мушкерлер клубунун негиздөөчүсү жана машыктыруучусу