Атамбаевдин сыны депутаттарды ардантты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин парламентке барган учуру.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президенттин жетеленме парламент деп айткан сынына жооп берип, Алмазбек Атамбаевге жакын саясатчылар өлкөнү карызга батырып, байыган деп айыптады.

Парламент спикери Дастанбек Жумабеков экс-президент башкарган жылдары коррупция күчөп, бийликти узурпациялоо аракети болгон деп билдирди.

Ал Атамбаев бийликте турган кезде саясий каршылаштарын негизсиз куугунтуктап, коррупциялык иштерге шек саналган жакындарын актоо үчүн парламентти каралап жатат деди.

"Коррупциялык иштерге жол берилген. Кыргыз элин карызга батырып, чоң долбоорлордун арты менен ондогон сиздин жан-жөкөрлөрүңүздүн байыганы, атүгүл бийликти узурпациялоо аракети болгону сиз кеткенден кийин билинип отурат. Сиздин кеткениңизге карабастан шакирттериңиз өкмөттү, прокуратураны, күч органдарын, бажыны, борбор калааны чеңгелине мыкчып турган", - деген парламент төрагасы экс-президенттин айткан сыны саясий маданиятка жатпай турганын белгиледи.

Ага чейин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев экс-президентке парламент жооп бериши керектигин айтып чыккан.

Парламентарийлердин минтип агынан жарылышына 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерген митингде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депутаттарды сынга алганы себеп болууда.

Анда Атамбаев парламент азыркы президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун жетегинде калды деп билдирген.

"Рыскелди Момбеков иним айтып жатпайбы, “түкүрүк өкмөт” деп, бирок парламентти карасаң бир тобу чимкириктей. Кичинекей баланын мурдунан салаңдап агат го, жерге түшпөй же ары кетпей. Асылбек “тартып ал” десе тартып алат, “чимкир” десе чимкирет дегендей болуп калды".

Эл өкүлү Алтынбек Жунус уулу учурда парламент саясий окуяларда, маанилүү маселерде пикирин ачык айтып, өз алдынча чечим кабыл алып жатат деп эсептейт. Бирок Алмазбек Атамбаевдин башкарган жылдары Жогорку Кеңешке катуу кысым болгонун жашырбайт. Депутат ага мисал катары ошол учурдагы Дастанбек Жумабековдун төрага болуп шайланганын атады.

"Алмаз Шаршеновичтин убагына караганда азыр эркинбиз. Мисалы, Баш мыйзамга добуш берген учурда аябай кысым болгон. Жетинчи кабаттын чоңунан кичинесине чейин чалып, кеңселерге келишчү. Коррупцияга каршы кызматтын жетекчиси Жогорку Кеңеште кеңсе кыдырып жүрөт деп укканбыз. Бул жакта айрымдардын иши бар, түрмөдө жаткан туугандары бар. Каршы чыгып сүйлөгөн Текебаев кайда отурат? Өкмөттөрдү кандай шайладык? Таластагы окуяга байланыштуу Дастанбек Жумабековду төрагалыкка чагылгандай тез шайладык. Такшалып калган төрага Чыныбай Акунович президент болом дегени үчүн садага чабылды".


Депутат Алтынбек Жунус уулу Атамбаевди депутаттарды күч органдарындагы адамдары менен коркутуп келгени үчүн айыптады.

Анткен менен КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президенттин айткан сындарына кошулат. Анын пикиринде, учурда парламент кайсы бир саясий топтордун кызыкчылыгына иштеп калды. Карамушкина бийликтен кеткенден кийин Атамбаевди сындап чыккан депутаттарга таң калды.

Ирина Карамушкина.

"Эгерде сен ошончолук чынчыл болсоң, принципке туруп, баарына реакция бергиң келип жатса аны учурунда кылышың керек. Атамбаев президент болуп турганда Дастан Жумабековдун кайсы бир буйругуна каршы чыкканы эсимде жок. Анын бажы же кайсы бир коррупциялык иштер боюнча жалындуу сүйлөп чыкканын билбейм. Ошондуктан сөздү убагында айтыш керек. Эми Атамбаевди баары тепкилеп аны достору, партиялаштары сатып кеткен учурда эр жүрөк болуш өтө оңой".

Дегеле, соңку мезгилдерде кызматтан кеткен же оппозицияга өткөн саясатчылар Жогорку Кеңешке "өз алдынча чечим чыгарууга эрки жетпейт" деп сын айтып келишет.

Саясат талдоочу Турат Акимовдун пикиринде, учурдагы парламенттин курамына саясат казанында кайнап, бышпаган талапкерлердин тандалып келиши ушундай айыптоолордун чыгышына себеп болууда.

"Социологияда "соодагерлер бийликте дагы сатылат" деп коюшат. Ошон үчүн булар байлыгын жоготуп алуу коркунучу менен жашайт. Анан бийлик айткандын баарына макул боло беришет. Ошентип, Баш мыйзам талкаланды, андан бери чала мыйзамдар кабыл алынып жатат".

Кыргызстан парламенттик бийликти тандап алып, мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда Жогорку Кеңештин ролун бекемдөөгө аракет кылып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.