Абдымен: Өлкө саясаты жаңы нукка түштү

Серепчи Кубан Абдымен спикердин кетишине байланышкан кырдаалды өлкөдө саясаттын жаңы нукка түшүүсү катары баалайт.
- Кечээ парламенттеги эртеден кечке чейин созулган териштирүүнүн жыйынтыгында Ахматбек Келдибеков өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө мажбур болду. Келдибековдун окуясы депутаттарга болобу, жалпы коомчулукка болобу эмнени көрсөттү?

- Эгерде Кыргызстанда болуп жаткан бардык саясий окуяларды талдап көрсөк, анда бул өлкөдөгү саясий абалдын дагы эле өнүгүп жаткандагысын жана парламенттик башкаруу деген системанын кыйынчылыктары бар экендегисин көрсөткөн мисал деп кабыл алсак болот.

- Кыргызстанда ушуну менен кеминде төртүнчү спикер парламенттеги талкуудан кийин кызматтан кетип жатат. Албетте, Келдибековдун учуру башка. Сиздин оюңузча, Ахматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө демилгелеринин көтөрүлүшү бул саясий оюндун бир жолу болдубу? Же калыптанып жаткан парламентаризмдин жаңы өңүтүбү?

- Азыркы күндөгү түзүлгөн кырдаалды байкап көрсөк, албетте бул парламенттин, Кыргызстандагы саясаттын жаңы нукка түшкөндөгүсүнүн белгиси деп эсептейм. Парламенттин ичинде түзүлгөн кырдаал, эки тараптын тең өзүнүн оң жагын, же терс жагын көрсөткөн көптөгөн далилдерди ортого салып, жалпы талкуудан кийин, жүйөөлүү сөздөрдү уккандан кийинки чечим деп көрсөткөнгө аракет кылышты.

Бирок ошентсе да, жалпы алганда бул Кыргызстандын саясий өнүгүшүндөгү тарыхта калчу, жаңы багытты көрсөтүүчү мисал деп эсептесек болот.

- Кечээки талкууда, фракциялар мунасага келип, эки тарап тең өз абийирин сактап калышы үчүн Келдибеков өз арызынын негизинде кызматтан кетти деп жарыяланды. Эң кызыгы убагында катуу дооматтар айтылганы менен, акырында төрагага ишеним көрсөтпөө сунушу боюнча бир топ жумшартылган токтом кабыл алынды. Мындай мунасанын пайда болушу күтүлгөн жыйынтык беле? Же бир соодалашуунун натыйжасы болдубу?

- Албетте, мындай катуу күнөлөрдү коюп, жумшак чечим чыгарылганы мунун артында бизге, коомчулукка билинбеген себептер турганын көрсөткөн соода экендигин далилдеп жатат. Мунун артында спикер тараптагылар да, ага каршы чыккандар да мунасага келгенин көрүүгө болот.

Демек, бул Кыргызстанда жалпы саясий кырдаалды, өтө чыңалган пикир келишпестикке, чуру-чууга жеткирбестен сүйлөшүү жолу менен бүтүрүп, жалпы коомчулуктун да, парламенттин да ишин сактап кала тургандай мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөткөн мисал.

- Талкууда Акматбек Келдибеков тууралуу көп маалыматтар чыгып кетти. Мындай маалыматтардын коомчулукка шардана кылынышы менен Келдибеков уттурдубу же уттубу?

- Бул жерде айтыш кыйын го. Спикердин тегерегиндеги сөздөр далилденген күндө дагы коомчулукка толугу менен жетет деп айтуу кыйын. Кечээ парламенттик талкууда айтылып жаткан күнөөлөргө кайра жооп катары айтылган мисалдар дагы спикердин тарапкерлери бар экендигисин, анын үстүнө коомчулукта да дүүлүгүү пайда болгондогусун көрсөткөндөн кийин ишенгендери да чыгышы мүмкүн.

Ага каршы чыккандардын саны көп экендигин да көрсөтүшү мүмкүн. Демек, бул жерде ага айтылган дооматтардын бардыгы 100 пайыз далилденди деп айтуу да мүмкүн болбой калды. Эгер мунун бардыгы бир күнү чыкса, бирөөнүн эскерүүсүндө гана айтылбаса, азырынча булардын бардыгы далилсиз деп айтсак болот.

- Маегиңизге рахмат.