Желмаянды мингизип, жекейбозду кийгизип

Иллюстрация

Жеке, жесек, жекейбоз... Кыргыздын унутта калган бул сөздөрү кандай маанини билдирет?

Жер-сууга, аймактарга, буюм-тайымдарга тиешелүү өзүбүздүн алданемедей аталыштарбызды айттырбай келгенденби же өзүбүз эле жерип, чанып айтпай-дебей, колдонбой келгендиктенби, улам мезгил өткөн сайын алар унутулуп кетип бара жатат.

Бүгүн ошондой сөздөрдүн айрымдарын эске сала кетели.

Илгерки кездери бутка кийген өтүктү түрүн «жеке» деп койчу экен. Тагыраагы «көк жеке» же «жеке өтүк» деп атаптыр. Мындай «жеке өтүктөрдү» өкүмдарлар менен эл башкаргандар гана кийишчү дешет. Ушул эле «жеке» сөзү өтүктү эле эмес, белге курчанган курду да билдирчү экен. Эсиңиздерде болсо, эпосто “жеке өтүк бутта койкоюп” деген же «жекени белге курчанып, айдай бетин нур чалып» деген саптар кездешет эмеспи.

Ал эми «жекей» деген аялдардын кымбат баш кийими болуптур.

Кытайдын кымбат шайысынан тигилген көйнөктү «жекейбоз» деп атаптыр. Мисалы, Жаңыл Мырзаны: «Кийгени жекей, кара бөрк, эрдиги эпсиз, кара көк» деп сүрөттөйт. «Желмаянды мингизип, жекейбозду кийгизип» деген саптар да кездешет. «Жекейбоз» деген жоокерчилик заманда баатырлар кийген кийим болгон экен. Маселен, «Балбандардын баарына жекейбоз тонун кийгизип» дейт…

Кээде белге курчанган курду деле «жекейбоз» деп атаган, «жекене» деп да койгон.

Сырткы кийимдин дагы бир түрүн «жекенди тон» деп атаптыр.

Жеңи жок кийимдин бир түрүн «желегей» деп атачу экен.

«Желетке» деген да бар, кыргыз куртканы ушинтип атаган. Ушундан улам кыргыздын илгерки кийимдерин иликтеп чыгып, кайрадан учурга, заманга ылайыктап “тирилтип” келаткан чеберлерге, колунан көөрү төгүлгөн уз келин-кыздарга кайрылат элек, уздар “Манас” эпосуна үңүлүп бир карап көрүшсө кызыктуу, керектүү, кымбат нерселерди табат эле деп айткыбыз келет...

Эми «жесе» деген сөзгө келсек. Аскердик чалгынды «жесе» деп атачу экен. «Жесекчи жесеп калды» деген сөз, «чалгынчы чалгынга жөнөдү» дегенди түшүндүрүптүр. Эгер «жер жесегиле» десе, адегенде жер чалгыла, жер шартын изилдеп-иликтеп чыккыла» дегенди билдирчү экен.

Орус тилиндеги «застава», «сторожевый отряд», «охрана», «разведка» деген сөздөрдүн маанисин «жесек» деген сөз менен түшүндүрсѳ болот экен. «Заставага разведчиктерди койдук» дегендин ордуна «жесек койдук» деп, «разведкага кетишти» десек, «жесекке кетишти» деп айтса эмнеге болбосун?

«Жете» деген, «теги» дегенди билдирген сөз. «Жетеси жаман» десе, «теги жаман» деп түшүнсөк болот. Демек «жетесиз» деген, «тексиз» дегенди билдирет.

Эми өзүбүздүн «дубан» деген сөзгө келели. Совет бийлиги келгенге чейин кыргыздар аймактарын «дубан» деп атачу экен. Мисалы Каракол дубаны, Анжиян дубаны, Чүй дубаны деп. «Дубандан чыккан күлүк» десе, бир аймактын же өрөөндүн эң мыкты күлүгүн түшүнсөк болот.

Түндүк кыргыздарды «Арка кыргыздары» деп, Түштүк кыргыздарды «Анжыян кыргыздары» деп атап келгени белгилүү. Эпосто «Анжыян-Арка кыргыздарына бүт кабар айттырып, ашка даярданып калышты» деген сөз бар. Түндүк-түштүк дегендин ордуна Анжыян-Арка аталышын азыр деле кайрадан колдонууга неге болбосун?

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.