Сот системасынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына арналган, 9-декабрдагы жыйында президент сот реформасы алдыга жылбай жатканын айткан.
Президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин кезектеги жыйынында сөз сүйлөп жатып, учурда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри, Тартип бузуунун бирдиктүү реестри иштей баштаганын белгиледи.
Бирок ошол эле убакта Жээнбеков макулдашылган бирдиктүү программалык системаны иштеп чыгуудагы кемчиликтерге токтолду.
- Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү каттоосу камсыз кылынып, мекемелердин эмес, жалпы өлкөнүн укуктук статистикасын түзүүнү толук ишке ашырыш керек. Каттоо блогунда олуттуу проблемалар бар. Бир жыл ичинде Кылмыштардын реестринде бирдиктүү каттоо менен байланышкан маселе чечилбей келатат. Кылмыштардын реестринде бирдиктүү каттоо бирдиктүү болууга тийиш, болбосо жалпы өлкөнүн укуктук статистикасын түзүү мүмкүн болбойт, - деди президент.
Ошондой эле ал каржылоонун натыйжалуу колдонулбаганын, мамлекеттик бюджеттен каралган акча каражаттары жана донорлор берген акча чаржайыт колдонулуп жатканын айтып, цифраларды келтирди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Өлкөдө көз каранды эмес сот системасын калыптандырыш үчүн бюджеттен 2019-жылы 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат 2018-жылга салыштырмалуу 35 пайызга көп. Ал эми 2020-жылга 2 миллиард 193 миллион сом бөлүндү.
Жыйында Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөлөрү аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып беришти.
Дагы караңыз Чыгымы көп, чындыгы аз сот реформасыДегеле соттук реформанын алдыга жылбай жатканы тууралуу коомчулукта президенттин дарегине карата бир катар сын пикирлер айтылып келатат. Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров президентти сындагандарга укук коргоо органдары жооп бериши керек экенин айтты:
- Кээ бир саясатчылар, эксперттер «соттук реформа ишке ашпады, максатына жетпеди» деп туруп мамлекет башчыга да баа бере турган бейбаштыкка күбө болуп жатам. Ошондуктан, урматтуу укук коргоо органдарынын жетекчилери, урматтуу мамлекеттик тийиштүү органдар, силер да «качан президент жооп берет экен» же «Стамалиева айым оюн билдирет экен» деп күтпөй, мүмкүнчүлүк бар, баарыңардын кол алдыңарда армия бар. Ошол багытта да жумуштарды алып барсаңар деп суранат элем.
Жыйынга өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышты. Алардын айрымдары соттук-укуктук реформа багытында жасалып жаткан иштерге сын пикирлерин айтышты. Укук коргоочу Динара Ошурахунова мамлекет башчыны жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, бул маселе боюнча өзүнчө талкуу өткөрүүнү сунуш кылды:
- Мен сизден (ред. С.Жээнбеков) ушундай эле жыйналышты көз каранды эмес адвокаттар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер менен бирге өткөрүңүз деп суранат элем. Алар соттук-укуктук реформа кандай жүрүп жатканы тууралуу чыныгы көрүнүштөрдү айтып берет.
Кыргызстанда 2010-жылы бийлик алмашкандан бери сот тармагын реформалоо тууралуу көп эле сөз болуп, убадалар берилген. 2019-жылдын 11-мартында Бишкекте өткөн соттордун XI курултайында президент сотторду ыйманга чакырып, Кудайдан коркушу керек экенин айтып, аларга бейиш менен тозокту эстеткен жайы бар.
Былтыр жазында бул чөйрөдөгү маселелерге байланыштуу өкмөттүк эмес уюмдар Жогорку соттун алдында митинг өткөрүшкөн. Андан бери деле жарандык коом өкүлдөрү сот реформасынын жүрүшүнө жана сапатына ичи чыга элек. Бирок бийлик бул багытта реформа үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө.