Элүүдөн кийин кеч эмес...
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте 49+ клубунун мүчөлөрү чакан концерт беришти. Жашы 49дан ашкан ар кыл кесиптин ээлери бир жарым айдан бери вокал чеберчилигин окушкан. Алар 50 жаштан кийин максатка жетүүгө кеч эмес деп эсептеп, жашы өткөн аялдар тууралуу айтылган стереотиптерге каршы чыгышат. Клубдун негиздөөчүсү Гekmмира Сарман өзү 49 жашында жогорку окуу жайды аяктаган.