Бирок компаниянын ишин биротоло жапса, анда өлкө эл аралык соттошууга кабылат. Эгер убактылуу жайгарып, кайра иштете берсе, анда жергиликтүү тургундардын нааразылыгы токточудай эмес.
Утурумдук сооротуу
Бир нече күндөн бери созулуп жаткан нааразылыктын фонунда кыргыз өкмөтү Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү токтотулганын кабарлады. Албетте, азырынча убактылуу, анткени бул аталган компаниянын лицензиясы алынды дегенди түшүндүрбөйт.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кийинки кадамдар комиссиянын жыйынтыгы менен белгилүү болоорун билдирди:
«Мындай чечим өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын тиешелүү корутундусунун жана элдин талабынын негизинде кабыл алынды. Эми мекеме аралык атайын комиссия өз ишин жүргүзөт. Алардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Бирок жыйынтыгын качан чыгарарын комиссия өзү чечет».
Эгер жөнөкөй логика менен алсак, комиссиянын ишинен эки гана жыйынтык чыгышы ыктымал. Бири - кенди толук жаап, компаниянын лицензиясын кайтарып алуу, экинчиси - кемчиликтерди жоюп, элди сооротуп, алтын казууну уланта берүү.
Бирок маселе ушунда. Малы кырылганына оңгулуктуу жооп ала албаган, экологиянын бузулушуна каршы чыккан жана компанияда иштеген кытайлыктар менен кагылышууга барган жергиликтүү эл ишти уланта берүүгө макул болобу? Буга талдоочу Гүлжигит Исаков жооп берди:
«Эгер кен дагы иштей берсе, эл токтобойт. Бир күүгө келип алды, азыркы нааразылык инерция менен кете берет. Бүгүнкү күндө кандай гана кырдаал болбосун ошону пайдалангысы келген күчтөр бар. Ошолор муну сөзсүз колдонот. Жалаң эле Солтон-Сары эмес, башка кендерде же өкмөткө карата башка маселелерде да нааразылык бар, ошонун баарын чогуу пайдаланышат. Жаандан кийин көбөйгөн козу карындай болуп ушинтип дагы каршылык чыга берсе, анда бийликтин абалы оор болот. Эл эмне кылышы мүмкүн? Башка чечкиндүү кадамдарга барышы ыктымал, митингдер дагы курчушу мүмкүн».
Гүлжигит Исаков «башка күчтөр ким экенин» ачык атаган жок. Буга чейин биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов да Солтон-Сарыдагы мурдагы жолугушууларда «үчүнчү күчтөр» тууралуу кеп кылып, бирок тактаган эмес.
Мындай божомолго ыктаган эксперттер бийликке каршы маанайда турган негизги топ катары азыркы шартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапкерлерин эсептешет. Атамбаев Солтон-Сары боюнча үн ката элек, ошентсе да анын позициясы соңку нааразылыкка үндөшүп турганы жашыруун эмес.
Соттошуунун карааны
Мындай шартты түшүнсө, анда өкмөт Солтон-Сарыда алтын казууну таптакыр токтотуп, жогоруда айтылгандай «Zhong Ji Mining Company» ишканасынын лицензиясын кайра алышы ыктымал. Башкача айтканда мекеме аралык комиссиянын чечими менен ошондой бүтүмгө келет дейли. Анда мунун кесепети кандай болот? Сөз жок, эксперттер аягы эл аралык соттошуу менен бүтөт деп эскертип жатышат.
Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев мындай дейт:
«Кытайлык компания алгач биздин сотторго кайрылат. Андан жыйынтык чыкпаса, эл аралык сотторго кайрылат. Эл аралык соттошууда биз толук утулуп калышыбыз мүмкүн. Анткени тоо-кен өнөр жайы боюнча жакшылап саясат жүргүзгөн киши жок. Албетте, келишимдерин көрүп чыккандан кийин так айтмакмын, бирок эгер соттон утулуп калсак бул компания канча акча кетирсе аны төлөш керек болот. Экинчиден, алар «биз мынча пайда тапмакпыз, ошого компенсация төлөйсүңөр» деп, өтө чоң сумманы коюшат. Ошондуктан бул маселени абдан этияттык менен караш керек. «Тоо-кен өнөр жайын иштетпесек болбойт, ансыз Кыргызстандын экономикасы өспөйт» деп элге айтышыбыз керек, эл муну туура түшүнүшү керек».
Өкмөт буга чейин кабарлагандай, «Zhong Ji Mining Company» компаниясы Нарындагы Солтон-Сары кенинде алтын казуу үчүн кеминде 75 миллион доллар инвестиция салууга милдеттенген. Азырынча комбинат курууга анын канчасын жумшаганы белгисиз. Бирок 2013-жылдан бери салык жана башка төлөмдөргө 225 миллион сом, социалдык пакеттерге 37 миллион сом бергени так маалым. Демек келишим түзүлсө, Кыргызстан мунун баарын кайра ушул компанияга кайтарып бериши керек.
Адистер расмий Бишкек лицензияны кайтарып алуу менен мындан башка да маселелерге кабылышы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Анткени «Zhong Ji Mining Company» компаниясынын түбү Кытай өкмөтүнө караштуу корпорацияларына барып такаларын билдирген маалыматтарды эске алганда, расмий Бээжин да бул талашка аралашуусу ыктымал.
Кен тармагындагы маселелерди чагылдырып жүргөн журналист жана баяндамачы Рыскелди Сатке буларга токтолду:
«Өкмөт «Zhong Ji Mining Company» кытай-кыргыз жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Кытайдын жараны Сюй Говей экенин, коомдун түзүүчүсү «China Gold Hong Kong Buchuk Mining Company» компаниясы экенин билдирди. Ал эми аталган компания Кытайдын өкмөтүнө караштуу «China Gold International Resources Corp» жана «China National Gold Group» мекемелерине караштуу экени Интернетте так жазылып турат. Бул директор Кытайдын аталган корпорацияларында башкы менежер болуп иштейт экен. Ошондуктан бул жерде Кытай өкмөтүнүн кандайдыр бир кызыкчылыгы барбы деген түкшүмөл ой жаралды. Эгер «Zhong Ji Mining Company» расмий Бээжинге караган күндө деле Кытай Кыргызстанга карата кескин чара көрүп, эскалацияга барбашы мүмкүн. Бирок зарыл болсо чек араны жаап же карызын доолап, гранттарды бууп, ушундай рычагдарды колдонушу ыктымал. Анткени кечээ Кытайдын элчилиги да Кыргызстанга катуу эскертүү бергендей болбодубу».
Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги эки күн мурдагы билдирүүсүндө Солтон-Сары кениндеги окуя боюнча жаңжалды жакшылап иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү катаал жазалоону, калыстык менен жөнгө салууну талап кылган. Албетте, Кыргызстанда Кытайдын мындан башка да компаниялары кен казуу менен алектенет, бирок алардын көбү жеке менчик компаниялар экени белгилүү.
Дагы караңыз Атагынан чатагы көп алтын кендериКыргызстандын өкмөтү буга чейин «Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сары кенинде он жылдан бери иштеп жатканын кабарлаган. Ал кен Бучук, Алтын-Төр аттуу эки тилкеден турат жана жалпысынан 12 тонналык алтын запасына ээ.
Компанияга лицензия биринчи жолу 2009-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.З.Курманалиев тарабынан берилген. Кийин уруксат кагаздары 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев тарабынан узартылган.
Өкмөт аппараты тараткан билдирүүдө, акыркы уруксат кагазы 2018-жылы 9-февралында Сапар Исаков башында турган өкмөттүн иш мезгилинде, Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы И.К.Чунуев тарабынан берилгени айтылат. Лицензиянын мөөнөтү 2033-жылдын 4-февралына чейин.