Солтон-Сары – жалпы адамзаттын да көйгөйү

Ички Теңир-Тоодогу Солтон-Сары жайлоосунун бир көрүнүшү.

Солтон-Сарыдагы көөнөргүс баалуулуктарды сактоо тууралуу серепчинин күндөлүгү.

Айрым замандаштар Солтон-Сарынын экологиялык көйгөйүн тар кызыкчылыкты көздөгөн топ көбүртүп-жабыртып жатат дегендей пикирлерин айтып чыгышты.

Менимче, бийик тоолуу Солтон-Сары жайлоосу жалпы адамзаттын көйгөйүн да өзүнө камтып жатат. Ак мөңгүлүү тоолордон экологиялык жана башка жагдайларды эске албай алтын же башка кендерди казуу Кыргызстандын эле эмес, жалпы Борбордук Азиянын жана дүйнө жүзүнүн мүшкүлдөрүн ого бетер оорлотот.

Бул жерден аккан суу Терс-Суу менен кошулуп, күрпүлдөгөн Он-Арча өзөнүнө айланат, ал болсо Он-Арча ГЭСи аркылуу өтүп, Нарын дайрасына кошулат, ал болсо айтылуу Сыр-Дарыя аркылуу тарыхый Мавераннахрды кесип өтөт... Демек, элдин көбү билбеген алыскы жайлоодогу ууланган суунун кесепети бүткүл Борбордук Азияга тийет.

Жок, тууганым, азыр технологиялар мыкты; эч кандай суу ууланган жок, алиги жайлоо козулары өздөрү эле мал доктурдун дарысынан ууланып кырылган деп айтчулар четтен чыгат. Бирок алар Кыргызстандагы кен иштетүү жайынын көпчүлүгүндө сууну кайра тазалаган жана таштандыны кылымдарга чейин зыянсыз кылып көмгөн шарт түзүлбөгөндүгүн, Чаткал сыяктуу башка аймактарда да алтын казуудан кийин аңырайган жарлар калып, кыртышка өсүмдүк кайра чыгышы үчүн эч кандай шарт жаратылбагандыгын, Кумтөрдүн алтын өнөр жайынын чаңынын айынан мөңгүлөр жарыктын ылдамдыгынан да тездикте эрип кеткендигин атайын этибарга албай жаткан замандаштар го деп ойлойм.

Солтон-Сары жайлоосундагы суу жээгиндеги аска таш сүрөтү.

Эми бул аянычтуу сапка Солтон-Сары да кошулууда. Мында мен жалаң гана кытайлык компанияны айыптап жаткан жокмун, ага чейин деле Эмгекчил, Миң-Булак айылдарынан чыккан алтын чайкоочу топтор бул жайлоонун кедерин кетирип келишкен. Маселе – мындан ары Солтон-Сарыда эле эмес, жалпы өлкөбүздө тоо-кен өнөр жайынын экологиялык кесепеттеринин алдын алуу үчүн мамлекеттик кубаттуу механизмди түзүүнүн зарылдыгында.

Дал ошондуктан жалпы элди ойготкон солтон-сарылык кыймылга тилектешпиз. Албетте, мыйзам чегинде, эч кандай зомбулукка барбай туруп талап коюу жолдорун билбестен, орто жолдо бейкүнөө жумушчуларга кол көтөрүү – кылмыш. Чыныгы айыптуулар – жең ичинен лицензияларды парага саткандар, экологиялык шарттарды сактоого татыктуу мыйзам чыгарууга кудурети келбегендер... Мындайча айтканда, өзгө эмес – өз кишилерибиз, өз аткаминер жемкорлорубуз, өз саясатчыларыбыз. Бул жөнүндө Нарынбек Молдобаев агабыз “Азаттык” үналгысындагы талкууда дурус белгиледи.

Эми бул көйгөйдү жалаң гана Солтон-Сары үчүн эмес, Чоң-Алай, Талас, Чаткал, Кумтөр, Макмал жана башка аймактардагы болжолдуу тоо-кен иштери үчүн жалпы дурус мыйзам кабыл алуу аркылуу тартипке салуу абзел. Ага чейин шойкомдуу долбоорлордун бардыгына мораторий жарыялап салуудан эп арга жок.

Солтон-Сарыдагы Кочкорбай коктусунун батышындагы балбал. 17.7.2008.

Ал эми Солтон-Сары өрөөнүнө келсек, бир жагынан Ысык-Көл менен, экинчи жагынан Кочкор менен, үчүнчү жагынан Эки-Нарын менен байланышкан, бир кездерде Улуу Жибек жолунун кербендери да өткөн, көчмөндөр цивилизациясынын аймактарына ширелишкен бийик тоолуу аймак.

Азыр Солтон-Сарынын Кочкорбай коктусу аталган жеринде илгери бабаларыбыз ыйык санаган балбал сакталып турат. Бул жерде суу жээгинде эң байыркы аска таш сүрөттөрү да сакталган.

Солтон-Сарыдагы балбалдын жанында айылдаш агаларым менен. (Оңдон солго: Сулайман, Жумамүдүн, Мукан байкелерим жана мен). 28.7.2010.

Бала чагымда, мектепке бара элегимде, Солтон-Сарыда кой-кой кайтарып, жонго чыгып тезек терип, чакчыгайды аңдып, суурдун ийинин шыкаалап, андан соң ылдый түшүп, бутка илээшкен эсепсиз балыгы бар таза сууну кечип ойноп, саздакка өскөн жөргөмүш аттуу өсүмдүктүн уругун айранга салып жеп, кээде кымыз бышып, кээде шырдак үчүн бышырылып жаткан кийизди балдар менен чогуу тебелешип, айтор, бала чактагы жыргалга батып жүргөн чагымда, ыраматылык атам атына учкаштырып алып, Солтон-Сарынын чыгышын көздөй алып барганы эсимде.

“Мына бул соку ташты Манас атабыз колунан түшүрүп алган чакмак таш деп коюшат”, – деп бир жол четинде шалбаада өзүнчө турган бийик аска ташты көрсөткөн.

“Манас” энциклопедиясы түзүлүп жаткан чакта, бул таш тууралуу аңызды жазып алып бардым, анткени “Манас” эпосуна байланыштуу топонимдер да чогултулуп жаткан. Бирок аны негедир киргизбей коюшту...

Солтон-Сары жайлоосунда айтылуу Арстанбек Буйлаш уулу, манасчылар Тыныбек Жапый уулу, Дуңкана Кочуке уулу, акын Жумакан Тынымсейитова, диктор Капар Алиев, композитор Сайыргазы Түркмөнов, азыркылардан эл жазуучубуз Кеңеш Жусупов, академик Үсөн Асанов, журналист Сулайман Мамбеталиев жана башка чыгаандарыбыз далай ирет болгону маалым.

Бул өрөөнгө Кыргыз улуттук филармониясынын эл аспаптар оркестри, Эстебес Ашыраалы агаларыбыздай чыгаан төкмөлөр да келгени, көк асман астында кино уюштурулгандыгы эсте.

Бул жайлоо, башка да кыргыз жайлоолорундай эле, кылымдар карыткан заттык эмес маданиятты сактоодо, уздардын чеберчилигин арттырууда, далай күлүктөрдү таптоодо, нечендеген балбандар менен көк бөрүчүлөрдү машыктырууда из калтырды.

Мына, бир саамдан соң көк бөрү оюну башталат. Солтон-Сары. 27.7.2010.

Албетте, артка эскерүү менен гана кылчайып айта алчу окуялар да арбын. Айылдагы кадырман аксакалдардын бири, Жусай атабыз кырсыктан каза болгон соң, анын үй-бүлөсүн Эчки-Башыдан Солтон-Сарыдагы жайлоого көчүргөндө, мектепке бара элек мен да чогуу барып калдым. Ал кезде автобустар дээрлик жок эле. Жүк ташуучу унаанын үстүнө кооз шырдактарды жайып, көлдөлөңдөр төшөп, чет жактарына төшөнчүлөрдү солоп, айтор, мамыкта бара жаткандай элес калтырган.

Кичи-Кара-Кужур, Терс-Сууну аралап бара жатканда, көрүнгөн боз үйгө жакындаган сайын, Жусай атабыздын жесири Жамийла эжебиз жана кошокчу аялдар атайылап үнүн катуу чыгарып кошок кошуп калышчу. Ар боз үйдөн ак алып чыгып, учурашып, анан узатышчу. “Эч бир боз үйдү калтырбай өтөлүк, кийин сөзгө калабыз” деп аялдар кобурашып коюшат. “Буларды биз тааныбайт элек” деген кепке: “Баары бир учурашып кетелик. Бул – салт. Кана, эми, кошокту баштайлык!” деп нарктуу бир байбиче (балким, ал жашыраак эле аял болгондур, бирок мага карып калгандай сезилген) деп буйрук бергени эсте.

Солтон-Сарыда ээси бир жакка кеткен боз үй да ар дайым чоочун кишилер үчүн ачык болчу. Ит-куш кирбесин үчүн боз үйдүн эшиги боо менен бекем байланып коюлчу, бирок бейтааныш жолоочу өзү кирип эле, ашканадан азык алып оокаттанып, анан дасторконду жыйыштырып коюп кете берчү.

Балким, XX кылымдын башына чейинки көөнө салтыбыздын калган-катканын ошондо көргөн чыгаармын. Азыр болсо базар экономикасынын шартында далай меймандостук салттарыбыз өзгөрүүдө.

Бирок дагы эле Солтон-Сарыда конокторго сый-урмат бийик. Нечендеген эл аралык туристтик топтор бул ажайып жерди кезип, маашырланып өтүшүүдө. Ички туризм да акырындап өнүгүп жатканда, Солтон-Сары өз мекендештерибизге Сары-Челек, Кара-Шоро, Соң-Көл, Кырчын, Жети-Өгүздүн Көк-Жайыгы сыяктуу эле калк көп каттаган сүймөнчүлүктүү жерге айланышы ажеп эмес.

Бирок ал үчүн бул аймакты алтын кенинин боз чаңында гана кароосуз калган, куту качкан жерге эч качан айлантпашыбыз абзел. Швейцарияда деле кендер бар, бирок анын атуулдары жаратылыштын ажайып кооздугун көз карегиндей сакташат. Биздин алардан эмнебиз кем?

Солтон-Сарыдагы бул жолку толкундоолор – элдин экология жаатындагы өзүн-өзү сактоо инстинктине байланыштуу болуп жаткандыгында шек жок.

Калайыкты тынч, мыйзамдуу жолдор менен гана экологиялык жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө чакырыктар жасалып жатат, бул чакырыктарды толук колдойбуз.

Баш оонанын (августтун) 8индеги Жогорку Кеңештин чукул отурумунда да Солтон-Сары маселеси козголду. Алмамбет Шыкмаматов жана башка кесиптештерге бул көйгөйдү эске салгандыгы үчүн ыраазыбыз.

Кыргызстандагы Солтон-Сары сыяктуу жайлардагы иш-аракеттерде маданий жана тарыхый эстеликтерди көз карегиндей сактоо иштери да көз кырынан сыртта калбоого тийиш.

Маселен, бир геолог аксакал келип, Ала-Букада кен казуу маалында көөнө замандарда колдонулган аска таштарды ажыратып алуунун технологиясынын изи кошо талкаланып жок болду деп кейиген.

Чүй өрөөнүндө, Кара-Балтанын жанындагы бир өнөр жай курулушун негиздешкенде, археологдор толук изилдей элек байыркы коргонду ойрон кылышканы дагы чоң чуу чыгарган...

Тарых музейиндеги мумияны кайра Баткенге алып барып көнгөн түркөйлөрдүн кылмышын иликтеген бир тың адис жок...

Эми Солтон-Сарыдагы балбал турган секинин астынан дагы алтын табылып калбаса экен... деп аргасыздан күйүп айтат экенсиң.

Башка мамлекеттерде "Аватар" сыяктуу көркөм тасмаларды чыгарып, жомоктогу планетанын экологиясы тууралуу кайгырып жатышкан чакта, өзүбүз Солтон-Сары сыяктуу ажайып жайларыбызды өз сугалактыгыбыз менен ойрон кылып салбастан, жалаң гана өзүбүз үчүн эмес, жалпы адамзаттын мыкты асыл-нарктары үчүн да сакташыбыз абзел.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.