Кар менен кошо “эриген” асфальт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте 2-3 жыл мурда эле оңдолуп бүткөн жолдордун сапатына карата коомчулуктун сын пикирлери күчөдү. Адистер акыркы учурда жолдор колдонуп-колдоно электе бузула баштаганын айтышат. Калаада жолдордун жалпы узундугу 1400 чакырымды түзөт. Алардын 750 чакырымы, башкача айтканда, жарымы тешилип бүткөн жолдор.