Себеби маркумдун жакындары арыз жазбай, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө каршы болгон. Балдарды дарылап-тарбиялоочу аталган мекемеде 28-августта үч жаштагы кыз уктаган бойдон ойгонбой калган.
Ош шаарындагы Кургак учук оорусуна каршы санатордук типтеги №40 “Наристе” балдар бакчасына үч жаштагы Раяна быйыл февраль айынан тартып бара баштаган.
Бала бакчанын жетекчиси Максаткан Маметова ошол күндү мындайча эскерди:
- Бала эртең мененки тамакты ичип, түшкө чейин өзүн жакшы эле сезип жүргөн. Түштө уктап жаткан. Кокустан оозу көгөрүп, кыркырап калганда тарбиячылар мени чакырышты. Биз "Тез жардам" чакырдык, дарыгерлер колдон келген аракетин жасап, ийне сайышты. Бирок кыз чарчап калды. Анан апасын чакырдык.
Баланын өлүмүн факт катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгы каттоого алып, бирок кылмыш ишин козгогон жок. Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков маркумдун жакындары арыз жазбаганын айтты:
- Бул окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш каттоо китебине катталды. Окуянын чоо-жайын териштирип, ошол бала бакчанын кызматкерлеринен тийиштүү кагаздар чогултулуп жатат. Кылмыш ишин козгоонун негизи болуп соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жана жабырлануучунун арызы болуш керек эле. Учурда экөө тең жок. Мындан улам бул окуя мезгилсиз өлүм катары каралып, кылмыш иши козголбой кала берет деп ойлойм.
Мектепке жакпаган бала
Мектепке жакпаган бала
Раянаны жалгыз баккан энеси Сүйүмкан Дүйшеева Ош шаарындагы жатакана тибиндеги турак жайлардын биринде жупуну тиричилик кылат. Кызынын туруктуу жашай турган дарылануучу бакчага жайгаштырылышына кургак учукка каршы эмдөөнүн шектүү жыйынтыгы себеп болгон. Бирок анда Сүйүмкан Дүйшеева кызынын буга чейин талма оорусу менен жабыркап келгенин бакча жетекчилигинен жашырып койгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:
- Оозу көгөрүп калчу эле. Облустук ооруканада бир ай дарылаткам. Бир жашында бир жолу, эки жашында эки жолу талмасы кармап калган эле. Андан бери жакшы жүргөндүктөн бакчага бергем. Бакчада уктаган бойдон кете бериптир. Эч кимге күнөө койбодум. Бакчага албай коёт деп ооруну айтпай койдум эле. Күнөө өзүмдө. Ооруну жашырбай айтып койсом дарыгерлер карап турушат эле...
Балдардын укугун коргоочулар баланын саламаттыгы үчүн мамлекеттик тиешелүү мекемелер сыяктуу эле ата-эне да керт башы менен жооп бериши керек деп эсептешет. Өлкөнүн түштүк аймагында иш алып барган “Калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү” фондунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова буларды айтты:
- Балдар укугу боюнча конвенциянын негизинде балдардын толук кандуу өсүп-өнүгүүсүнө, алардын коомдо болгон ордун таап кетүүсүнө, билим алуусуна, ден соолугу чың болуусуна, башкаларга оюн эркин айтуусуна ата-эне жооптуу деп айтабыз. Базалык камкордук деп коёбуз. Бул - баланын күнүмдүк жашоосуна эмне керек болсо ошону менен камсыз кылуу. Бул жерде “Наристе” балдар бакчасындгы окуя боюнча ата-эне күнөөлүү. Эгерде талма оорунун медкызматкерлер такай көзөмөлдөп турганда ал кыз жашай бермек.
Раяна тарбияланып, дарыланып келген кургак учук оорусуна каршы санатордук мекеменин жетекчиси Максаткан Маметова болсо бул мекемеде балдарды кабыл алуу, дарылап, тарбиялап, багуу кынтыксыз экенине ишендирди:
- Бизге дарыгерлердин көзөмөлү менен гана келишет. Көчөдөн келген баланы өз алдынча алууга укугум жок. Мен кургак учук диспансеринен беш дарыгерден өткөн форманын негизинде алам. Бул балдардын баары таза. Үй-бүлөсүнөн же туугандарынан кургак учук чыкса балдарды бизге жөнөтөт. Укол алып, шектүү болуп келсе бизде алты ай дары ичишет. Бакчанын дарыгери бар. Беш тайпаны жумасына эки жолу келип текшерип турат.
Азыр бала бакчада 185 наристе тарбияланат. Бакчаны өкмөт каржылагандыктан ата-энелер акы төлөшпөйт.