Биздин Андреевдер

  • Ырысбай Абдыраимов

Евгений Андреев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү.

Жалал-Абад облусунун Чаңгыр-Таш айылынын тургуну Евгений Андреевдин үй-бүлөсү эне тилге кайдыгер караган кыргыздарга үлгү болоор жайы бар. Анткени улуту орус Женя, анын жубайы, 5 жаштагы кызы кайын эне, кайын атасы жана кайнилери да кыргызча билишет экен.
Облустун Чаңгыр-Таш айылында жашаган Евгений Андреев үй-бүлөсүн дыйканчылык менен багат. Ал жаштайынан айылда өскөндүктөн Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү жердештери өңдүү өз жерине жүгөрү менен күрүч өстүрөт. Карадарыялык айрым кыргыздар атүгүл күрүчтүн үрөнүн ушул Евгенийге септиришерин айтышты.

Евгений Андреевдин үй-бүлөсү менен маекти бул жерден угуңуз: