Карыны сыйлоо калып баратат

Өкмөт 2017-жылы карылык боюнча Комплекстүү Улуттук программаны кабыл алган жатат.

Программа жашы улгайган адамдардын укугун коргоо, саламаттыгына кам көрүү жана коомдо карыларга карата мамилени жакшыртуу максатын көздөйт.

Эмне үчүн үй-бүлөдө карыларга ташбоор мамиле күчөп баратат? Өкмөттүн карыларга камкордук көрүү боюнча буга чейинки программасы кандай натыйжа берди?

“Арай көз чарай” талкуусуна Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы адиси Мира Тургунбаева жана Help age international эл аралык уюмунун Кыргызстандагы долбоорунун менеджери Нурдин Сатаров катышты.

“Азаттык”: Мира айым, өкмөт 2017-жылы карылык боюнча Комплекстүү Улуттук программаны кабыл алган жатат. Анын кандай зарылдыгы бар? Эзелтен карысын сыйлаган кыргыз коомунда атайын программаларды кабыл алып, карыларга долбоор алкагында кам көрүүгө эмне түрткү болууда?

Аксакал-байбичелерди балдары карылар үйүнө же ушул социалдык мекемелерге алып барып коюп карабай, бирок пенсия алар күнү эле пайда болуп калган учурлар көбөйдү.
Мира Тургунбаева

Мира Тургунбаева: Биринчиден, улгайган адамдар боюнча иштер улуттук мыйзамдар чегинде жүргүзүлөт. Анын максаты - улгайган адамдардын саламаттыгын сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу.

Жакында эле Бишкекте ушул маселеге арналган эл аралык конференция болду. Ага КМШдагы бир катар мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.

Азыр республика боюнча 448 600 улгайган жаран бар, алар жалпы калктын 7% түзөт. Эки күндүк талкууда улгайган адамдарга камкордук көрүү жана алар туш келип жаткан проблемалар аныкталды. Эми алардын бардыгы карылык боюнча даярдалып жаткан программага киргизүү үчүн өкмөткө сунушталат. Анткени, өнүккөн өлкөлөрдө карыларга карата мамиле жакшырып баратат, ал эми жаш деп эсептелген Кыргызстанда бул маселе боюнча алдыда турган милдеттер көп.

Кыргызда илгертен эле “Карылар төрдүн көркү” деп баркталып келген. Бирок аларга камкордукту көтөрүү зарылдыгы пайда болду. Карыларга камкордукту күчөтүү үчүн пенсиянын көлөмүн көбөйтүү гана эмес, азык-түлүктүн баасына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү зарыл болуп жатат Андан тышкары мамлекеттик комплекстүү саясат зарыл болуп калды.

Азыр Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу 17 социалдык мекеме бар. Алардын алтоо бир гана улгайган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн иштейт. Ал жерден жардам алган адамдардын саны 782. Бул маселеге келгенде аксакал-байбичелерди балдары карылар үйүнө же ушул социалдык мекемелерге алып барып коюп карабай, бирок пенсия алар күнү эле пайда болуп калган учурлар көбөйдү. Андан тышкары мигрант болуп кетип, такыр кароосуз калган карылардын саны да арбып бара жатат. Үй-бүлө кодексинде балдары ата-энесин карашы керек деген жобо жазылган, бирок ал мыйзам аткарылган жери жок.

“Азаттык”: Нурдин мырза, кыргыз коомунда карыларды жектеген көрүнүштөр эмне үчүн көбөйүп жатат деген ойдосуз? Буга улуттук менталитетти сактоого үндөгөн ырааттуу тарбиянын, мамлекеттик идеологиянын жоктугу башкы себеппи же материалдык кызыкчылыктын биринчи орунга чыгып, бардык башкаруу бийлик бутактарынын бул көйгөйгө көңүл бурбай жатышындабы?

Нурдин Сатаров: Мунун башкы себеби, экономикалык абал. Кыргызстанда айына керектелүүчү баштыктын көлөмү 4800-5000 сомдун тегерегинде болуп жатат. Биздин пенсионерлердин 40-60% бир айлык керектөө баштыгынын көлөмүнөн аз пенсия алышат. Бул жашоого такыр жетпейт.

Үй-бүлөдө дөөлөттүү карылык деген салтты сактап келатабыз, бирок көпчүлүк убакта тарбиянын жетишсиздигинен жана экономикалык кыйынчылыктан улам эгемендик алгандан бери үй-бүлөдө да, коомчулукта да байланыш абдан азайып бара жатат. Демек, улуттук кулк-мүнөздү сактоо үчүн мамлекеттик идеология зарыл болуп жатат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.