Майыптарды баккандарды бюрократия кыйнады

Иллюстрациялык сүрөт.

Балдары майып ата-энелерге акы төлөп берүүдө суроо жараткан жагдайлар көп. Серепчилер муну жер-жерлерде социалдык колдоого муктаж катмарга түшүндүрүү иштери аксап жатканынан көрүшөт.

Ушу тапта Кыргызстанда майып балдардын камкорчусу катары катталган кишилердин саны 2500дөн ашты. Буга чейин камкорчуга муктаж балдардын саны 6 миңдин тегерегинде экени айтылган.

Жаңы конуштун тургуну Асылкан Жаңыбаева өкмөттүн майып бала баккандарды каттоосу ата-энелерге көптөгөн түйшүк жаратып жатканын айтты:

- Бул маянаны алууда биз туш болгон башкы маселе социалдык коргоо бөлүмдөрүнөн ансыз да «кароого жана багууга муктаж» деген маалымдамага «"АР ДАЙЫМ кароого жана багууга муктаж" деп жаздырып келгиле» деп майыптыкты аныктоочу мамлекеттик комиссияга кайра жибергени болду. Ал жакта Балыкчы, Баткен, айтор Кыргызстандын бардык аймактарынан ата-энелер ушул «ар дайым» деген сөздү жаздырыш үчүн келишип, кезек күтүп турушуптур. Эмнеге ансыз да майып баланы көрүп туруп, бир сөз үчүн ары-бери жумшаганына таң калдык. «Маяна чегерилди, бюджеттен акча которулду» деп жатышат. Бирок азырынча ала элекпиз, - деди Жаңыбаева.

Дагы караңыз Мектеп менен майып кыздын чыры

​Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева да камкордукка муктаж балдар мамлекеттик комиссиянын «ар дайым кароого муктаж» деген корутундусун алышы зарыл экенин белгиледи. Мекеменин адиси ал шарт жеке ассистентке муктаж болгон майып балдарды так аныкташ үчүн киргизилгенин айтууда.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева мүмкүнчүлүгү чектелген балага берилген пенсия аны караган «жеке ассистент» деп аталган багуучуга төлөнүп бериле турган айлыкка эч кандай таасир этпей турганын билдирди.

Эгер майыптыкты аныктоочу мамлекеттик комиссия «бала ар дайым багууга жана кароого муктаж» деген корутунду чыгарып берсе, аны караган адамга же үй-бүлө мүчөсүнө бул айлык эч кандай тоскоолдуксуз төлөнүүгө тийиш.

- «Жеке ассистент» деген ким? Бул ата-энелер, баланын мыйзамдуу өкүлү, башкача айтканда камкорчу, асыроочу, жакын туугандары. Жакын туугандары ким болот? Чоң атасы, чоң энеси, таенеси, таятасы, эже-байкелери, - деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

Майып баланы караган камкорчуга төлөнүүчү айлык ал үй-бүлөнүн материалдык абалына, ата-энесинин башка жумуштан алган маянасы бар экенине карабай берилет. Эгер ата-эне иштесе, анда алар жакын туугандарынын бири менен келишим түзүп, жеке ассистент катары жалдаса болот.

Өкмөт бул каражатты майып бала 18 жашка чыкканга чейин төлөп берет. Министрлик экинчи этапта он сегизден өткөн майыптарды карагандарга камкордук көрүү механизмдерин караштырып жатканын билдирди.

Жаңыл Алыбаева майып баланы караган жакыны ошол эмгеги үчүн пенсияга да чыгууга укуктуу экенин, бул түйшүктү Социалдык өнүгүү министрлиги толугу менен өз мойнуна алганын кошумчалады:

- Жеке ассистент кызматын аткарыш үчүн Мамлекеттик салык инспекциясынан патент алыш керек. Анан камсыздандыруу боюнча полиси төлөнөт. Бул механизм эмне үчүн киргизилди? Анткени бул майып баланы караган ата-эненин келечектеги пенсиясы. «Майып баланы карайм» деп же атасы иштебей, же энеси иштебей, келечекте пенсия алганга укугу жок болуп калат. Ушул укукту камсыз кылыш үчүн биз патент системасын киргиздик. Биздин министрлик ошол патентин жана камсыздандыруу полисин төлөйт.

Ал жеке ассистентке ай сайын төлөнө турган акчанын өлчөмү 4900 сомго барабар болорун, бул сумма жыл сайын көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы убакта өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миңдей бала бар. Анын ичинен 6 миң бала «ар дайым багууга жана кароого муктаж» деген корутунду менен каттоодо турат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда майып балдардын жеке кароочусу катары катталган кишилердин саны 3 миңге чукулдап, аларга төлөнө турган айлык акы февраль айында 14 миллион сомду түздү.

Жалпысынан бул социалдык долбоор үчүн алдын ала эсептөөгө ылайык, республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 миллион сом бөлүнөрү айтылган.

Деген менен «Калктын аяр катмарын коргоо жана өнүктүрүү» фондунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова азыр аймактарда майып балдарга комиссия «бала ар дайым багууга жана кароого муктаж» деген корутунду чыгарууда көптөгөн кыйынчылыктар жаралып жатканын айтып, мындай сунуш киргизди:

- Кыргызстанда 30 миң бала мүмкүнчүлүгү чектелген деп катталса, алардын ичинен 6 миң гана ата-эненин эмгеги таанылууга укуктуу экени айтылган. Чындыгында бул так аныктала элек. Муну аныктап, тактоо механизмдери да жолго коюла элек. Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги атайын статистика жүргүзүү тартибин, аларды тактап, талдоонун механизмдерин жолго коюш керек. Ата-энени эмгекке алууга жалпы критерийлери жалпы жонунан жазылып жатат. Балага карата да анын кароого муктаждыгын таануунун жолдорун тактоо зарыл.

Дагы караңыз Майыптардын укуктары жетиштүү корголо элек

Эшмуратова майып балдардын арасында медициналык кароодон өтүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор, «бала ар дайым багууга жана кароого муктаж» деген корутунду албай калгандар да көп деген ойдо.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кыдыралиева ушу тапта республиканын аймактарында жалпы жонунан отузга жакын медициналык-социалдык экспертизалык комиссия иштеп жатканын, кароого муктаж деп эсептелген балдардын саны 6 миң менен чектелбей турганын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.