Асылбаеванын комитет жыйынында Кыргызстанда 9 миң сомдон аз айлык алгандар бар экенине айран таң калганы талкуу гана жаратпастан, бул окуя бийлик менен карапайым калктын ортосундагы социалдык ажырымдын чоңоюп баратканы тууралуу сөздөргө "жем" таштады.
Гүлшат Асылбаеванын 9 миң сомдон аз айлык алып иштегендерге таң калышы соцтармакка толук тарала электе “Азаттык” көчөгө чыгып, айрым жарандардын маяналарына, депутаттын айлык тууралуу айткандары боюнча пикирине кызыкты.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева парламентке бизнестен келген.
2006-2014-жылдары “Кыргыз коньягы” ишканасын башкарган. Биз аны менен байланышып, маяна тууралуу айткандары боюнча комментарий алалган жокпуз.
Фракциялашы Тазабек Икрамов анын сөздөрү бурмаланган деп билдирди. Депутаттар ыйгарым укугунун чегинде элге кам көрүп жатат деп ишендирди:
- Гүлшат Кадыровна башка сунуш айтам деген. Анын айрым сөздөрүн алып туруп интернетке чыгарып жибергени туура эмес. Ал "эмне үчүн мамлекет айлыктарды көтөрбөйт, ушундай айлыкка жашаган адамдардын жашоо деңгээлин жакшыртпайт" деп айткандарынын аягын жазбай чыгарып жибергени туура эмес. Эл менен депутаттардын арасындагы ажырымды өзүбүз кылып жатпайбызбы. Депутаттар деле элдин көйгөйүн чечейин деп эле жүрөт. Мыйзамдарды кабыл алып, бюджетти бөлүп берип жатабыз. Ошону элге туура кылып бергиле деп жатабыз. Ушундай социалдык маселелерди чечкиле деп өкмөткө какшап эле келатабыз. Анан ушинтип депутаттарды жамандап, элден башкача кылып көрсөткөн болбойт да.
Социолог Самар Сыргабаевдин пикиринде, бул окуя Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын абал-жагдайынан кабар берет. Ал депутаттар тууралуу айтылган дооматтар негиздүү деп эсептейт:
- Парламенттин бул чакырылыштагы депутаттардын басымдуу бөлүгү бизнес чөйрөсүнөн келген, кирешеси, байлыгы көп адамдар түзөт. Ошондуктан депутат айымдын айтканы карапайым калк арасында кызуу талкуу жаратып жатканы бекеринен эмес. Бул депутаттардын шайлоочуларынан, өз электоратынан алыс турганы, ажырымынан кабар берип турат. Мен ушул окуядан кийин Кыргызстандагы айлыктын көлөмү тууралуу маалыматты карап көрдүм. Ал жерде 9 миң сом орточо айлыктан жогорку сумма болуп эсептелет. Депутат айымдын айткандары анын экономикалык абалды билбей турганынан кабар берет, депутат катары кесиптик деңгээли дагы күмөн жаратат.
Буга чейин дагы айрым депутаттардын айткандары талаш-талкууга жем таштаган эле. Мисалы, Социал-демократтар фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков милиция кызматкерлери депутаттарды тааныбай жатканына капаланган.
Анын фракциялашы Кожобек Рыспаев болсо жакында эле Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда өкмөт мүчөлөрү жеңил унаа менен жүрүп, депутаттарды “кемсинтип”, автобус менен ташыды деп нааразылыгын билдирген.
Кыргызстанда Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, орточо айлыктын көлөмү 13 миң сомго жакын деп эсептелген.