Бишкектин четинде Ак-Жар аттуу конуштун тургундары Бишкек – Торугарт автожолун бууп салышты. Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл дубандарына жана Кытайга баруучу жолду тороо менен алар алты жылдан бери свет жана ичүүчү суу жок айылга президенттик шайлоо алдында бийликтин көңүлүн буруп жатышат.
- Тирүүлөй тозокту көргүң келсе Ак-Жарга кел. 1 800 түтүн жашайт. Алты жылдан бери свет да, суу да жок. Балдар мектепке барышпайт, бала бакча жөнүндө ойлонбой да калдык. Бизге мектеп менен башкасы болбосо да, свет менен суу болсо...
Дөңгөлөктөрдү өрттөп жолдун эки жагын торогон акжарлыктар өкмөт башчы же президенттин аларга келишин талап кылышты. Нааразылык акциясына алар балдарын жана неберелерин жетелей келишкен экен.
- Балдарыбыз үйлөнө албай калышты, кыздар акжарлыктар “жапайы” деп, балдар менен сүйлөшүшпөйт. Биз деле балдарыбыз, неберелерибиз караңгы болбосо экен дейбиз. Мультфильм, кино дегенди билбей калдык.
- Биз канчалык түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйлү жергиликтүү тургундар өз ойлорунан кайтпайт. Азыр облус жетекчилери, акимчиликтин өкүлдөрү өкмөткө кетишти. Эми бул жерди өкмөттүк комиссия эле жеринен текшерүү жүргүзүп чечпесе, башка арга калбай калды окшойт.
Бүгүнкү окуя Ак-Жар конушунун жашоочулары өткөрүп жаткан биринчи нааразылык акциясы эмес. Буга чейин да алар жолго чыгып, “свет жана суу киргизилет” деген убада алган соң тарашкан.