Жол кыймылы менен коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн эки кызматты бириктирген бул түзүмдүн иши мурдагыдан эч кандай айырмаланбай, анын натыйжасы көрүнбөй жатканы боюнча маселе көтөрүлдү. Ички иштер министрлиги мунун себебин кызматтын жаңыдан гана түзүлгөнү жана анын материалдык-техникалык абалынын начардыгы менен түшүндүрдү.
Жол кырсыктарынын арифметикасы
Кыргызстан КМШ боюнча жол кырсыктары эң көп катталган алдыңкы беш өлкөнүн катарында турат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, соңку беш жылдан бери Кыргызстанда жылына үч миңдин айланасында жол кырсыгы катталып, андан кеминде жыл сайын беш минден ашуун адам жаракат алган. Жыл сайын орточо миңге жакын адам авариядан көз жумган.
2016-жылдын тогуз айында катталган үч жарым минден ашуун жол кырсыгынан 567 адам каза таап, 5600 адам жараат алды. Жол кырсыгынын курмандыктарынын 91ин балдар түзгөн. Ошондой эле миңге чукул наристе жаракат алган.
Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев патрулдук милиция түзүлгөн менен абал өзгөрүүсүз калганын айтып чыкты:
- Башканы коюп эле кошуна турган Тажикстанда айталы. Ал жакта “Коопсуз шаар” долбоору ийгиликтүү ишке ашты. Ошого байланыштуу жол кырсыктарынын саны реалдуу түрдө азайыптыр. Бизде болсо жаңыдан түзүлгөн патрулдук милицияны керек болсо спорт клубунун балдары да тоготпостон күбөлүк менен башка чаап жатышат. Урматтуу министр мырза, сиз буга көңүл бурушуңуз керек. Прокуратура, УКМК сыяктуу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери мыйзамды бузса, аларды коё беришет. Ким жол эрежесин бузса, депутат экенине карабастан айып пул салып, жазасын бериш керек. Башка өлкөлөрдө министрлер бир рюмка вино ичип, рулга отуруп, колго түшсө кызматынан кетип жатышат. Бизде ошондой болушу мүмкүнбү? Тилекке каршы, андай азыр мүмкүн эмес. Бизде мамлекет колунан келишинче аларды пара албасын деп айлыгын көтөрүп, үй берип жатса, ошого жараша жыйынтык болбой жатпайбы.
Адистердин ырасташынча, жол кырсыктарына көбүнчө айдоочулардын жогорку ылдамдыкта же мас абалында жүрүшү, алардын кесиптик даярдыгынын төмөндүгү жана унаалардын көбөйгөнү себеп болууда. Соңку беш жылда жол кырсыктарынын саны үч эсе өскөн.
Көзөмөл бар, өзгөрүү жок
Быйыл жазында жол кыймылын көзөмөлдөө тармагын реформалоо максатында ага Жол кайгуул кызматы кошулуп, патрулдук милиция башкармалыгы түзүлгөн болчу. Бирок анын иштөө жобосу ушул кезге чейин иретке келтирилбей жатканы боюнча айдоочулар арасында даттануулар көбөйдү. Бишкектеги айдоочулардын бири жол коопсуздугун көзөмөлдөөдө эч кандай өзгөрүү болбогонун айтты:
- Жолдо азыр баягыдай эле. Патрулдук милиция жолдо жашынып алып турбайт деген. Азыр болсо жашынып алып, тосуп, акча жыйнап жатышпайбы. Анан каяктагы өзгөрүү? Мурдагы эле таз кейпине келип алды. Жол кыймылында эч кандай тартип болгон жери жок. Жолдор иретке келип, тыгындар азайып, жол эрежесин бузган чаар баш айдоочулар ооздукталды деп айта албайбыз. Мурдагы МАИнин патруль деген эле жазуусу өзгөрдү.
Башка бир айдоочу жол коопсуздугун сактап, тартипти жөнгө салууда мурдагыга караганда бир кыйла жылыштар бар экенин белгиледи. Бирок ал мында жол кыймылын көзөмөлдөө тармагы толук өзгөртүлүп, адам фактору таасир этпеген шарттар камсыздалмайынча жолдордо абал өзгөрүшү кыйын деп эсептейт:
- Өзгөрүү болгон жок деп айтуу кыйын. Бир аз өзгөрүүлөр бар. Азыр патрулдук милиция айрыкча түнкүсүн жолдорду кыдырып жүргөнү абалды бир топ тартипке салып койду. Бирок жаман жери жол эрежесин бузгандар жеринен эле пара берип, бошоп кетип жатышат. Мына ошондуктан видео байкоо жабдууларын коюп, техникалык жабдуулар ишке кирип, ошого жараша жаза чаралары күчөтүлсө, жолдордогу абал бир топ жакшырат беле деген ой бар.
Кашайткан каражаттын жетишсиздиги
Ошол эле кезде Ички иштер министрлиги жол кыймылы менен коомдук тартипти биргеликте көзөмөлдөө үчүн эки кызматты кошкон тажрыйбаны киргизүүнүн өзүн чоң жетишкендик катары кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов учурда патрулдук милициянын ишиндеги айрым кемчиликтерди анын жаңыдан гана калыптанып жатканы менен байланыштырды:
- Өкмөт патрулдук милиция түзүлүп жатканда каражат бөлгөн жок. Ички иштер министрлиги өзүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнүн эсебинен техникалык жабдууларды алып, автоунааларды сатып алды. Жаңыдан түзүлгөн кызматты жабдууга чоң каражат кетет экен. Ошондуктан азыр бул тармакта кемчиликтер аз эмес. Ошол эле материалдык-техникалык абалдын начардыгы. Патрулдук милициянын өздүк курамы жолдорду көзөмөлгө алууга толук жетишпейт. Ага да каражат керектелет. Жол кырсыктарынын санынын өсүп жатышы көбүнчө айдоочулардын маданиятынын жоктугунан жана тартипке моюн сунбагандыктан болуп жатат.
Ошол эле кезде Ички иштер министрлиги жол коопсуздугун көзөмөлдөө тармагы реформалоонун биринчи гана этабында экенин айтып, алдыда бул кызматты эл аралык тажрыйбага ылайык, толугу менен өзгөртүү боюнча жоболор даярдалып жатканын айтууда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.