«Айылдыктар» жана «шаардыктар» ажырымы

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук көркөм сүрөт музейинде уюштурулган көргөзмө коомдогу ажырымдарга жол ачып, маданияттагы жана идеологиядагы өксүктөрдү козгоду.

«Айылдык» жана «шаардык» болуп бөлүнүүгө эмне себеп болду? Улуттук жана чет элдик баалуулуктарды айкалыштыруу менен сабырдуу жарандык коомду калыптандыруунун кандай жолдору бар?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияз, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Койчиев жана журналист Аскер Сакыбаева катышты.

«Азаттык»: - Бишкектеги Улуттук көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмөнүн төркүнү социалдык тармактарда кызуу талаш-тартыштарды туудуруп, коомдук ажырымды жаратты. Анын негизги себептерин сиздер эмнеден көрөсүздөр? Же саясий максатты көздөгөн башка күчтөрдүн аракетинин акыбети болуп калдыбы?

Садык Шернияз.

Садык Шернияз: - Акыркы кездеги бир топ салмактуу окуялардын фонунан караганда көргөзмөдөн чыккан талкуу коомдун көңүлүн алаксытуу деп да атасак болот. Ошол эле учурда аталган көргөзмөнүн уюштуруу деңгээлинин жетиштүү эместигинен кабар берип турат, көп ката кеткенинен улам көйгөйлөр чыкты.

Арслан Койчиев: - «Шаардык» жана «айылдык» деп бөлүнүү ар кайсы коомдордо, мамлекеттерде боло келген көрүнүш. Бул жерде бир маселе – кыргыздын түшүнүгүндө «айыл» деген түшүнүк өзгөчө аёо сезими менен айтылат. Ал биздин улуттук мүнөздү, улуттук рухту аныктап турган феномен катары кабылданып келатат. Урбандашуу, башкача айтканда шаардашуу процесси да улутту, мамлекетти калыптандыруу менен тең санала турган көрүнүш. Ал кыргыздар үчүн өтө татаал жана азаптуу уланып келаткан процесс.

Аскер Сакыбаева: - Биздин коомдо талаш-тартыштуу маселелердин чыгып кетишине көргөзмө уюштуруучулардын биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү эске албаганы, же болбосо алардын жеке мүдөөлөрү себеп болуп калды десек болот. Эгер алар ушундайды көздөсө, анда максаттарына жетти.

«Азаттык»: - Дүйнө тажрыйбасында «шаардык» жана «айылдык» деген аталыштар тыгыз, эриш-аркак жашап келаткан түшүнүктөр. Кыргызстанда эмне үчүн «киргиз, кыргыз» дешип бири-бирине сиркеси суу көтөрбөгөн, кээ учурда теңсинбеген мамиле кылышат деп айтылат. Анын себеби кайда, билим берүүнүн деңгээлиндеби, тарбиянын тайкылыгындабы?

Садык Шернияз: - Ар бир коомдун өсүш жолунда ар кандай социалдык катмарлар болот, бизде да ошол көрүнүш болууда. Биздин шаарлардын тарыхы Рим шаарындай узак эмес. Көп болсо 100 жыл мурда эле азыркы кыргыздын баары эле тоодон түшкөнбүз. Ошондуктан мындай кыска убакытка карабай шаардык болуу процессин ылдамдатам дегендер жаңылышат. Анткени бүгүнкүдөй тарыхый жолдорду басып өтүшүбүз керек. Аны убакыт, тарыхтын өлчөмү, социалдык багыттар менен ченөөгө али көп убакыт бар. Бул процессти тездетпешибиз керек, биздин коомдун көп маселелерди кабыл албай жатышы да ошондон.

Арслан Койчиев.

Арслан Койчиев: - Ооба, кыргыздардын жалпы эле отурукташып жашай баштаганына көп болсо 100 эле жыл болду. Мисалы, менин чоң атам көчмөн эле адам болгон. Ал эми мен отурукташкан үчүнчү муун кыргызмын. Кыргызстанда отурукташуу саясаты 1950-жылдарга чейин жүрдү. Шаардык менен айылдык кыргыздын консенсусу деген маселе кыргыздын ойчулдарын да ойлондуруп келген.

Убагында улуу жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков шаардык жана айылдык кыргыздардын ортосунда ажырым күчөп жатканына кейип, жогорку бийликке жазган каттары бар. Кыргыздардын шаарлашуу процесси жай жүрүп жатканына кейип маселе көтөргөн. Мисалы, «Фрунзе шаарында кичирайондор көп курулууда, бирок аларга келип жашап жаткан кыргыздардын саны аз болуп жатат» деп жазган.

1989-жылкы эл каттоонун жыйынтыгына таянсак ал учурдагы Фрунзе шаарынын 55% калкын ал жерде төрөлбөгөндөр ээлеген, б.а. башка жактан келген шаардыктар болгон. Союз тараганда ошолордун баары кетип калышты, алардын орду бош калды. Бизде шаардык болуунун критерийи орустардын таасири менен ченелип калды. Аны айылдыктар, алардын ичинде мен аны кабыл ала албайм.

Аскер Сакыбаева.

Аскер Сакыбаева: - Акыркы эки-үч күндүн ичиндеги талкуу-талаштарда шаардык, айылдыктар эле эмес, аял-эркек деп бөлүнүп алып айтышып жатышат. Роза Отунбаеванын тегерегинде эмне деген гана сөздөрдү айтышпады? Ал кишинин ушул убакка чейинки өлкөгө жасаган эмгектеринин баарын жокко чыгарып, экс-президент деген статусунан ажыратып, керек болсо Кыргызстандан чыгарып салууну көздөгөндөр көп. Тим эле «жерден алып, көргө, көрдөн алып жерге» чапкандар болууда.

Ушулардын баарын көрүп отуруп, ойлоп жатам - бизде барктай турган баалуулуктар, сыйлай турган адамдар калдыбы? Ишенип таяна тургандар калган жокпу?

Роза Отурбаеванын сөзүн мен да уктум, көрдүм. Эженин сөзүнөн мен айылдык катары айтсам таарынып же кемсинип калган жокмун. Эженин сөзүн жалпы кабыл алдым, алдыга умтулсак, маданиятыбызды көтөрсөк деген тилек катары кабыл алдым. Жалпы деңгээлибизди көтөрбөсөк баары аралашып кетти деп кейип жатпайбы. Акыркы 30 жылда ички, сырткы да миграция күч болууда. Өзгөчө айылдан шаарларга келгендер көп болду. Ошол айылдыктар «Бишкек чоң айыл болуп калды» деп өзүбүз айтып жүрөбүз го…

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​