Бишкекте ысык суу эмнеге токтотулду?

Бишкекте жыл сайын бир айга ысык суу токтотулат

Бишкекте 10-майдан тарта ысык суу бир айга токтоду. Ысык сууну минтип токтотпой коюга болбойбу?
Бул суроолорго Бишкек жылуулук электр борборунун башчысы Мирбек Батаканов жооп берди.

“Азаттык”:
Ысык сууну бир айга эмнеге токтосуздар, эмнени оңдойсуздар?

Мирбек Батаканов: Шаардыктарга белгилүү, биз жыл сайын мэриянын буйругу менен бир айга суу берүүну токтотобуз. Бул кышка даярдыктын негизги жумуштарынан болот. Эмне үчүн токтотосуздар, антпей койсо болот беле деген өңдүү суроолор көп түшөт.

Биздин шаардын бир өзгөчөлүгү бар: бизде ысык суунун бир эле булагы бар. Чоң булактан бирөө эле. Ал 45 жылдан бер иштеп атат. Аны жайында ушинтип токтотуп оңдобосок, кышка даярдыксыз калабыз. Бир ай ичинде ремонт, оңдоо, тазалоо иштерине жыйырма миллионго жакын акча коротобуз. Бир айдан кийин шаардыктарга кайра жылуу суу берип калабыз.

“Азаттык”: Бишкекте суу дайыма ысык аптап келгенде өчүрүлөт. Ушул ремонт иштерин эрте жазда же күздө өткөрсө болобу?

Мирбек Батаканов: Бул эми принципиалдуу нерсе эмес деп ойлойм. Жазда, күздө деле өткөрсө болот. Баары бир 1 айга токтотушубуз керек. Бишкекте беш ай кыш болот. Ошого даярданышыбыз керек. Өткөн кышта байкасаңыз, бир да авария болгон жок.

“Азаттык”: Эмне үчүн башка өлкөлөрдүн борбор шаарларында ысык суу токтобойт, айталы Европада?

Мирбек Батаканов: Эми Европа деген Европа да. Ал жакта системалар такыр башка. Бирок коңшу мамлекеттерде Ташкент, Алматы, Москва, Санкт-Петербург шаарларында май айында токтотулат. Бул бекем факт.

Европада ысык суу жасаган системалар өзүнчө, булактары көп келет. Ал эми Москвада жүзгө жакын булак бар. Ошол себептүү алар эки жумага гана токтотушат. Бизде бир гана ТЭЦ бар. Аны оңдош керек да.

“Азаттык”: Демек бизде жакынкы келечекте ысык сууну токтотуу токтобойт экен да?

Мирбек Батаканов: Чечиш оңой эле. Бирок көп акча керек. Мисалы, биздин шаардыктар бизге 200 миллион сом акча карыз. Төлөшпөйт. Сууну отуз пайызын уурдашат.

“Азаттык”: Жок дегенде сууну токтоонун мөөнөтүн азайтса болобу? Күнү-түнү эки нөөмөттө иштеп эки аптада бир бүтүрүп салса болбойбу?

Мирбек Батаканов: Эки жумада деле бүтүрсө болот. Бирок акча көбүрөөк кетет. Акчабыз тартыш...