Кыргыз армиясы: сабалган, качкан жоокерлер...

8-декабрда Бишкектеги бир аскер бөлүктөн качкан жоокерлердин тобу бир күндөн кийин кайтып келишти.

Өткөн жумада Бишкектеги аскер бөлүгүнөн качып кеткен 15 жоокердин окуясы коомчулукта чоң талкуу жаратууда. “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул маселеге арналды.
Талкууга укук коргоочу Азиза Абдурасулова, коргоо министрлигинин коомдук көзөмөл кеңешинин төрагасынын орун басары Уулкан Байгубатова жана коргоо министрлигинин тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Эламанов катышты.

"Азаттык": Өткөн жумада Бишкектеги аскер бөлүгүнөн качып кеткен 15 жоокер кайтып келишти. Жарым жылдан ашуун кызмат өтөгөн жоокерлердин аскер бөлүгүн таштап, качып кетүүсүнө эмне себеп?

Элеманов: Булардын качканынын себеби - азыркы убакта коргоо министрлигинде жаш жоокерлерге зомбулук көрсөтүүгө каршы өтө чоң иш-чаралар көрүлүп жатат. Анда армиядагы жаш жоокерлерге кордук көрсөткөн жоокерлер, командирлер, офицерлер чоң жоопкерчиликке тартылышат. Ошол 7-декабрь күнү 15 жоокер качып кеткен аскер бөлүгүндө ошондой фактылар бар экени аныкталгандан кийин жоопкерчиликтен корккон аскерлер бөлүктү таштап, качып кетишкен. Алардын жакында эле келген жоокерлерди уруп-сабап, күн сайын акча, тамеки, талап кылганы белгилүү болгон эле. Ошол он беш баланын баарын айта албайбыз, алардын арасында чоң муштум беш-алтоо бар, ошолор жаш жоокерлерди сабап, акча, тамеки, телефонуна бирдик жүктөөсүн талап кылып, кордук көрсөтүп жүрүшкөн.

"Азаттык": Демек, сиздин сөзүңүздөн улам биздин кыргыз армиясында деле мурдагы чакырыктагы жоокерлердин жаңы келген жоокерлерди уруп-сабап, “эске келтирип, тарбиялоо” аракеттери же элдин ичинде айтылып жүргөндөй “дедовщина” бар экенин мойнуңузга аласыз?

Элеманов: Биз аны жашырбайбыз, албетте ошондой жаман көрүнүштөр бар. Биз азыр министрдин чечими менен жаңы жылга чейин бир чакырыктагы жоокерлерди өзүнчө коюп, эксперимент жасап көрөлү деп атабыз.

Абдурасулова: Тилекке каршы жаш жоокерлердиби, же катардагы бардык эле жоокерлерди уруп-сабамай, кордук көрсөтмөй көрүнүштөр ошол эле бөлүктөгү аскер кызматкерлеринен, офицерлерден да кетип жатат. Биздин уюмдун кызматкерлери ошол качып кеткен он беш жоокер менен, алардын ата-энелери менен жолугуштук. Жоокерлердин он бирин чечинтип карап чыктык, калган төртөөнү кароого жетиштирбей, алып чыгып кетишти.

Биз денелерин карап чыккан бардык жоокерлердин денелери көк-ала так, ооздорунун уурттары жарылган. Жоокерлердин айтуусунда, аларды оозуна аба толтуртуп туруп, анан эки жактан чабат экен. Минтип чапканда сыртынан билинбегени менен алардын ички уурттары, кулактарынын тарсылдактары залака көрөт тура. Алар бизге ким ошентип урганын бүт жазып беришти, алардын ичинде сержанттар, офицерлер да бар. Буларды кез-кези менен системалуу түрдө уруп турушат окшойт, анткени жаңы тактар менен кошо эле эски, карттанып калган жаракаттары да көрүнүп турду.


"Азаттык": Эрнис мырза, армиядагы зомбулукту токтотуу кандай жолдор менен ишке ашырылат? Менин байкашымча, мурдагы чакырыктагы жоокерлер жаш жоокерлерди урган болсо, аларды тарбияга чакырган офицерлер да ошол эле ыкманы колдонуп аткан окшойт?.. Анткени өткөн жумада бөлүктөн качкан аскерлер дал ошол мурунку чакырыктагы жоокерлер болуп атпайбы..

Элеманов: Аскерге балдар башка жактан келбейт, биздин коомдон чыккан эле балдар. Коомдо кандай процесстер болсо, ошонун баары армиянын ичинде да болуп атат. Бай-кедей, жаш-кары болуп бөлүнүшөт. Быйылкы жылы он төрт аскер бөлүктүн командирлери кызматтан алынды, бул ошондой системаны жоготуу максатында жасалып отурат, азыр аскер прокуратурасында да армиядагы зордук-зомбулук фактылар бар, ошолорду изилдеп-иликтеп ордуна келтирүү аракеттери жүрүп жатат. Өткөн жумада жоокерлер качып кеткен аскер бөлүк министрдин буйругу менен жоюлду.