Ош: Мирзахид менен Жаркынайдын “ынтымак каттамы”

Кыргыз-өзбек жубайлар: Мирзахид менен Жаркынай иш учурунда, Ош, 10-декабрь.

Ошто кыргыз-өзбек өкүлдөрүнөн куралган бул үй-бүлө кичи автобусу менен эл ташып, эки элдин тең алкышын алууда.
Жайдагы этникалык кагылышуулардан кийин Ошто кечкисин көчөдө жүргөндөр азайган. Тургундардын көпчүлүгү күүгүм кире электе ишин бүтүрүп үйлөрүнө шашат. Анткени кечке калбай эле эл ташыган каттамдарды айдаган өзбек айдоочулар кыргыздар жашаган аймактарга баруудан, кыргыз айдоочулары өзбек конуштарына каттодон чочулашат. Бирок биздин каармандар түнкү бир маалга чейин өз милдетин толук аткарып, жүргүнчүлөрдү үйлөрүнө жеткизип турат.

Алкышка татыган жубайлар

Жаркынай күйөөсү Мирзахидге унааны оңдогон учурда да жардамдашат.
Саат кечки жетиден кийин эле Оштун көчөлөрүндө шаардык каттамдар бирден-экиден гана калат. Эл арасында дагы деле бири-биринен кооптонуу сезими болгондуктан, көпчүлүк айдоочулар кеч кирээри менен ишин токтотот. Ал эми бул каттам түнкү бир маалга чейин эл ташууну уланта берет. Анын айдоочусу Мирзахид Курбанов өзбек улутунан болсо, ага жардамдашып жүргүнчүлөрдөн акча жыйнап жүргөн аялы Жаркынай Мырзалиева кыргыз кызы. Алар кечкисин шаардын өзбек конуштарына да, кыргыздар жашаган аймактарга да кенен каттай берет.

Бул жубайлардын саат 8-9га чейин иштегенин билишкен жүргүнчүлөр да кечкисин үйлөрүнө жетип алаарынан кооптонушпайт. Жаркынай Мырзалиева аларга көпчүлүк жүргүнчүлөр ыраазы экенин айтат:

- Көпчүлүгү рахмат айтат. Мына аэропорт жакта жашагандар көпчүлүгү базарда иштешет да. Кечирээк кайтышат. Башка каттамдагылар өзбеги да, кыргызы да кечкисин каттабай калат. Биз кечке чейин иштей беребиз. Бизди көргөн эл да беймарал иштерин бүтүрүп иштей беришет. Биз дагы кооптонбой иштей бергиле, биз саат сегизге чейин, же тогузга чейин каттайбыз де коёбуз. Кеч калганда кээде жүргүнчүлөрдү үйлөрүнө чейин жеткирип турабыз.



Кооптуу күндөр артта калды

Мирзахид менен Жаркынай жайдагы коогалаңдан кийинки алгачкы күндөрү эле жумушка чыккан. Ал учурда аэропорттон шаардын Курманжан-Датка кичирайонуна каттаган каттамдар аз болгондуктан, булардын жумушу чындап элге керек болчу. Андан да ал күндөрү кыргыздар өзбек конуштарына, өзбек айдоочулар кыргыздар жашаган аймактарга дээрлик каттабай калган эле. Кечкисин болсо таптакыр эле эл ташыган унаалар токтоп калчу. Ага карабай так ошол кооптуу күндөрү бул үй-бүлө тынбай эл ташып турду.
Жаркынай күйөөсү Мирзахидге унааны оңдогон учурда да жардамдашат.

Мирзахид ошол кооптуу учурга карабай ишин улантканын мындайча эскерет:

- Эми бул биздин тиричилигибиз. Биз айлыкка жашайбыз. Ошол коогалаң күндөрү деле коркпой иштеп жүрдүк. Башкалар өзбеги да, кыргызы да эч ким чыкпай калган эле. Кечкисин болсо таптакыр эч ким жок болчу. Эл чындап бири-биринен шектенип турган эле да анда. Мени деле айтышты, “Койгун, иштебей эле койгун, бирөө жарым бир нерсе кылып койбосун” дешти. Бирок болуптур деп коюп иштеп жаттык.

Улут бөлгөндөр убайга салганда...

Бирок Жаркынай менен Мирзахид бир үй-бүлө экенине карабай, айрым жүргүнчүлөр тарабынан коркутуулар да болбой койгон жок. Жаркынай андай түшүнбөстүктөр эми гана токтоп баратканын айтат:

- Эки улут урушуп кеткенден кийин ишке чыгыш чынында бизге деле абдан кыйын болду. Корктук. Күйөөмдү көрүп кыргыздар асылып жатты, мени көрүп өзбектер ар нерсе деп атты... Эмне дейт эле кыргыздар чыкса, урушту өзбектер баштады деп күнөөлөшөт, өзбектер чыкса тополоңду кыргыздар баштады деп күнөөлөшөт. Ошентишип түшүнбөстүктөн бизге дагы көп сүйлөп жатышты. Кийинчерээк түшүнүп мамиле кылып калышты...



Деген менен алардын улутуна карап мамиле кылгандар азыр деле кезигип калат. Ал эмес кээде жол коопсуздугу кызматкерлери да буларга себепсиз айып салган учурлары бар. Бирок кыргызы менен аялы, өзбеги менен күйөөсү сүйлөшүп кырдаалдан чыгууга аракет кылышат.
Мирзахид Курбанов

Мирзахид ушундай учурдун бирин кеп салып берди:

- Кечээ эле аэропортко элдерди таштап, Курманжан-Датка кичирайонуна кетип баратсам, жолдон бир МАИ кармап алды. “Сен эмне кылып жатасың, саат тогузга чейин, иш алтыда эле бүтөт го”,- дейт. Экөөбүз кыйла ары-бери болуп тартыштык. Документтеримди кайра-кайра карайт. Анысы шылтоо эле болуп жатты да. Кыязы өзүнүн напсисине сурады окшойт. Анан кийин аялым түшүп, “Бу эмне кылганыңар, эл кечке чейин жүргүлө деп суранып атса, анан биз жүрсөк, силер кайра бизди кыйнасаңар” деп атып чыгып кеттик.

Аңгыча май куюучу жерге келип да, бул үй-бүлө ал жердегилердин таң калуусуна кабылды.



Көп жылдан бери чогуу иштеген Мирзахид менен Жаркынайдын баш кошконуна быйыл 16 жылдын жүзү болду. Учурда алардын бир кыз, бир уулу бар. Күнүнө тапкан 500 сом каражаты күнүмдүк тиричилигине араң жетет.
Мирзахид менен Жаркынайдын унаасындагы жүргүнчүлөр.

Жакында эле алдында турган автоунаасын жарым-жартылай карызга алышты. Эмне болсо да өзүңдүкү болсо жакшы да деп, эл ташууну улантууда.

Башкысы алар эки элдин ынтымагын чыңдоого салым кошуп келатабыз деп сыймыктанышат. Кечкисин калган жүргүнчүлөр да күнүгө бул үй-бүлөгө ыраазы болуп түшүп кетишет. Жүргүнчүлөр арасында бул каттамды “ынтымак каттамы” деп атагандар да жок эмес.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мирзахид менен Жаркынайдын “ынтымак каттамы"