Бейөкмөт уюмдун тизгини талашка түштү

Шайлоо участкасы.

Кыргызстанда шайлоо жараяндарына байкоо жүргүзгөн ири коомдук уюмдун жетекчилик орду талашка түштү.

Жыйырма жылга чукул тарыхы бар "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" бир топ мүчөлөрү уюмду убактылуу башкарууга дайындалган жетекчи жаңыдан шайланган президентке жана директорлор кеңешине орун бошотпой жатканына даттанса, экинчи тарап жаңы шайланган жетекчиликти тааныбай турганын жана кеңсеге ээлик кылууга экинчи ирет баскынчылык аракети кайталанып жатканын жар салды.

Талдоочулар муну парламенттик шайлоонун астында коомдук уюмга көзөмөл жүргүзүү жана анын ресурстарына ээлик кылуу үчүн жасалган кызыкчылык топторунун кагылышы катары сыпатташты.

"Жарга такалган" жаңы жетекчилик

"Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" мурдагы жана кийинки бир топ мүчөлөрүнөн куралган демилгелүү топ уюмду убактылуу жетектеп келген Эрик Ирискулбеков жаңыдан шайланган жетекчиликке кеңсени бошотуп бербей жатканы боюнча маселе көтөрдү.

Быйыл 22-июнда өткөн уюмдун жалпы чогулушунда президент болуп шайланганын айткан Бакыт Рысбеков буга чейинки жетекчи Эрик Ирискулбеков мөөрдү жана материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүүдөн баш тартып жатканын билдирди:

Бакыт Рысбеков.

"Жалпы чогулушта жаңы Директорлор кеңеши жана Ревизиялык комиссия шайланган. Анан биздин уюмдун жаңы президенти бекитилген. Жетекчиликке үч талапкер көрсөтүлгөн. Алардын арасынан менин талапкерлигим колдоо тапкан. Бирок 22-июнда өткөн жалпы жыйындын чечимдери бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келе жатат. Буга чейинки жетекчи Эрик Ирискулбеков кеңсени бошотпой, уюмдун мөөрүн, документтерин жана материалдык баалуулуктарын өткөрүп бербей жатат. Бул маселени жөнгө салуу үчүн биздин уюмдун мүчөлөрү кеңсеге келсе, анын эшигин жаап алып, эч кимди киргизбей, кийин чымыр денелүү спортсмен балдар келип, биздин тарапташтарды түртүп, колун толгоп, эшикти жаап чыгып кетүүгө үлгүрүштү. Биз мыйзамдуу талаптарды аткарууну сурап гана келгенбиз. Бирок кечээтен бери кеңсенин эшиги жабык турат".

Демилгелүү топтун өкүлдөрү жалпы чогулуштун чечимдерин аткаруу үчүн "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" жаңыдан шайланган президентинин, Директорлор кеңешинин жана ревизиялык комиссиянын иштешин камсыз кылууну талап кылып, 30-июлда кеңсенин астына чогулган.

Чиеленген "оюндар" - "чийме сызган" юристтер

2018-жылы коалициянын мурдагы жетекчиси Азамат Адилов каржылык чатактын айынан кызматтан кетип, анын ордуна Эрик Ирискулбеков дайындалган соң, уюмдун Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча сотко арыз берилген. Андан ары аймактык өкүлчүлүктөрдөн Эрик Ирискулбековду президенттикке бекитүү үчүн 2018-жылы ноябрда кол топтолгон.

Дагы караңыз Шаштыны кетирген шайлоо мыйзамдары

Бирок аны шайлоону Жалпы жыйынды Директорлор кеңеши гана чакыра аларын айткан тарап, анын жетекчиликке бекитилишин мыйзамсыз деп атаган. Бул жагдай боюнча уюмдун Директорлор кеңешинин мүчөсү Элмурат Абдыкаримов мына буларга токтолду:

"Бул адам өзүн уюмдун көпчүлүк мүчөлөрүнө билгизбей эле, өзүнүн тарапташтары менен биргеликте өзүн өзү жетекчи катары бекитип алыптыр. Бирок Ирискулбеков бул кызматка жалпы чогулуш өткөнгө чейин убактылуу гана дайындалган. Биздин уюмдун өкүлдөрү чогулуп, эмнеге жалпы чогулуштун чечимдерин аткарууга жолтоо болуп жатканын сурасак, жооп бербей, адамдарды кеңсеге киргизбей коюшту. Ал тургай белгисиз бир адамдар келип, күч колдонуп, түртүп, жөөлөп, биздин тарапташтарга каршы чагымчыл аракеттер болуп кетти. Биздин уюм 2000-жылдан бери шайлоолорго байкоо салып, мыйзам бузууларды каттап, анын жыйынтыгын жарыялап келген. Бул жерде өтө чоң кызыкчылыктар болгону үчүн бул адам кызмат орунду бошотпой жатат".

Кийин Эрик Ирискулбековдун тарабы Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылган арызын артка чакыртып алып, сот 2019-жылы март айында аны кайра калыбына келтирүү чечимин чыгарган.

Ирискулбеков талаптарды четке какты

Бирок коалициянын президенти болуп иштеп турган Эрик Ирискулбеков аны кызматтан алууну караган 22-июндагы жалпы жыйынды тааныбай турганын айтып, анын чечимдери мыйзамсыз деген негизде кызматын тапшырып берүүдөн баш тарткан.

Анын айтымында, мурда уюмда иштеп кеткен Тимур Арыков өзүн президенттикке көрсөткөн жалпы чогулушту жыйнап, 2019-жылы 17-апрелде жетекчи катары юстиция органында катталып, бирок колундагы мөөр жасалма болуп чыккан. Бул факты боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иши башталган.

Ошондуктан Ирискулбеков жаңы жетекчини шайлаган Директорлор кеңеши легитимдүү эмес деп эсептейт. Эрик Ирискулбеков андан соң анын каршылаштары экинчи ирет жалпы чогулуш өтүп, аны кызматтан алуу чечими чыгарылганын айтты:

"Алар мыйзамсыз жалпы чогулуш өткөрүшкөн. Ага биздин уюмга мүчөлөрдүн көбү катышкан эмес. Башка эле адамдар чогулган экен. Эң эле кызыгы алар бизге айтпай туруп, жалпы жыйынга катышуучу мүчөлөрдүн санын көбөйтүп, чогулуштун мына мындай протоколун бекитишкен. Муну алар эми Бакыт Рысбековду жетекчиликке алып келүү үчүн жасашкан. Азыр ал адам биздин уюмдун жетекчиси эмес экенин расмий түрдө билдирем. Алар өткөргөн жыйын легитимсиз. Биздин уюм жана биздин мүчөлөр анын жетекчиликке шайланышын тааныбайт".

Саясат "жыттанган" саамалык

Бул коомдук уюмдун дагы бир өкүлү Мира Абдраимова жетекчилик орунду талашкан бул чатактын артында кайсы бир саясий күчтөр турушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Анын айтымында, бул жагдай алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн:

"Буга чейин бизге белгилүү болгондой, Эрик Ирискулбеков кайсы бир саясий партиянын мүчөсү катары, анын атынан Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо депутаттыкка талапкер катары катталган. Ошондуктан биз бул жерде анын жана ал буга чейин мүчө болгон же жан тарткан саясий партиянын кызыкчылыгындагы буюртма болуп жатат деген ойдобуз. Анткени алдыда парламенттик шайлоо келе жатат. Мына ошого байланыштуу шайлоого байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар биздин коомдук уюмду өз көзөмөлүнө алууну же чачыратып жок кылууну көздөгөн күчтөрдүн аракети дагы болушу ыктымал".

Динара Ошурахунова.

"Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" мурдагы президенти Динара Ошурахунова бул жерде бир эле саясий кызыкчылык эмес, коомдук уюмдун ресурстарына ээлик кылуу максаты да бар деп эсептейт:

"Ал жерде аябай көп кызыкчылыктар бар. Мында бир эле саясий кызыкчылыктар эмес, уюмдун бир топ ресурстарын колдонуу, көзөмөлгө алуу сыяктуу максаттар болушу мүмкүн. Ошондуктан бул жагдайга кандайдыр бир саясий күчтөр дагы аралашып жатышы ыктымал. Бул аймактардагы өкүлчүлүктөрү бар ири коомдук уюм шайлоолорго байкоо жүргүзүп, бай тажрыйбага ээ болгондуктан ага көз салган күчтөр болбой коюшу мүмкүн эмес. Ошол эле кезде коалицияда шайлоолорду көзөмөлдөө, парламенттин ишмердигине мониторинг жүргүзүү сыяктуу толтура долбоорлор бар болчу. Мына ошол долбоорлорду ЮСАИД, ПРООН сыяктуу ири донорлор каржылап жаткан. Шайлоонун астында аталган долбоорлор кайрадан жанданмак. Бирок азыр эки тарап болуп алышып, уюмдун жетекчилигин талашып жаткан жагдай бир кездеги күчтүү жана тажрыйбалуу бирикменин жок болушуна алып келбейби деген тынчсыздануу жаратты. Эмне болгон күндө дагы шайлоолорду коомдук, көз карандысыз байкоого алууга адистешкен бул уюмду жок кылууга жол бербөө керек".

Эрик Ирискулбеков түзүлгөн жагдай боюнча Юстиция министрлигине жана тергөө органдарына арызданганын кошумчалады.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы 1998-жылы негизделген. Бул уюмдун Бишкекте жана аймактарда бирден өкүлчүлүгү, миңге жакын мүчөсү, жүздөн ашуун өнөктөшү бар. Коалиция адатта ПРООН, Европа комиссиясы жана ЮСАИД сыяктуу эл аралык донорлордун каржылык колдоосу менен шайлоолорго байкоо салып, иштеп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.