Өрттөн жабыркагандардын өксүгү

"Берекет" базарындагы өрт. 13-апрель, 2018-жыл.

Бишкектин Ош базары тараптагы "Берекет" базарында өрттөн жабыркаган соодагерлер Ак үй алдына митингге чыгышты.

Алар жумуш ордун калыбына келтирүү кечеңдеп жатканын, буга чейин алынган насыяларды төлөө мөөнөтүнө кенен жеңилдик берилбегенин айтышууда. Ошондой эле алар өрттүн себеби тез аныкталбай, зыяндын ордун төлөө маселеси чечилбей жатканына нааразы. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов "базардагы соода жайларын менчик ээси калыбына келтириши керек, кенемтелерди төлөө да өкмөттүк деңгээлде чечилиши керек" деген жооп кайтарды.

Бийликтин кайдыгерлиги

Бишкектин "Берекет" базарындагы өрттө соода күркөлөрү күйгөн соодагерлер парламент имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Акцияга чыккан жүзгө жакын адам өкмөттөн жардам көрсөтүүнү талап кылды. Митингдегилердин айтымында, өрттөн бардык товарлары күйүп кеткендиктен алар соода түйүндөрүн калыбына келтирүүгө жана каржылык колдоого муктаж.

Жабыркаган соодагерлердин бири Ырысгүл Мокенова базардагы өрттөн зыян тарткандарга бийлик көңүл бөлбөй жатканына токтолду:

- Тыйындан топтогон акчабыз күйүп кетти. Бир эле түндө эч нерсеси жок калган адамдар болду. Акимчиликке, мэрияга барсак "ал базар Бегалиевдин менчиги, ошого баргыла" деп коюшту. Мына азыр да мэриянын, парламент менен өкмөттүн астына келдик. Бизге чыгып, бирөө жарымы абалыбызды сурап койгон жок. Биз талаада эле калгандай болдук. Азыр өкмөттөн базардагы соода жайыбызды эле калыбына келтирип берүүнү сурап жатабыз. Анан "иштегенге зыяндын орду катары каражат бергиле" деп сурадык.

"Берекет" базарында күркөлөрү күйгөн соодагерлердин акциясы. 10-май, 2018-жыл.

Ош базары тараптагы "Берекет" базарында быйыл 13-апрелде таңга жуук чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метрден ашуун соода аянты күйгөн. ​Өрттүн кесепетинен 300дөй соодагер жабыркап, баштапкы эсеп боюнча келтирилген зыян бир нече миллион сомго барабар болгон.

Өрттөн жабыркагандардын көбү насыя менен иштеп келгенин айтышкан. Өкмөт банктар менен сүйлөшүп, насыяларды кайтаруу мөөнөтүн алты айга жылдырган. Соодагер Апал Абдрахманова бийликтин "жеңилдик" дегени абалды жеңилдетпей жатканын айтты:

Бизге алты айга чейин насыяны төлөө мөөнөтүн артка чоюп берди. Бирок "кийин пайыздарын кадимкидей төлөйсүңөр" дешти.

- Бизге алты айга чейин насыяны төлөө мөөнөтүн артка чоюп берди. Бирок "кийин пайыздарын кадимкидей төлөйсүңөр" дешти. Анан канча чоюлса, пайыздары да көбөйүп кете берет экен. Бул жерде бизде азыр иштей турган соода жайыбыз болбосо же кенемте төлөнүп бере элек болсо, алты айдан кийин алынган насыяны кантип төлөйбүз? Алты ай деген бат эле өтөт да?

Буга чейин өкмөт өрттөн жабыркаган соодагерлерге жардам көрсөтүүгө убада берген. Өрттөн жабыркагандардын өкүлү Бурулкан Абдраманова өкмөт башчыга жөнөтүлгөн кайрылуудагы негизги талаптарды чогулгандарга окуп берди:

- Урматтуу өкмөт башчы, биз өз убагында салык төлөп, мамлекеттин казынасын толтурууга салым кошуп келдик. Бизге жумуш ордубуздун бүтүшүнө тезирээк жардам бериңиз. Анткени жумуштар аябай жай жүрүп жатат. "Базар үч айда курулуп бүтөт" дешти эле. Курулуш шитери башталмак турсун, азыркы күнгө чейин базар толук тазаланып бүтө элек. Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, тыянагы бериле элек. Анан бизге берилген убада боюнча зыяндын ордун төлөө жана пайызсыз ссуда берүү жагы чечиле элек.

Мэриянын аракети

Жабырлануучулар базар башкармалыгы, өкмөт же шаар мэриясы алгылыктуу жардам көрсөтпөй жатканын айтышса, Бишкек шаарынын мэриясы патенттери бар соодагерлерге 10 миң сомдон жардам берилгенин кошумчалады. Мэр Албек Ибраимов калган маселелерди өкмөт менен базар кожоюндары чечиши керек экенин билдирди:

Албек Ибраимов.

- Банк менен сүйлөшүү - өкмөттүн иши. Бизге айтылган талаптардын баарын эле өзүбүз аткарып бердик. Тыянак чыккандан кийин анан курулуш иштери башталат. Анда тилкени тазалап, долбоорун чийип, анан жаңы базарды анын менчик ээси өзү курат. Биз анын кожоюну менен "эки ай ичинде базар кайра курула турат" деген негизде келишим түзгөнбүз.

Өрттүн себеби аныктала элек

Жабырлануучу Мухаммед Кубанычбек уулу базардагы өрттүн себеби эмгиче аныктала элек экенин билдирди. Ал атайылап өрттөө болгону алдын-ала териштирүүдө эле байкалганын айтып, бирок соңку тыянак эмнеге кечеңдеп жатканына кызыкты:

Баштапкы териштирүүдө эле атайылап өрт коюлганы байкалган. Себеби өрт үч жерден башталган.

- "Өрт атайылап киши колдуу болгонбу же аны башка себеби болгонбу?" деген суроо азыркы күнгө чейин жоопсуз. Буга чейин бизге "бир жуманын ичинде экспертизанын тыянагы чыгат" дешкен. Бирок жакында бир айга жакындап калса да тыянак чыга элек. Баштапкы териштирүүдө эле атайылап өрт коюлганы байкалган. Себеби өрт үч жерден башталган. Бул жерде эмне себептен өрт коюлганы табышмак. "Кимдир-бирөөгө базар турган жер керек болгонбу?" деген суроо да жоопсуз турат.

Өрткө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Берекет" базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бишкек шаардык өрткө каршы күрөш кызматы базардагы өрттүн себептери боюнча корутунду чыга электигин жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.