Жетекчилери жок калган министрлик

Иллюстрациялык сүрөт.

Чет элдик сапарларга байланыштуу чыккан чырдан улам Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги толугу менен кызматтан кетти.

Өкмөт башчы министрди орун басарлары менен кошо кызматтан алып, башчылары жок калган министрликте жетекчилик милдетти анын статс-катчысы убактылуу аткарууда. Өкмөттүн аппараты жаңы министр жана анын орун басарлары качан дайындалары белгисиз экенин кабарлады. Айрым саясат талдоочулар министрликтеги азыркы абалды жалпы эле кадр саясатындагы одоно катачылыктын ачык көрүнүшү катары сыпатташты.

Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө өзүм билемдик менен барган саякаттары боюнча маселе козгоп, аны текшерип, чара көрүү боюнча демилге көтөргөн эле. Анын айтымында, министрликтеги катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн.

Бул маалыматты Башкы прокуратура текшерип, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет элдик сапарларга бир нече ирет барганын ырастаган. Ошондон кийин министр Таалайкүл Исакунова берген арызы боюнча кызматтан бошотулду. Андан соң министрдин орун басарлары Лунара Мамытова менен Жылдыз Полотова кызматтан кеткен. Башында орун басарлардын бири Зууракан Каденова кызматтан алынган болчу. Ошентип, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бир жумадан бери жетекчилиги жок калды. Министрликтин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева жетекчиликтин толук кызматтан кеткени мекеменин иш ыргагына таасир этпегенин айтып, жумушта үзгүлтүк жок экенин билдирди:

Кымбат Кадыралиева.

- Бүгүнкү күндө биздин кызматкерлердин баары штаттык режимде иштеп жатышат. Алардын жумушу эч кандай үзгүлтүккө учураган жок. Азыр пайда болгон бардык маселелерди министрликтин статс-катчысына кирип чечип жатышат. Биздин жетекчилер биринин аркасынан бири кызматтан кетип, башында министр кетсе, анын артынан эле министрдин орун басарларынын баары кызматтан бошотулганы күтүүсүз болду. Бирок азыр алардын милдетин убактылуу статс-катчы аткарып, иштеп жатат. Жаңы министрди жана орун басарларды дайындоо боюнча жакын арада чечим чыкса керек.

2015-жылдагы шайлоодон кийин эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына талапкер көрсөтүү укугу парламенттеги башкаруучу коалиция кирген "Кыргызстан" фракциясына берилген. Ошондуктан кызматтан кеткен министр Таалайкүл Исакунова "Кыргызстан" фракциясынан көрсөтүлүп, дайындалган болчу.

Башкаруучу коалициядагы бекитилген эрежеге ылайык, кызматтан кеткен министрдин ордуна ошол эле фракция башка талапкерди көрсөтө алат. Азырынча бул фракция кайсы бир талапкерге токтолуп, аны министрликке сунуш кыла элек. Ошондой эле өкмөттө да министрдин орун басарларына талапкерлер тандалып, бүтө электиги дайын болду. Ошондуктан өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектөө милдети убактылуу анын статс-катчысына жүктөлгөнүн белгиледи:

Чыңгыз Эсенгулов.

- Социалдык өнүгүү министрлигиндеги статс-катчы азыр андагы бардык жетекчилик милдетти убактылуу аткарып турат. Негизи, эреже боюнча, Тышкы иштер министрлигинен башка бардык министрликтердеги статс-катчылар министрлердин биринчи орун басары катары каралып, министр жокто анын милдетин аткарып турушат.

Буга чейин маалымат каражаттарында эрежеге сыйбаган чет элдик саякаттар боюнча министр Таалайкүл Исакунованын, анын орун басарлары Зууракан Каденова менен Лунара Мамытованын гана ысымдары аталып жаткан болчу. Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча министрдин министрдин дагы бир орун басары Жылдыз Полотова да Литвага эки ирет, Таиландга жана Венгрияга бир жолудан чет элдик сапарга чыкканы аныкталган.

Дагы караңыз Министрлердин эл төлөгөн "саякаты"

Анда аталган министрликтин жетекчилери дипломатиялык паспортторду колдонуу менен премьер-министрдин уруксаты жок сапарга чыгып кеткени көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу өткөн ишемби күнү өкмөт башчы министрдин акыркы орун басары Жылдыз Полотованы кызматтан алуу тууралуу буйрукка кол койду. Полотова ооруканада экенин айтып, өзүнүн буга чейин ачыкка чыкпай келген чет элдик сапарлары тууралуу комментарий берүүнү туура көргөн жок:

- Мен азыр ийне сайдырып аттым эле. Бул суроого кийинчерээк жооп берсем болот бекен? Азыр дарыгер келип, күтүп калды...

Эмгек кодекси ооруп, ооруканада дарыляанып жаткан мамлекеттик кызматкерди иштен алууга жол бербейт. Ошондуктан юристтер Жылдыз Полотова ооруканадан чыккандан сотко кайрылып, анын чечими менен кайра кызматына кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешти.

Ошол эле кезде саясат талдоочулар арасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчи курамы толугу менен кызматтан алынышы Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтагы кадрдык кризистин ачык көрүнүшү катары сыпатталууда.

Саясат таануучу, профессор Алмазбек Акматалиев бул сейрек кездешүүчү көрүнүштүн түпкү себебин жетекчилик кызматтарга кадр тандоодогу мамлекеттик саясаттын олуттуу катачылыгы катары баалады:

Алмазбек Акматалиев.

- Бир тармактын министри баш болуп, орун басарлары болуп толугу менен кызматтан кеткени бизде кадр тандоо саясаты туура эмес экенин дагы бир жолу тастыктады. Анткени ал жетекчилер башында кандай принцип менен тандалганы түшүнүксүз болгону соңку окуялар менен ырасталып калды окшойт. Ал жетекчилерди тандоодо кандай факторлор роль ойногону айтпаса да түшүнүктүү болду. Бул жерде кандай күчтөр кантип өз кызыкчылыктарына карап, ойногонун көрүүгө болот. Бул жетекчилерди тандоодо кесиптик даярдыгынын деңгээли, аларды тандоодогу моралдык-этикалык жагдайлар кандайча эске алынган деген суроо турат. Деги эле "Бул жетекчилердин талапкерлиги каралып жатканда атайын текшерүү болгонбу?" деген суроо ачык бойдон калды.

Парламенттеги башкаруучу көпчүлүк менен өкмөттө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматтан кеткен жетекчилеринин ордуна талапкерлер каралып жатканы белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.