Курулуш тармагындагы кыңыр иштер

Иллюстрация

Бишкекте каржыдан каржалган көп кабаттуу үйдү куруп жаткан эки курулуш компаниясынын үлүш ээлери аларды жалган инвесторлор сызга отургузуп кеткенине даттанышты.

Үмүтү акталбаган үлүш ээлери

5-майда "Акипресс" маалымат агенттигинде “Архстрой” жана “ОППС Строй” компаниялары Бишкекте куруп жаткан көп кабат үйлөрдүн үлүш ээлери маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда алар каржылык оор абалдан улам курулушу токтоп калган көп кабат үйлөрдү бүтүрүүнү убада кылган инвесторлорго алданып калышканын айтып чыгышты.

Үлүш ээлери ири өлчөмдө каражат салмак болгон “На и Ко” жана “Консалтинг групп” компаниялары, тескерисинче, объектилерден курулуш материалдарын жана бир катар техниканы чыгарып кеткенин айтып даттанышты. Алардын кызыкчылыгын коргогон юрист Рустам Абдурауфов мунун натыйжасында ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирди:

- Мына ошол инвесторбуз деген эки адам эки курулуш компаниясына келтирген зыяндын жалпы өлчөмү 700 миң долларга жакын. Наргиза Дадахановага карата кылмыш иши биздин арыз боюнча козголду. Анткени биз ал алып чыгып кеткен техниканын бирин катылып жаткан жеринен таптык. Ал жалган ишеним кат аркылуу сатылган экен. Ага бардык арыздар кошо тиркелип, Дадаханова камакка алынды. Ал эми Максим Аляновго карата бир топ арыздар жазылганына карабастан, ага азырынча кылмыш иши козголо элек.

Бишкек.

Адистешкен аферабы?

Үлүш ээлери менен курулуш фирмаларынын арызы боюнча инвесторлордун бири алдамчылыкка шектелген “На и Ко” компаниясынын жетекчиси Наргиза Дадаханованы Бишкек шаардык соту тергөө бүткөнгө чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Дадаханова буга чейин 2015-жылы октябрда башка бир иш боюнча алдамчылыкка шектелип, кармалганы НТС телеканалынан көрсөтүлгөн. Бирок анын ошол иш боюнча жоопкерчиликтен кандайча кутулганы белгисиз.

Көркү качкан Бишкегим...

Көркү качкан Бишкегим...

Кыргызстандын борбору Бишкекте акыркы жылдары курулуш күч алып, көк тиреген кабат-кабат үйлөр салынууда. Бирок курулуштарды бир багытка бурган архитектуралык-композициялык талап жок болгондуктан көз тайгылткан үйлөр менен өткөн кылымдын эстелиги катары калган жепирейген тамдар катар орун алып, борбор шаардын көркү бузулууда.

“ОППС Строй” компаниясынын башчысы Руслан Хамдамов ал кийин аны абакка отургузуп, ага караштуу курулуш техникасын толугу менен суу кылып жибергенин билдирди. Алты ай отуруп чыккан Руслан Хамдамов мындай торго илингендердин арасында ал жалгыз эмес экенин айтты:

- Ал айрым үлүш ээлеринин арызын уюштуруп, мага карата кылмыш ишин козготууга демилгечи болду. Мени абактан чыгартпоо үчүн менин баш коргоомду караган сот жыйындарына чейин келип жүрдү. Бирок кийин аны үлүш ээлери түшүнүп калып, алар кийин мени абактан чыгарып алышты. Анткени ал “курулуш техникасын оңдотууга бердик” деп коюп, бирок анын баары ошол бойдон жоголуп кеткенде эле мен анын алдамчы экенин байкап калдым. Бирок ал айыбы ачылып калыштан коркуп, мени абакка отургузууга шашты. Андан кийин ошондой эле жол менен “Архстройдун” башчысы Курманбек Мамбетовду каматып, бизден алган 15 миллион сом акчаны ага бергем деп көрсөтмө берген имиш.

Алдамчылыкты ким калкалайт?

Бишкектин Көк-Жар жана Асанбай райондорундагы курулуп бүтпөй жаткан көп кабат үйлөрдү эки жылдан бери күтүп жаткан үлүш ээлеринин жалпы саны беш жүздөн ашуун адам. Курулушка “ОППС Строй” компаниясына караштуу 300, “Архстрой” компаниясынын 200дөн ашуун үлүш ээлери каражаттарын салышкан.

Курулушта иштеген балдар.

Үлүш ээлеринин бири Асан Чормуков бул жерде алдамчылыктын калыптанган схемасы бар экенин белгиледи:

- Бул - бардыгын ичине камтыган чоң бир калыптанып калган алдамчылык схемасы. Алар бизди алдашып, банкта ири өлчөмдө акчасы сакталып турганын, кеңселерин көрсөтүшкөндө биз аларга ишендик да. Анан калса, инвестициялык келишим түзүп, “бул аралыкта мынча каражат салып, курулуш иштерин тез арада бүтүрөбүз” деп биздин ишенимибизге киришти да. Биздин техниканы оңдотууга алып барабыз деп алдап, топтолгон акчаны алып алышып, алардын бардыгын “Архстрой” компаниясына көрсөтүшүп, “биздин акчабыз бар, техникабыз бар” дешип анан аларды дагы алдышыптыр да. Бул жерде сот жана укук коргоо органдарындагы айрым бир таасирдүү жетекчилердин дагы катышы бар. Жөнөкөй адам мындай схеманы жасай алмак эмес.

Үлүш ээлери алдамчылыкка айыптап жаткан инвестордун экинчиси “Консалтинг групп” учурда “Альянс курулуш” болуп аты өзгөргөн. Анткени “ОППС Строй” компаниясы ага дагы доомат койгон. Бул компаниянын менеджери Виктория аттуу жаран анын жетекчиси Максим Алянов бул иште, тескерисинче, жабырлануучу катары өтүп жатканын билдирди:

- Ооба, бул “Альянс Курулуш” компаниясы. Мен сатык боюнча менеджер Виктория деген болом. Сиз сураган биздин жетекчибиз азыр чет өлкөдөгү биздин курулуш объектеринде иш сапар менен жүрөт. 11-майда келип калат болуш керек. Андай болушу мүмкүн эмес. Ал бардык үлүш ээлерине батирлерин толук тапшырып берген. Биздин жетекчибиз өзү кайсы бир курулуш объектисин курууга 200 миң доллардан ашуун акча салган экен. Бирок анын өзүн алдап коюшкан. Ал эч качан алдамчы болгон эмес. Ал бул иште өзү жабырлануучу болуп жатат.

Ал эми инвесторлордун бири, алдамчылыкка шектелип кармалган башка бир компаниянын өкүлү Наргиза Дадаханованын адвокаты ким экени белгисиз. Анын жакындарын издеп таап, байланыша албадык.

Мындан сырткары бул ишти тергеген экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы жана азыркы тергөөчүлөрү менен дагы байланышууга мүмкүн болбоду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.