"Ыйык Рухтан" башталган жаңы жашоо
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сокулуктун Кызыл-Туу айылында жашаган Муса Иманалиев ичкиликтин айынан көчөдө калган жана үй-бүлөсү бузулуп, кыйналган адамдарды чогултуп, аларды дарылап, кайра сергек жашоого буруу менен алектенет. Ал мына 14 жылдан бери “Ыйык Рух” деп аталган борбор түзүп, үч жүздөн ашуун адамдын жашоосун өзгөртүптүр. Бир бүлөдөй болуп жашатып, ичкиликтен кадимки чарбалык иштер менен арылткан Муса Иманалиевдин иши менен атайын барып таанышып келдик.