Бүгүн Москвадагы өрттө каза тапкан Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Курулуш айылында Махигүл Азимжан кызы, Сузактын Кыз-Көл айылында Динара Раимкулова жана ушул эле райондун Лавдан-Кара айылында Айчүрөк Абдумаматованын сөөктөрү жерге берилди.
Ошондой эле Ысык-Көлдө 1998-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну Нурайым Жумадылова жана 39 жаштагы Ак-Булуң айылынын жашоочусу Индира Маматкасымова акыркы сапарга узатылды. Ал эми Ак-Суу районунун 30 жаштагы тургуну Кыял Алабердиеванын сөөгү 31-августта коюлат.
Мындан тышкары Ош облусунда жана башка аймактарда да кыздарды жерге берүү зыйнаты болуп өттү.
Мисалы, 21 жаштагы Жаңылмырза Коргонбай кызы да Кара-Суу районундагы өзү туулган Отуз-Адыр айылындагы бейитке коюлду. Ал дизайнер болууну самап, бирок окууну бүткөндө оңдуу иш таппай, мындан үч ай мурун Орусияга аттанган экен. Тилекке каршы, дагы эки айдан кийин учуп келем деп жаткан Жаңылмырзанын сөөгү келди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн он жети киши набыт кеткен. Анын ичинен он төртү кыргызстандык кыз-келиндер. Алардын улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар.
Алардын сөөгү Москвададан Кыргызстанга кечээ алып келинген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.