Бишкектеги ит базардан бир ирмем

Ишемби, жекшемби күндөрү өтчү базарга 300гө чукул ит чыкса, анын 100дөйү сатылып кетет. 

Ит саткандардын көбү орус тектүү жарандар.

1000 доллардан кымбат иттер базардан эмес, үйлөрдө сатылат.   

 Шерхан аттуу итти ээси "атасы Кыргызстандын чемпиону болгон деп мактап жатып" 500 долларга баалады.
Бул ит уруштарга чыгып жүрөт экен.

Иттер 100 сомдон 1000 долларга чейин бааланат. 

Кыргыз тайгандары базарга сейрек чыгат. Айылдан келген кыргыз тайганына көпчүлүк кызыгып жатышты.

Айрым күчүктөр бардык документтери, тукуму тууралуу маалыматтар менен кошо сатылат.

Көчөдөгү жолбун иттердин күчүктөрүн алып келип, 50 сомдон 100 сомго чейин пулдап жибергендер да бар.

Бул базарда иттин тамактары жана бардык керектүү жабдыктар да сатылат. 


Базардагы иттердин басымдуу бөлүгү "алабай" аталган азиялык иттер менен немис овчаркалары.