"Кепеден чыккан миллиардер" Кыргызстанда ГЭС курат

Lidové noviny гезити

Чехиянын бул күндөрү жарык көргөн маалымат каражаттары Liglass Trading CZ фирмасынын убада кылынган пресс-конференциясы өтпөй калганын, жетекчилери кыргызстандык журналисттердин телефон чалууларына же каттарына жооп бербей калышканын жазышат. Lidové noviny гезити болсо Кыргызстанда миллиондогон долларлык тендерди утканы фирманын кожоюну Михаэл Смеликти “кепеден чыккан миллиардер” деп мыскылдайт.

Hospodářské noviny (HN ) гезити Liglass Trading CZ фирмасы өткөн жумада 26-июлда кыргызстандык журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрүп, бардык суроолорго жооп берээрин убада кылган, шек санаткан жагдайларга жооп алуунун ордуна кайрадан бүдөмүк суроолор пайда болду, - деп жазат.

"Бишкекте маалымат жыйынын уюштурабыз деп фирманын менеджери Йиржи Войтеховский да, кожоюну Михаэл Смелик да сөз берген. Пресс-конференция жөнүндө Кыргызстандын Өнөр жай жана энергетика мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев да айткан", - деп улантат басылма.

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

Кыргызстанда ГЭС курганы жаткан чехиялык компания тууралуу маалыматтарда экс-депутат Кубанычбек Туманов жана ал жетектеген "ГЕЕН КГ" компаниясынын аты аталып жатат.

Кыргызстандык журналисттердин ырастоолоруна таянып, гезит, фирма жетекчилери качан барары, убада кылынган пресс-конференцияны качан уюштурары белгисиз. Ал гана эмес, Liglass Trading өкүлдөрү журналисттер менен байланышка чыкпай калышты деп жазат. Смелик HN кабарчыларынын телефон чалууларына же смс каттарына да жооп бербей койду.

Менеджерлер Юрай Павол менен Войтеховскийдин чөнтөк телефондору да өчүрүлгөн дешет чех журналисттери.

Шейшембиде фирманын веб сайтында жарыяланган видеодо Смелик алардын айланасында пайда болгон суроолорго жооп кайтарып, Прагадагы кеңсесин көргөздү.

Басылма кайра эле кыргызстандык журналисттерге шилтеме жасап, Смеликтин Кыргызстанга качан келээрин расмий органдар да билбейт деп кабарлайт.

HN ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев чех фирмасы келишим шарттарын аткарат, анын ичинде 37 миллион доллар карызды төлөйт деп ишенээрин айтканын жазды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Смелик: "Долбоордо жашыруун маалыматтар камтылган"

Lidové noviny (LN) гезити болсо “Чехияда “кепеден чыккан миллиардер” табылды. "Лигласстын" кожоюну өзүн Кыргызстанда бай деп көргөзүүдө” деген аталыштагы макаласын жарыялады.

Михаэл Смеликтин таржымалы Голливудга илхам берчүдөй экен, - деп жазган басылма фирма расмий кагаздар боюнча эскилиги жеткен, жарым жартылай урап калган фабриканын аймагында жайгашканы менен, Смелик чыныгы жомок жарата алды, миллиарддаган крондук тендерди уткан Кыргызстанда өзүн миллиардер кылып көргөзүүдө деп мыскылдайт.

ГЭСтерди курууга өзүнүн 10 жылда тапкан акчасын жумшарын айтып келатканын эске салып, журналисттер Смеликтин акчасы чындап эле ошончолук көп болсо, Чехиядагы эң бай 20 адамдын катарына кирмек дешет. Бирок ал тууралуу буга чейин эч ким уккан эмес.

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте деп билдирди.

Ал эми Чехиянын СТ 24 борбордук маалымат телеканалы суу ресурстарын башкаруу тармагында иш алып барган мамлекеттик Povodí Labe компаниясы Liglass Trading менен келишимди үзүүнү караштырууда деп 25-июлда кабарлаган.

Себеби фирма май айында түзүлгөн макулдашууга ылайык алардан чет өлкөдөгү долбоорду даярдап, ишке ашыруу үчүн консультация алып турмак. Бирок Liglass эч кандай кеп-кеңеш сурап бир да жолу кайрылган эмес жана май-июнь айларынын фактураларын төлөй элек, - деп жазылат сайтта.

“Биздин партнер - Liglass Trading ошол келишим боюнча айына 9 саат консультация алмак, баасы 18 миң крон (болжолу менен 815 АКШ доллары – ред.) деп сүйлөшүлгөн. Ушу тапта эки фактура берилген, бирок бирөөнү да төлөшө элек. Келишим аткарылбай жаткандыктан да андан баш тартууну караштыруудабыз, - деди Povodí Labe компаниясынын генералдык директору Мариан Шебеста.

Ошол эле маалда көп миллиарддаган инвестиция жөнүндөгү келишимде Кыргызстан тууралуу айтылган эмес. Жөн гана чет өлкөдөгү долбоор делинген. Шебеста бул кагаз фирмага мына ушундай квалификациялык тажрыйбабыз бар деп айтуу үчүн эле керек болчу деп боолголойт.

Сөз болгон мамлекеттик компания менен кызматташканын Liglass'тын кожоюну Смелик “Азаттык” радиосуна берген интервьюда да айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.