Сибирь университетинде окугуң келеби?

Сибирь федералдык университети.

Билим министрлиги келерки аптадан тарта Кыргызстанга Орусиянын Красноярск шаарындагы Сибирь федералдык университетинин өкүлдөрү келип, бул окуу жайда билим алууну каалаган жаштар үчүн сынак өткөрөрүн жарыялады. “Азаттык” университеттин Кыргызстандагы өкүлү Майрамбек Раимжанов менен маектешти.

“Азаттык”: Тестке катышууну каалагандар үчүн негизги талаптар кайсылар?

Раимжанов: Орто мектептин 11-классын аяктаган ар бир улан, кыз тест тапшыра алат. Андан жогору баа алып, сынактан өтсө, Сибирь университетинде бюджеттик негизде стипендия алып окуйт.

“Азаттык”: Окуу канча жылга уланат?

Раимжанов: Төрт жана беш жылдык адистиктер, бакалавриат бар.

“Азаттык”: Тест тапшыруу үчүн кайсы сабактардан даярдануу керек?

Раимжанов: Кайсы сабак экени тандаган кесибине байланыштуу болот. Негизгиси үчөө: математика, орус тили жана физика. Кайсы кесип болбосун, мына ушул предметтер боюнча сөзсүз тапшырат. Ал эми тандаган багытына жараша химия, биология жана информатика сабактары да болуп калышы ыктымал.

“Азаттык”: Абитуриенттерге кайсы факультеттерден орун алуу сунушталат?

Раимжанов: Бул университетте журналистикадан баштап тоо-кен тармагына чейинки бардык кесиптер бар. Бизге эң керектүүлөрү: тоо-кен, курулуш, радиоэлектроника, физика, маалыматтык технология. Буга чейин көбүнчө инженердик-техникалык адистиктер болчу. Быйыл социология жана юриспруденция боюнча да мүмкүнчүлүктөр ачылат.

“Азаттык”: Быйыл Кыргызстанга канча орун бөлүнүп жатат?

Кайсы сабак экени тандаган кесибине байланыштуу болот. Негизгиси үчөө: математика, орус тили жана физика. Кайсы кесип болбосун, мына ушул предметтер боюнча сөзсүз тапшырат.

Раимжанов: Жылда 100-150дөй алабыз дегендей кылышат. Албетте, окуучулардын даярдыгына, тест тапшырганына жараша болот. Акыркы жолу 60тай бала тандалып алынган. Учурда ал жакта 200дөй студентибиз билим алууда.

“Азаттык”: Бүтүрүүчүлөрдүн мекенине кайтып, ишке орношуусу боюнча маалымат барбы?

Раимжанов: Сибирь университетин аяктагандардын алды – биз. 15 чакты бала окууну аяктап келип, иштеп жатат. Мисалы, беш бала тоо-кен тармагы боюнча окуп, Кыргызстандагы “Кумтөр”, “Казакмыс” сыяктуу алдыңкы компанияларда, байланыш боюнча эки бүтүрүүчү “Мегаком” жана “Билайн” компаниясында инженер-байланышчы, компьютердик информатиканы окугандар Улуттук банкта иштөөдө.

“Азаттык”: Ал жактын дипломдору Кыргызстанда жарай береби?

Раимжанов: Ооба. Бардык эл аралык талаптарга жооп берет. Жада калса айрым жерлерде ал жактын билими жогору бааланат.

“Азаттык”: Бул жолу өткөрүлө турган тест тууралуу тагыраак маалымат берсеңиз...

Раимжанов: Алгачкы тест 3-апрелде саат 10:00дө Ошто, ОШМУнун жыйындар залында өтөт. Кийинкиси Таластын №2 мектебинде 5-апрелде саат 10:00дө болот. Ал эми 7-8-апрелде Бишкекте №6 гимназия-мектебинде, 8-апрелде Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы Бектенов атындагы, 9-апрелде Ысык-Көлдүн тескейиндеги Саруу айылында Сыдыков атындагы мектепте өтөт.

“Азаттык”: Студенттик жашоо кандай өтөт?

Раимжанов: Сибирь федералдык университети жайгашкан Красноярск шаары тынч аймак. Ал жакта окуп келген балдар Кыргызстанга кайтканда жакшы иштерге орношуп жатат. Окуу абдан кызыктуу өтөт. Өзүбүздүн “Манас” деп аталган студенттик биримдигибиз бар. Спорттук иш-чаралар уюштурулуп турат.

“Азаттык”: Окуу менен жумушту айкалыштырса болобу?

Раимжанов: Ооба, окуусуна жетишкен балдар билим да алып, иштеп да жатат.