Шамалды-Сай шаарчасы айылга айланабы?

Жалал-Абад облус бийлиги Шамалды-Сай шаарчасын айыл макамына алмаштыруу камылгасын көрүүдө.

Муну облус бийлиги калкынын саны 10 миңге жетпеген аймактарды айыл макамына өткөрүү аймактардын административдик түзүмү тууралуу кыргыз өкмөтүнүн 2008-жылы чыккан токтомунда көрсөтүлгөн деп негиздөөдө. Бирок демилгени жергиликтүүлөр өнүгүүгө бут тосуу катары баалап жатышат.

Өкмөттүн мындай сунушуна 17 миңге чукул калкы бар Шамалды-Сай шаарчасынын тургундары өткөн айдын этегиндеги жалпы элдик жыйында каршы чыгышты. Жергиликтүү тургундардын бири Жумабек Ажыканов шаардын айыл болуп өзгөрүүсүнөн эл гана жабыр тартарын бышыктайт:

- Бизде үч кесиптик лицей, үч чоң мектеп, чек ара базалары жана эки ГЭС орун алган. Калк да күн санап көбөйүүдө. Көп кабаттуу үйлөр, бала бакча орун алган. Мунун баарын көрүп туруп айыл макамын берсе, туура эмес болуп калат. Шамалды-Сай мурдатан эле шаарча катары түптөлүп, ушуга ыңгайлашып калган. Буга чейин шаардык кеңешти жоюп, бюджетти да алып коюшкан. Ички муктаждыктарды өзү чечип турса жакшы болмок. Эми шаарчаны жоёбуз деп жатышат. Биз ушул эле калыбында калуусун каалайбыз.

Шамалды-Сай шаарчасы 1957-жылы аймакта Үч-Коргон ГЭСи курулуп жатканда шаар тибиндеги поселок катары түптөлгөн. Ошол учурдан тартып Таш-Көмүр шаарынын карамагында турат. 2009-жылы шаар тибиндеги поселок статусу жоюлуп, шаарчалык өкмөт болуп өзгөртүлгөн.

25-мартта Шамалды-Сай шаарчасында 200гө чукул жашоочу катышкан жыйын өтүп, анда айыл статусун берүүгө каршылык көрсөтүшкөн. Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Өмүрбек Бабатаев элдин талабы орундуу дейт:

- Таш-Көмүр учурда Шамалды-Сай шаарчасы менен гана шаар статусун кармап турат. Эгерде ал менен бирге Кызыл-Жар 12 шаарчасын да айылга өзгөртүп койсо, анда Таш-Көмүрдүн келечеги болбойт. Негизи кирешелер ушул шаарчалардан чогулат. Ошол себептүү мен жергиликтүү тургундардын талабын колдойм. Бул маселени жакшылап карап, анан бир чечим кабыл алуу керек. Менин жеке пикиримде бул маселе бир-эки эле адамдын жеке кызыкчылыгынан улам көтөрүлүп жаткандай.

Өкмөттүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №619 токтомуна ылайык, буга чейин калкынын саны азайып, административдик аймактары кыскарган шаар тибиндеги 19 поселок айыл макамына өзгөртүлгөн. Эми болсо өлкөдөгү тогуз шаарчанын маселеси каралып жатканын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин төрайымы Жумагүл Эгембердиева билдирди:

- Мыйзамга ылайык калкынын саны 10 миңге жетпеген шаарчалар айыл статусуна өтүшү керек. Буга чейин 19 шаарча тибиндеги поселокторду айыл статусуна которгонбуз. Калган шаарларда эми ошол маселелер каралып жатат. Биринчи кезекте айылдыктардын, ошол аймактагы жергиликтүү депутаттардын сунуштары эске алынат. Алар документтерди шаардык мэрияларга, алар бизге жөнөтөт. Чогулган документтер өкмөттүн алдындагы ведомстволор аралык комиссияга жөнөтүлөт. Биз чечүүчү орган эмеспиз, биз ошол мыйзамды аткарып жатабыз. Негизги чечүүчү сунушту эл жана жергиликтүү депутаттар айтат.

- Таш-Көмүр учурда Шамалды-Сай шаарчасы менен гана шаар статусун кармап турат. Эгерде ал менен бирге Кызыл-Жар 12 шаарчасын да айылга өзгөртүп койсо, анда Таш-Көмүрдүн келечеги болбойт. Негизи кирешелер ушул шаарчалардан чогулат.

Айыл статусуна өзгөртүүгө сунушталып жаткан шаарчалардын катарында Кызыл-Жар 12, Майлуу-Суу шаарына караган Көк-Таш шаарчалык өкмөтү, Кара-Көл шаарындагы Кетмен-Төбө, Сүлүктүдөгү Восточный, Каракол шаарынын Пристань-Пржевальский, Балыкчынын Орто-Токой, Орловка шаарынын Борду жана Бишкектин Чоң-Арык шаарчалык айыл өкмөттөрү кирет.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктүү өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Уларбек Ботокараев буларга токтолду:

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамга ылайык шаар ичинде шаарчанын жайгашуусу мыйзамга каршы келет. Ошол себептүү бул маселе азыр мыйзамдык алкакта каралып жатат. Учурда элге түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Алардан чогулган материалдар бизге келген соң өкүлчүлүк да өзүнчө чечим кабыл алат.

Токтомго ылайык шаарча тибиндеги айылдык башкармалыктарды жоюу менен аларды кайсы бир райондордун карамагына киргизүү зарыл. Мындан улам аларга шаарча эмес, айыл катары мамиле да өзгөрөт. Учурда бул демилге аймактарда тургундардын кароосуна коюлууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.