Алтыны жок алачык, "жолдошун" жандаган аял

Жайлоодогу боз үй. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул жолу "алачык" жана "жолдош" деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

Кыргызда “алачык” деген “кичине үй” дегенди түшүндүрөт. Бул жерде кыштан же жыгачтан салынган там үйдү эмес, боз үйдү түшүнгөн оң. Кыргыздар көчмөндүк доордо жалаң боз үйлөрдө жашашкан. “Алачык” деп боз үйдүн аябагандай эле жупуну же кичинесин атаган. Мындай алачык үйлөрдө көбүнчө колунда жок кедей-кембагал кишилер турушкан. Ушундан улам “Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги” деген ылакап сөз келип чыккан.

Чөптөн жасай салып, убактылуу баш калканч кылып турган жайды “Чөп алачык” дешкен. Боз үйдүн өтө эле жупуну формасын элестеткен кичине алачыкты “Сайма алачык” деп да атаган. “Жапма алачык” же “Жолум үй” дегендери да болгон. Булардын баары эле кадимки боз үйгө теңтайлаша алган эмес.

Эми “алачык” деген түшүнүк кайдан чыккан? Мындан 14 жыл мурда мен Тоолуу Алтай Республикасында болгонумда ушул сөздүн кайдан чыкканына кызыгып, алтай тилинен сабак берип жүрүп пенсияга чыккан карыя мугалимден сурагам. Ал биздин “Манастан” бери жакшы билген, кезинде кыргыздын атактуу илимпозу Болот Юнусалиевден лекция уккан, бир топ эле билим деңгээли бийик киши болуп чыкты. Мен андан:

- Алтайлыктар да биздин кыргыздардай эле алачыкты “алачык” деп аташат экен. “Алачык” деген түшүнүк кайдан чыкканын билесизби? - деп сурадым.

- Илгери байлар кенен боз үйлөрдө жашаса, кедей-кембагалдар ушундай жаман алачыктарда жашаган. Эртели-кеч байдын балдары минген аттары менен алачыкты омуроолоп бастырып келишип:

- Эй, баланча! Күмүшүңдү ала чык!

- Эй, бастанча! Алтыныңды ала чык! - деп шылдыңдап турушкан.

Кедейдин балдарында каяктагы күмүш, каяктагы алтын? Анан ушундан улам. “Ала чык! Ала чык!” деген сөз кедейлерди кемсинтип, басынткан сөз катары колдонулуп, бара-бара алар жашаган үйдү да түшүндүрүп калган. “Алачык” деген түшүнүк ушундан улам пайда болгон, - деп айтып берген болчу.

Азыр бул сөз таптакыр эле андай маанини түшүндүрбөйт. Азыр деле жайлоолордо боз үйлөрдүн жанынан алачыктарды көрүүгө болот. Жайлоолоп чыккандар, айрым бир керектүү буюм-тайымдарын кошо ала чыгып, аны күндөн, жамгырдан сакташ үчүн ушундай алачыктарды пайдаланышат.

Эми “жолдош” деген сөздүн маанисин чечмелеп көрөлү. “Жан жолдош” деп коет. Бул “дос” дегендин эле түрүн түшүндүрөт. Ал эми менин жеке оюмда “күйөө жолдош”, “өмүрлүк жолдош” деген түшүнүктөр кийинчерээк келип чыкканбы деп ойлойм.

Маселен, күйөөгө чыккан келиндин өмүрлүк жарын кыргыздар тээ байыртан эле “күйөөсү”, “эри” деп атаган. Сыягы орустар менен алака түзгөндөн кийин “супруга” дегенди “жолдошу” деп которуп киргизсе керек да, ошондон кийин “күйөөсү”, “эри” дегендин ордуна “жолдошу” деп колдонуп калса керек.

Эми биздин келин-кесектер мурдагыдай эле: "Ал менин күйөөм", "Ал менин эрим" десе эмне үчүн болбосун? Мунун эч кандай оройлугу жок. Өзүбүздүн эле сөздөр.

Ал эми "бул менин жолдошум” деп күйөөсүн тааныштырган келинге мейман күткөн үйдүн ээси:

- Бул сиздин жолдошуңуз болсо, анда күйөөңүз кайда кеткен? Эмне үчүн күйөөңүз менен келбей, жолдошуңуз менен келдиңиз? - десе эмне дейт?

Балким мындан ары “жолдошум” деген сөздүн ордуна “күйөөм, эрим” деген сөздү колдонсоңор кантет, жаштар? “Орой” деп чангандык - өз тилин жеткире билбегендиктин эле кесепети. Ойлонуп көргүлөчү?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.