Баткендеги бир чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн Назарбек Абдразак уулу аскердеги ур-токмоктон ажал тапты.
Лейлек районунун “Катраң” чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн 19 жаштагы Назарбек Абдразак уулу Назарбекти 3-март күнү 5 чек арачы токмоктоп салган. Катуу жабыркаган Назарбек дароо Ош шаарына дарылоого жиберилген. Тилекке каршы жоокер ур-токмоктун уусунан жакшы болбой, 13-март күнү бу жарыкчылык менен кош айтышып кете берди.