Маркверинг: Биздин долбоор милицияны элге жакын кылат

Кун Маркверинг, Улуттар уюмунун маңзатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын эл аралык координатору. Баткен, сентябрь, 2017-жыл

Улуттар уюмунун маңзатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы Кыргызстандын ички иштер тармагын реформалоого колдоо көрсөтүп келет.

Учурда өлкөнүн айыл-шаарларындагы он эки милиция бөлүмү уюмдун жардамы менен оңдолуп, милиция менен элдин ортосундагы ишеним-алаканы бекемдөө иштери жасалууда. Бул тууралуу Улуттар уюмунун Маңзатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын эл аралык координатору Кун Маркверинг "Азаттыкка" берген маегинде айтып берди.

"Азаттык": Кун мырза, сиздердин долбоорго киргизилген он эки пилоттук айыл кандай негиз менен тандалып алынды?

Кыргыз милициясы.

Маркверинг: 2014-жылы биз кеңири миссия жүргүзгөнбүз. ИИМдин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, биздин кызматкерлер чогуу кырдаалды карап көрдүк.

Кылмыштуулуктун түрлөрү, ага каршы милициянын, жергиликтүү бийликтин, элдин аракети кандай, мына ушуларга көңүл бурдук. Чек арада жайгашкан айылдардагы чырлуу кырдаалдарды да эске алдык. Ошонун негизинде өлкөнүн ар бир облусунан он эки айылды тандап алдык.

Лейлектин Кулунду айылына берилген техникалык колдоо сыяктуу жардамдар Баткендин чек арада жайгашкан Таш-Тумшук айылындагы милиция бөлүмүнө, Үч-Коргондо, Жалал-Абад шаарындагы милиция бөлүмүнө көрсөтүлдү. Бишкектен көп алыс эмес Октябрь айылына каржылык жактан колдоо көрсөттүк. Ноокатта жергиликтүү шаар бийлиги менен милиция чогуу “бирдиктүү терезе” үлгүсүндө иштей турган шарт түзүлүп жатат.

Кара-Сууда, Сузакта, Таласта жана Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда биздин долбоор жемиштүү иштеп жатат. Жети-Өгүздө коомчулук менен милициянын биргелешип аракеттенүүсүнөн улам мал уурулук азайганын белгилеп кетүүгө болот. Үч-Коргондо да айыл өкмөтүнүн жардамы менен жаңы спорт аянтчаларын ачып, жаштар менен иштешүү жакшы жолго коюлду. Форум-театр аркылуу үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси талкууланды. Бардык жерде адамдар өздөрү жашаган аймактын коопсуздук маселесин чечүүгө аракеттенип жатышат.​

Кыргыз тартип сакчылары.

"Азаттык": Долбоордун башталганына үч жылдын жүзү болуптур. Аткарылган иштердин натыйжасына кандай баа бердиңиз? Канааттандыңызбы?

Маркверинг: Албетте, канааттандык. Биз келген сайын жасалган иштерге мониторинг жүргүзүп, милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп турабыз. Биз үчүн милициянын жергиликтүү эл менен иштегени да маанилүү. Алардын бири-бирине ишеничи көбөйүп, аймакта кылмыштуулуктун азайуусуна, коопсуздуктун сакталышына чогуу аракет кылганы жагат. Биз жалаң милицияга гана эмес, жаштар борборуна, жергиликтүү демилгечилерге да көңүл буруп, алар менен да иштешебиз.

"Азаттык": Жаңы конуштар кылмыштуулуктун очогу деп айтылат. Бишкек, Ош шаарларынын четиндеги жаңы конуштарда милициянын ишин күчөтүү боюнча долбоорлор барбы?

Маркверинг: Буга чейин биз облустарда иштеп келдик. Эми шаарга кезек жетти деп ойлойбуз. Анткени, шаарда эл көп, кылмыштуулук да шаарларда көп катталат. Бизде азыр пилоттук долбоор Бишкектин Свердлов районунда иштеп жатат. Жумушчу топ түзүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлдү. Учурда маанилүү делген маселелер талкууланып жатат. Аткарыла турган иштердин планы чогуу түзүлөт. Свердлов районунда милициянын жаңы бөлүмүн түзүү максат кылынууда. Биз негизинен эл аралык уюм катары демилгелерге каржылык колдоо көрсөтүү менен иш алып барабыз.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.