Бишкектеги жардырууга шектүүлөр кармалды

Бишкектеги спорт сарайынын жанындагы жардыруу болгон жер, 2010-жылдын 30-ноябры.

Бишкектеги жардырууга жана жардыруу аракетине шектүү деп кармалган 9 киши Ислам жихады бирлиги аттуу уюмдун мүчөлөрү экени айтылууда.
Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Кенешбек Дүйшөбаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Кармалгандардын баары Кыргызстандын жарандары

Кенешбек Дүйшөбаев 30-ноябрда Бишкектеги спорт сарайындагы жардырууга жана 25-декабрдагы Бишкек милициясынын жанында жардыруу аракетине катыштыгы бар деп кармалган 9 адам Кыргызстандын жарандары экенин белгилеп, бирок аты-жөнүн ачыктаган жок. Кеңешбек мырзанын белгилешинче, белгиленген эки окуя боюнча козголгон кылмыш иштин бети ачылды.

- Бул фактылар боюнча бизде тогуз адамдан турган террордук кылмыш тобу кармалды. Дагы бешөө издөөдө. Бүгүнкү күндө эки факт боюнча буюм зат, далилдер толук алынды. Толугу менен далилденди. Бардыгы тең Кыргызстандын жарандары, бардыгы кыргыздар. Бирок ошолорду изилдегенде Орусияда жана Казакстанда дагы байланыштары бар экенин тактап атабыз. Ошол мезгилде ал жакка кеткен бутактары боюнча атайын ыкчам изилдөө иштери жүрүп жатат.

Кеңешбек Дүйшөбаев кармалган адамдар "Ислам жихады бирлиги" аттуу уюмдун мүчөлөрү экенин белгиледи. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү делген адамдарды кармоо учурунда ар кандай жардыргыч заттар, газ баллон, бир нече уюлдук телефон, ок чыгаруучу куралдар, ок, жардыргыч заттар жана диний агымдарга тиешеси бар адабияттар, ар кандай кийим-кечектер, алюминий күкүмдөрү, батерейкалардын түрлөрү табылган.

- Быйыл жаз айларында Кавказда Александр Тихомиров же террорчулар арасында Саид Бурядский деген адам жок кылынган. Ал жихадды карманган негизги идеологдордун бири болгон. Бизде кармалган адамдар дагы ошонун идеологиясын колдонгон, бөлүштүргөн адамдар экен. Ошондуктан буларды радикалдуу жихадчылар деп койсок болот. Андан сырткары өткөн жылы Казакстанда "Ислам жихады бирлиги" аттуу уюмга байланышкан адамдарды кармап, сот жообуна тартып, чара көрүшкөн. Ошолор менен да байланыштары чыгып атат.

25-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында жарылуучу зат салынган унаа табылган эле. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө аталган унаанын ичинен химиялык каражаттар менен толтурулган жана кесилген майда арматуралар салынган газ балон табылган. Колго жасалган бул заттын жарылуу күчү 10 кг. тротилдин кубаттуулугуна туура келерин экспертиза аныктаган. Телефон аркылуу жардыруу эртең мененки саат сегиз жарымга, эл көбөйүп калган учурга пландалган.

Ордо калаанын чок ортосунда, болгондо да милиция имаратынын жанында жардыргыч зат салынган унаа көз көрүнөө ташталып кетиши боюнча учурда коомчулукта ар кыл пикирлер, божомолдор айтылууда.

Июнь окуясына байланышы барбы?

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, бул диний багыттагы террористтердин аракетине окшошпойт. Мурдагы чекист Орозбек Молдалиев Спорт ордосунун жанындагы жардыруулар жана андан кийинки жардыруучу заттардын табылышы июндагы окуяларга да байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтат.

- Келип көзүнө көрүнүп, коюп кеткени алардын укук коргоо органдарынан коркпой аракеттенип калгандыгы да. Эми муну ким жасашы мүмкүн. Биринчиден, албетте баягы түштүктөгү жайындагы окуяларга байланыштуу жасалып жаткан иш болушу мүмкүн. Бул Өзбекстан ислам кыймылы же башкалардын почерки эмес. Алар Кыргызстанга жихад жарыялаган эмес. Бирок муну ошолордон үйрөнгөн, ошондойлор менен кызматташ болгон адамдар жасашы мүмкүн. Экинчиден, бул мурунку бийликтин кишилери болушу мүмкүн. Ошолор жалдап, атайын туруксуздаштыруу аракетин ишке ашырып жатышы мүмкүн.

Коопсуздук комитетинин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков бул окуяларды ички күчтөр жасап жатышы мүмкүн деген версияга көбүрөөк ыктайт.

- Тез арада эле жардыргыч заттарды алып келип, анан издөөдө жүргөн машинени ИИББнин алдына коюп, анан милициялар чыга калса үч бала качып кетип атпайбы. Эми бул жерде карап көрсөк сырткы күчтөр эмес, ички күчтөр деген ишенич көбүрөөк болуп атат. Же ички күчтөрдү кандайдыр бир деңгээлде сырткы уюштургуч күчтөр пайдаланып, ушуларга атайын тапшырма берген деген дагы өзүнчө бир версия чыгып атат.

Эскерте кетсек, Ош шаарында УККнын атайын бөлүгүнүн күчтөрү өлкө аймагында террордук чабуул уюштурууга даяр турган деп шектелген 3 террорчуну жок кылган. Төртүнчүсү өзүн-өзү жардырып жиберген. Ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматынын 3 кызматкери жараат алып, ооруканага жаткырылган.

30-ноябрда Бишкекте Спорт ордосунун жанында жардыруу болуп, натыйжада ошол жайда отүп жаткан апрель окуясы боюнча сот үзгүлтүккө учураган. Жардыруучу заттын күчү тротил эквивалентинде 3 кг. болгондугу, жардыруу уюлдук телефон же атайын алыстан башкаруучу жабдуу аркылуу жүргүзүлгөнү белгиленген. Андан төрт адам жеңил жаракат алган. Коопсуздук кеңишинин катчысы Марат Иманкулов жарылган затты атайын террористтик лагерлерде окуган дасыккан гана адамдар жасай аларын белгилеген.

Өлкөдөгү соңку ушундай кырдаалдан улам милиция жана коопсуздук комитеттин кызматкерлери казармалык иштөө тартибине өттү. Бул тууралуу кабарлаган Кеңешбек Дүйшөбаев Кыргызстанда террордук чабуул коркунучу бар экенин белгилеп, калкты сак болууга үндөдү. Жаңы жылдык майрам учурунда Ош менен Жалал-Абадда массалык иш-чара өткөрүүгө, пиротехникаларды сатууга, колдонууга тыюу салынды.