Эрдиги көз жаздымда калган баатырлар

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Маткерим Рахманбердиевдин (ортодо) сүрөтү

Кыргызстандын тарыхында Экинчи Дүйнөлүк согуш темасы боюнча азыркыга чейин такталбаган актай барактар бар. Жергиликтүү тарыхчылар майданда жыйырмага чукул кыргызстандык жоокер татыктуу эрдик көрсөтүп, бирок белгисиз себептер менен Советтер Союзунун Баатыры наамын албай калганын айтышууда.

Көп жылдан бери согуш темасын изилдеп келаткан тарыхчы Нарынбек Алымкуловдун айтымында, согуш мезгилинде жогорку сый-ургал үчүн керек болгон чен-өлчөмдөн ашыкча эрдик көрсөтүп, бирок анысы бааланбай калган мисалдар арбын:

- Элге буга чейин эле белгилүү болгондору Жайыл районунан кеткен Кубат Жуматаев. Экинчиси - Чаткал районунан барган Ахматша Түмөнбаев. Үчүнчүсү - Ашырбай Коенкөзов. Элдин баары буларды жакшы билет. Акын Садырбаев - ал Жумгал районунун Эпкин айылынан. Кийинкиси мамлекетибизди түптөгөндөрдүн бири Абдыкерим Сыдыковдун уулу Иса Сыдыков. Иса үч жолу Советтер Союзунун Баатырлыгына көрсөтүлгөн экен. Бирок ага атасы "эл душманы" болгон деп наам беришкен эмес. Андан башка да бир топ фамилияларды атай берсек болот. Маселен, Муса Эсенгулов, Алексей Гончеров. Жаңы ысымдардан Жакен Эмеркаев менен Абдырашит Батырбековду айтсак болот. Учурда менде алар тууралуу так маалыматтар бар. Булардын ар бири Советтер Союзунун Баатыры наамын алганга татыктуу эрдик көрсөткөн.

Нарынбек Алымкулов бул инсандардын согуш учурунда жасаган эрдиги тууралуу материалдарды Мосвадагы архивден таап келген. Тарыхчы мындан сырткары аткычтар бөлүгүндө кызмат кылган кыргызстандык жоокерлер тууралуу да бир нече жаңы маалыматтарды айтты:

- Өзгөчө биздин снайперлер тууралуу сөз кылышыбыз керек экен. Буга чейин алар тууралуу эмнеге айтылбай келгени такыр түшүнүксүз. Маселен, Советтер Союзунун Баатыры наамын алуу үчүн 150 душманды жок кылуу керек экен. Ал эми биздин көзгө атарлардын ичинде үч жүзгө чукул душманды жок кылгандар да бар. Алардын эң белгилүүсү - Түлөкалый Абдыбеков. Бул киши 397 душманды жок кылып, 1944-жылы февралда каза болгон.

Алымкуловдун айтымында, көзгө атарлык боюнча Советтер Союзунун Баатыры наамын алгандардын эң көбү үч жүздүн тегерегиндеги душманды, ал эми эң азы 163 душманды жок кылган. Маселен, эрдиги учурунда бааланбай, ал наамды 1990-жылы алган Миронов 163 душманды кыйраткан.

Тарыхчылардын айтымында, Совет биримдиги кулай элек мезгилде кыргызстандык жетекчилер СССР жетекчилигине учурунда бааланбай калган кыргызстандыктар жөнүндө бир нече жолу маселе коюп келишкен экен. Бирок мындай кайрылуулардын бири гана ишке ашып, Исмаилбек Таранчиевге 1991-жылы Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Унутта калган 17 баатыр

Тарыхчы Турат Жоробековдун билдиргенине караганда, улуттук тарых илиминде буга чейин согушка катышкан кыргызстандыктардын тарыхы тыкыр изилденген эмес. Андыктан бул тема боюнча башы ачыла элек суроолор көп учурайт:

- Ири партизандык кыймылдын жетекчилери Давыдов, Федеров дегендер өздөрүнүн эмгектеринде “Кыргызстандык жоокерлер тубаса көзгө атарлар. Түздөн-түз снайперлик милдетти аткарган” деп жазган. Бул жагынан караганда бизге белгилүүсү Ашырбай Коенкөзов. Ленинград фронтунда партизандардын катарына кирип, эки жүзгө жакын душманды жок кылган. Снайперлерге 150 душманды жок кылгандан кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы берилиши керек экен. Ал эми Коенкөзовго андай наам берилбей калган.

Жоробековдун билдиргенине караганда, согуш учурунда партизандык отряддарда, чалгынчылыкта кызмат өтөгөн кыргызстандыктар тууралуу да маалымат жок. Кыргыз тарыхында бул тема дың боюнча турат.

Учурда тарыхчылар 17 адам Советтер Союзунун Баатыры наамын алууга татыктуу экендигин ырастап жатышат. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди:

- Азыр кыргызстандык 79 Советтер Союзунун Баатыры такталды. Эрдик көрсөткөн дагы он жети адам табылды. Ар кайсы наамды алуу үчүн өзүнчө чен-өлчөмдөр болгон. Биз айтып жаткан он жети киши ошол нормалардан ашыра эрдик кылгандар. Бирок кандайдыр бир себептер менен эч кандай наам албай калган.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул маселе боюнча тарыхый чындыктын ачыкка чыкканын колдойт.

- Көп адамдардын эрдиги тигил же бул себептерден улам көз жаздымда калышы толук мүмкүн. Өзүнүн ротасынын же полкунун командири байкаса да, балким жогору жактан көңүл бурулбай калса керек. Же согуш башаламан болуп турган учурда кээ бир тастыктамалар жетишпей калгандыр. Арадан көп жылдар өттү. Азыр ошол мезгилде белгисиз болгон көп нерселер ачыкка чыкты. Изилдеп, тактаса болот.

Текебаевдин пикиринде, эгер биздин тарыхчылар мындай учурларды таап, далилдеп чыкса ал тарыхый адилеттүүлүк болмок.

Тарыхчылар "азыр Кыргызстандан 78 адам Советтер Союзунун Баатыры, 29 адам “Даңк” орденинин толук кавалери деп айта берсек болот" дешет. Буга чейинки расмий маалыматтарда Кыргызстандан 73 адам Советтер Союзунун Баатыры жана 21 адам “Даңк” орденинин толук кавалери деп айтылып келген.

Тарыхта согуш маалында сүргүнгө айдалган чечен улутундагы жоокерлердин эрдиги да бааланбай калганы айтылып келет. Бирок Орусия менен чечен калкынын ортосундагы саясий мамиле оңолгондон кийин президент Путин аларга баатыр наамын берүү жөнүндө кеч да болсо жарлыктарды чыгарган.