Токтогон эненин эрдиги

Токтогон Алтыбасарова 41 жыл айылдын жооптуу катчысы болуп иштеген. 1982-жылы пенсияга чыккан.

Ленинграддан келген балдар. 

1942-жылы Ленинградда блокада башталат, андан Токтогон Алтыбасарова башкарган колхозго 150 бала алынып келинет. 

Балдардын эң эле кичүүсү бир жаш, эң уулусу 10 жашта болгон. 

Айылдагылар келген балдарды камкордука алышат.
 

Токтогон Алтыбасарова Түптүн Күрмөнтү айылында 1924-жылы төрөлгөн. Өзүнүн айылындагы мектепте жети жыл гана билим алган. 7-классты толук бүтө электе Экинчи Дүйнөлүк согуш башталып, айылдагы эр-азаматтар согушка аттанса, жумушка жарамдуу аял кишилер тылга тартылган.

Токтогон Алтыбасарова 150 баланы 10 жыл баккан. 

1952-жылы ата-энелери бар балдар же туугандары чыгып, издешип, бирин-бири тапкандары Ленинградга кетишет.  Калгандары Фрунзеде окуп калышат. 

Токтогон Алтыбасарованын күйөөсү Муса Абдиев да согушка барган. Согуш күчөп турганда 1942-жылы кетип, ал жактан жарадар болуп, 1943-жылы мекенине кайтат.
 

Токтогон Алтыбасарованын күйөөсү Муса Абдиев согуштан кийин колхоздо көп жыл эмгектенген, колхоздун курулуш бригадасын жетектеген, андан соң талаачылык боюнча эсепчи болуп жүрүп пенсияга чыккан.

Алар тогуз баланы өстүрүп чоңойтуп, баарына билим берүүгө жетишкен. 

1979-жылы балдар Алтынбасаровага жолугуу үчүн Ак-Булак колхозуна келишет.  

Ленинграддык балдардын Токтогон Алтыбасаровага жазган каттары. ​

Токтогон Алтыбасарованын эмгегин баалап, айылдыктар Ак-Булактагы маданият үйүнө атын беришкен.

1941-жылы Ленинград шаарын фашисттик Германиянын аскерлери курчоого алып, шаардагы балдар эвакуацияланган. Алардын айрымдары Кыргызстанга да алып келинген.