ШКУ «үч коркунучка» каршы күрөшөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун XIX саммити өтүп жатат. Ага катышуу үчүн уюмга мүчө Кытай, Индия, Орусия, Пакистан, Ооганстан жана Борбор Азиянын өлкөлөрү баштаган 12 мамлекеттин лидерлери Бишкекте чогулду. Анын жыйынтыгында коопсуздук маселелери боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынды.
Аймактык уюмга мүчө өлкөлөр дүйнөгө коркунуч жараткан "үч коркунуч" - экстремизм, терроризм жана сепаратизм экенин белгилеп, аларга каршы күрөштү күчөтүүгө көңүл буруларын белгилешти.