Жапаровдун өтүнүчү карала элек

Садыр Жапаров

«Барымтага алуу» беренеси менен соттолгон экс-депутат Садыр Жапаровдун президенттен ырайым суроо өтүнүчү карала элек. Буга байланыштуу анын тарапкерлери 5-декабрда коомчулукка басма сөз жыйыны аркылуу кайрылганы жатышат.

Президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия Жапаровдун ырайым сураган арызы боюнча тийиштүү документтер толук берилбегенин айтууда.

Айрым эксперттер саясатчынын камакта калышынын төркүнүн Кумтөр алтын кениндеги мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарганы менен байланыштырып жатышат.

№1 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчы Садыр Жапаров октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап кайрылган.

Анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов тиешелүү документтер президенттик аппаратка жеткирилгенин билдирген. "Бирок ал өтүнүч Аламүдүн райондук администрациясы менен Каракол шаардык мэриясынын “футболдук тобуна” айланып жатат", - Токтосунов:

Шарабидин Токтосунов

- Аламүдүн райондук администрациясында ырайым берүү боюнча кеңеш бар экен. Алар карап чыгып, макулдук бериши керек. Президенттик аппарат ушул кеңешке жөнөтүшсө, алар “Садыр Жапаровдун каттоосу Каракол шаарында экен” деп ошол жакка жөнөтүшкөн. Ал эми Каракол шаардык мэриясы болсо Садыр Жапаров кайсы райондун аймагындагы абакта болсо, ошолор карашы керек деп кайра Аламүдүн районуна жиберет. Мына ушинтип бири-бирине түртүп жатышат.

Президенттик аппараттын ырайым кылуу маселелерин кароо комиссиясынын жооптуу катчысы Кырккелди Кыдырбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул ишке байланыштуу кандайдыр бир чечим кабыл алына элек:

- Азырынча жаңы жагдайлар жок. Ошол боюнча эле турат.

Буга чейин Кырккелди Кадырбаев Жапаровдун өтүнүчүн кароого документтер толук эместигин билдирген.

Адвокат Шарабидин Токтосунов комиссия талап кылган тиешелүү документтердин баары жиберилгенин белгиледи. Ошондуктан анда ишти кароону кечеңдетүүгө негиз болгон саясий себептер дагы болушу мүмкүн деген жоромолун айтты.

Дагы караңыз Садыр Жапаров ырайым сурады


Юрист Нурлан Исмаилов президенттин ырайым берүү тартиби жана шарттары мыйзамда кандай каралары тууралуу буларды айтып берди:

- Ырайым сураган киши мыйзамды жанан абактын ички тартиптерин бузбашы керек. Мындан кийин президент атайын комиссиянын жыйынтыгы менен ырайым берүүгө укуктуу.

Садыр Жапаровдун тарапташтары болсо октябрь айынан бери кол топтоп жатышат. “Саясий туткун” деп эсептеген тарапташтары Жапаровго ырайым берүүнү коомчулук, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу да сурана башташты. Садыр Жапаровдун саясий өнөктөшү Камчыбек Ташиев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып буларды белгилеген:

- Садыр Жапаров түрмөдө акыйкатсыз отурганын белгилейм. Аны чыгарууну президенттен суранам. Аны «бул киши чыгарбай жатат» деп анык айта албайм, себеби аны билбейм. Бирок Садырдын камакта кармалышын таш боордук деп эсептейм.

Кумтөр алтын кенин мамлекеттештирүүгө байланыштуу чакырык таштаган саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптоонун негизинде 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн кайтып келатканда аба майданынан камакка алынган. Ал андан соң 11 жыл, алты айга эркинен ажыратылган. Ал эми Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровго доосу жок экенин, анын үстүнөн арыз жазбаганын айтып, көрсөтмө берген.

Ишенбай Кадырбеков

Ушундан улам Жапаровдун ишин саясатка байланыштуу дегендер да четтен чыгат. Ошондой пикирди карманган саясатчылардын бири - Ишенбай Кадырбеков:

- Садыр Жапаров саясатта аз убакыт гана болду. Бийликтеги адамдарды ачык сынга алган оппозиционер катары оюн айта элек. Ошондуктан Садыр Жапаровдун ишин саясат менен байланыштырууга болбойт. Бирок ошол эле кезде Жапаров болобу, же мен боломбу, же Текебаев болобу Кумтөрдүн Кыргызстанга зыян алып келип жаткан материалдарын алып чыкса эле түрмөгө отуруп калганы таң калыштуу болуп жатат. Ошондуктан Садыр Жапаровду абакта кармап турууга кимдир бирөө буйрутма берип жаткандай сезилет.

Садыр Жапаров 2012-жылы да «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг уюштуруп, анда да тополоң чыгып, ал депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талантбек Мамытов менен чогуу кармалып, камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 2013-жылы бир жарым жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарып, бирок кийин шаардык сот аларды актаган.

Ошол эле жылы Караколдо барымтага алуу окуясы болуп, андан кийин Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен. Садыр Жапаров ошол бойдон 2017-жылы мартта Кыргызстанга кайтып келерин, аны миңдеген тарапташтары тосуп аларын айтып, алдын ала жарыялаган. Бирок күч түзүмдөрү анын өзүн аба майданынан кармап, тарапташтары чогулган митингде ызы-чуу болуп, бир топ активисттер кармалып, камакка алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​