Садык Шер Анжелина Жолини конокко чакырды

Кинорежиссер Садык Шер-Нияз, Голливуд жылдызы Анжелина Жоли жана Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалынын катышуучулары. 31.10.2017-ж.

“Кактус медиа” сайты Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы жонунан 671 миллион 502, 1 миң сом жумшалат деп пландалса, иш жүзүндө 539 миллион 425, 6 миң сом жумшалганын жар салды.

Басылма талапкерлердин шайлоого жумшаган каражатын да тизмектеген. Акчасын аябай чачкандардын ичинен Өмүрбек Бабанов 240 миллион 589 миң 866 сом, Сооронбай Жээнбеков 158 миллион 96 миң 175 миң сом, Темир Сариев 42 миллион 350 миң 600 сом жумшаганы белгилүү болду.

* * *

Спутник KG сайты Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделип быйыл 3-ирет өтүп жаткан Азия кинофестивалына Голливуд жылдызы Анжелина Жоли да катышып жатканын, аны Садык Шер келерки жылы өтө турган “Көчмөндөр оюндарын” көрүп, Кыргызстанга келип кетүүгө чакырганын, Анжелина болсо келер-келбесин ойлонуп көрө турганын жазып чыкты.

Азия кинофестивалынын максаты - эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланышын чыңдоо болуп саналат. Октябрдын 25инде башталган бул фестиваль ноябрдын экисине чейин уланат. Фестивалга Кыргызстандан Актан Арым Кубаттын “Кентавр”, Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай”, Таалайбек Кулмендеевдин “Мунабия” тасмалары барды.

* * *

Кабар KG сайты өлкөнүн жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун маегин жарыялады.

Өзүнүн жеңишин - бүтүндөй кыргызстандыктардын жеңиши деп эсептерин белгилеген Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президенттик кызматындагы алгачкы аракетин Атамбаевдин багытын улантуудан баштарын, ал бала чагынан эле эмгекке бышып өскөнүн, ошондуктан иш күнү таң эртеңден башталып кечке созуларын, эң башкысы ал шайлоо учурунда элге берген убадаларынын баарын жүзөгө ашырып, буга чейинки жасалгандарды андан ары улантуу үчүн бардык күчүн, тажырыйбасын жана билимин аябай тургандыгын айтты.

* * *

“Барометр” сайты социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары президент Алмазбек Атамбаевге мамлекеттик ишмер Жусуп Абдырахмановго Кыргыз эл баатыры наамын ыйгаруу өтүнүчү менен кайрылганын кабарлады.

Өткөн кылымдын 30-жылдарындагы канча азаматтардын канын ичкен каргашалуу репрессия учурунда Жусуп Абдрахмановдун бүтүндөй кыргызстандыктарды ачарчылыктан сактап калган эрдигин эске салган.

Кыргыз мамлекетинин башчысы Жусуп Абдырахманов 1937-жылдын 4-апрелинде камакка алынып, 1938-жылдын 5-ноябрында атылган. 1958-жылы акталган.

* * *

“Вечерний Бишкек” сайты Ош облусунун Татар айлынын 28 жаштагы тургуну бир эле көрүстөндөн 50 эстеликти бузуп салганын, ал милийсага берген түшүнүгүндө дин боюнча өлгөн адамга оор эстеликтер тургузулбашы керектигин, эстеликтер оор болгондуктан анын алдында жаткандар кыйналарын, ошондуктан маркумдарга ушундай жол менен жардам бергиси келгенин айтып берген.

Мүрзөдөгү эстеликтерди талкалаган адам азыр камакта. Анын түшүнүгү боюнча өлгөндөргө эстелик тургузуу исламдын канондоруна жат көрүнүш. Өзү бирок анда-санда гана намаз окуп келгендигин, динди деле анча биле бербестигин айтышууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош: мүрзөнү талкалаган адамга иш козголду

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.