Орусиянын кирешеси кескин кыскарды

“Центральная Азия.ру” интернет басылмасы кабарлагандай, Евробиримдик Өзбекстан менен ишкердик жана инвестициялар боюнча кеңеш түзүүнү сүйлөшүүдө.

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Ташкентке биринчи жолу иш сапарга барды. Ал Ташкентте Өзбекстандын парламенти, Тышкы иштер жана Финансы министрликтери менен кездешип, кызматташтыкты кеңейтүү боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Петер Буриан Евробиримдик Өзбекстан менен соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ачыктаган. Былтыр Евробиримдик 2020-жылга чеийн Өзбекстанга 168 миллион евро грант берүүнү убада кылганы да макалада айтылат. Бул каражат Өзбекстандын билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана агрардык секторлорунда керектүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалмакчы.

Ал арада "Орусия Өзбекстандын 865 миллион доллар карызын кечти" деп жазат “Экономика сегодня” басылмасы. Эки тараптуу каржы алакаларын жөнгө салуу боюнча келишимге былтыр декабрь айында кол коюлуп, аны эми гана Орусиянын өкмөтү кабыл алган.

Ошондой эле Өзбекстан быйыл Дүйнөлүк банктан 25 жылдык мөөнөткө 305 миллион доллар өлчөмүндө насыя алары да айтылат макалада. Өзбекстан бул акчаны жолдорду оңдоого жана Самарканд менен Бухара шаарындагы канализация түтүктөрүн жаңыртууга жумшайт.

“Орусиялыктардын маянасы кескин кыскарууда” деп жазат “Независимая газета”. Жыл жыйынтыгында орусиялыктардын маянасы 11 пайызга, тапкан кирешелери 9 пайызга кыскарат. Мындай божомолду Орусиянын Макроэкономикалык анализ жана кыска мөөнөттүү прогноз борбору берген. "Бул Орусияда акыркы 15 жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй кирешелердин кыскарышы" деп жазат басылма.

Орусияда маяна менен кирешенин кескин төмөндөшү өлкөнүн чекене соодасына дагы доо кетирген. Былтыркы жылга салыштырмалуу алты ай ичинде Орусиянын чекене соода жүгүртүүсү 8 пайызга кыскарып, 13 триллион рублга азайган. "Буга өлкөдөгү азык-түлүктүн баасы калктын капчыгы жукарып баратканына карабастан улам өсүп жатканы дагы себеп" деп айтылат макалада.

Алты айдын ичинде Орусиядагы инфляция 16 пайызды түзгөн. “Ромир” изилдөө уюмунун сурамжылоолоруна катышкан орусиялыктардын үчтөн эки бөлүгү үнөмдөө режимине өткөнүн айткан.

РБК интернет басылмасы “Мигранттардын эсебинен ким пайда көрүп жатат” деп аталган иликтөөсүндө Орусияда жыл башынан бери мигранттарга бир миллион патент сатылып, өлкөнүн бюджетине 10 миллиард рублдан ашуун киреше киргенин жазат.

Алгачкы жарым жылдыкта Москвадагы Эл аралык миграциялык борбордо орточо акысы 15 миң рублди түзгөн 265 миң патент берилген. Мигранттарды тейлеген бул мамлекеттик эмес борбор миграциялык документтерди даярдоо боюнча кызмат көрсөткөнү үчүн 3500 рубл өлчөмүндө мигранттардан кошумча акы алары белгилүү.

РБК интернет басылмасы мигранттарды тейлеген борбор президент Владимир Путиндин классташы Ильгам Рагимовго таандык экенин аныктап чыккан. Рагимовдун “Трэйд Инвестментс” ишканасы миграциялык борборду куруу боюнча сынакты өткөн жылы жеңип алган. Ал эми Петербург менен Ленинград облусунда мигранттарды тейлеген мындай борборлор орусиялык ишкер Дмитрий Михальченко менен мурун Федералдык коопсуздук кызматында иштеген Николай Негодовго тиешелүү экендиги аныкталган.

“Независимая газета” басылмасында жарык көргөн “Кыргызстандын көйгөйү террористтерде эмес өлкөнүн учурдагы абалында” деген макалада Борбор Азия боюнча эксперт Александр Князев Кыргызстандын укук коргоо органдарын жана атайын коргоо кызматтарына сереп салат. Эксперт 16-июлда Бишкекте болгон согушкерлерди жок кылуу боюнча атайын операцияга токтолгон.

2005-жылы жана 2010-жылы болгон ыңкылаптардан кийин жаңы президенттердин кадрдык саясатынан, уруу-туугандык байланыштардан жана коррупциядан жабыркаган Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын абалы солгун. Андан тышкары макалада өлкө барган сайын диний радикал уюмдардын жана криминалдык топтордун чордонуна айланып баратканы айтылат.

Макалада мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен бир гана Кыргызстанда “Таблиги жамаат” диний уюмунун ишмердигине мыйзамдуу түрдө уруксат берилгендиги дагы белгиленген. Өлкөдө болгон этностук кагылышуулар эскерилип, террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүккө шектелип, өзбек улутундагылардын куугунтукталышы абалды оорлотууда деген ой айтылат макалада. Кыргызстандын ичинде чечилбей жаткан көйгөйлөр "террористтик чөйрө" түзүүдө деген корутунду чыгарылат.