Питердеги кыргыздардын тоюнда ок атылды

Санкт-Петербургда кыргызстандыктар өткөрүп жаткан тойдо атышуу болуп, алты адам жараат алды. Жараат алгандардын айтымында, той өтүп жаткан кафеге белгисиз адамдар келип, ок чыгарган.
Сөз болуп жаткан чыр Санкт-Петербургда “Золотая Долина” аттуу кафеде 21-декабрь күнү кечинде орун алган. Бул күнү кафеде шаарда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын үйлөнүү тою өтүп жаткан.

Үйлөнүп жаткан жигиттин эжеси Наргизанын “Азаттыкка” айтымында, кафеге өзбек тектүү 10-15 адам администратордун "кафеде орун жок" дегенине нааразы болуп, травматикалык тапанчадан ок чыгарышкан:

- Менин инимдин үйлөнүү тою болгон. Той аяктап, ага келген балдарды узатабыз деп жаткан учурда чыр башталды. Алгач кафенин эшигинин алдында турган балдарды кыдырата эле сабай баштаган. Аларга каяша кылып же качкан балдарды тапанча менен аткылаптыр. Октун үнүн угуп, ичтен чыгып келаткандарды да атышкан. Октон 6 адам жараат алды. Алардын ичинен экөөнүн абалы оор болуп жатат.

Наргиза кошумчалагандай, ок жегендердин бири үч күндөн бери эсине келбей, реанимацияда жатат.

Москвадагы кыргыздар

Бул кылмыш боюнча Санкт-Петербург шаардык полициясы “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү издеп жатат. Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы ардактуу консулу Таалайбек Абдиевдин маалымдашынча, азырынча окуяга күнөөлүү адамдар кармала элек:

- Биздин жарандар кол салгандар өзбек улутунда болгонун айтышууда. Учурда полиция аларды издеп жатат. Иликтөө иштери жүрүүдө. Азырынча эч ким кармала элек. Биз өзбек диаспорасына да "силерде кандайдыр бир маалымат болсо бөлүшкүлө" деп кайрылдык.

Ал ортодо Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз жана өзбек диаспораларынын жетекчилери жолугуп, орун алган окуяны талкуулаганы белгилүү болду. "Замандаш" ассоциациясынын маалымат катчысы Эркин Урманбетовдун билдиришинче, анда өзбек диаспорасынын жетекчилери кол салгандарды кармоого көмөктөшөөрүн убада кылган:

- Диаспора өкүлдөрү шейшембиде жолугуп, окуя боюнча маалымат алмашты. Анда өзбек диаспорасынын жетекчиси окуяга күнөөлүүлөрдү кармоого жардам берүүгө сөз берди.

Санкт-Петербургда иштеген мигранттар

Ал эми Санкт-Петербургдагы өзбек диаспорасынын жетекчиси Алижан Хайдаров болуп өткөн окуяны катардагы эле чыр деп эсептейт. Хайдаров “Азаттыкка” сүйлөп жатып айрым бейбаштардын кылыгынан эки улуттун ынтымагына доо кетпейт деп ишенээрин билдирди:

- Бул эми катардагы эле чыр. Мен Кыргызстандын ардактуу консулу менен бул тууралуу сүйлөштүм. Экөөбүз биргеликте мындай чырлардын алдын алуу боюнча аракет көрөлү деп чечтик. Мындай нерселер биздин достугубузга эч доо кетире албайт. Окуяга күнөөлүүлөрдүн кармалышына биз да көмөк көрсөтөбүз. Мындай окуялардын экинчи ирет кайталанышына жол бербөөгө биз да аракет кылабыз.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абадда болгон каргашадан кийин эки улуттун өкүлдөрү көп эмгектенген Орусиядагы мигранттар арасында мамиле солгундап кеткенин диаспора өкүлдөрү айтып жүрүшөт.