Туладагы "кыргыз айылынын" эртеңи бүдөмүк

Туладагы кыргыз айылы.

Орусиянын Тула облусунда беш жүздөй кыргызстандык үй-бүлө жер үлүшүнөн ажыроо алдында турат.

2016-жылдан тарта Туладагы Заокский районуна караштуу Клищино айылында кыргызстандык мигранттар 478 жер үлүшүн жеке менчикке сатып алып, айрымдары турак жай кура баштаган. Жер ээлеринин жарымынан көбү Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар.

Быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык керектөөгө аныктаган.

Орусияда жеке менчигинен ажыроо алдында турган кыргызстандыктар жергиликтүү бийлик орусиялык маалымат каражаттарында «Тулада кыргыз анклавы курулуп жатат» деген баяндар чыккандан кийин ушундай чарага барып жатканын айтышууда.

Баарикан Айылчиева Орусияда отуз жылдан ашык жашап, орус жарандыгын алып, эми үйлүү болобуз деп турганда чыр башталганын айтты:

Баарикан Айылчиева.

- Мен бир жыл мурда жер сатып алгам. Жер арзан болгондуктан, тааныш-туугандарга айтып, биргелешип алып, бир айыл болуп кеткенбиз. Кыркка жакын адам дубал тургузуп, дагы жетөө үйүнө кирип, документтерин алып коюшкан. Анан маалымат каражаттарында «Москванын алдындагы кыргыз айылы» деген макала чыгып, ошондон кийин текшерүүлөр башталды. Райондук кеңештин депутаттары бул жердин статусун өзгөртүп салды. Жер 2016-жылы турак жай курууга берилген. Эми кайрадан айыл чарбасына керектелет дешиптир. Бул токтомго кол коюшуп, бүтүм чыгарылып калган. Эми райондук прессада жарык көрсө, күчүнө кирет. Ачык айтылбаганы менен биз кыргыз болгонубуз үчүн ушундай болуп жатканы билинип калды.

Мигранттар «Ала-Тоо» айылы деп атап алган аймакта жердин бир сотыхы убагында 15-25 миң рублга сатылган. Эки жылдан бери кырктай үйдүн дубалы тургузулуп, он чакты үй-бүлө отурукташып жашап жаткан. Айрымдары жерди бир жылдык мөөнөттө сатып алуу шарты менен алган. Ал эми орус жарандары жаңы төрөлгөн бала үчүн берилчү «энелик капиталды» негизги төлөм катары колдонушкан.

Гулмайрам Батыркулова.

​- Жерди биринчилерден болуп алгам. Үй салууга Кыргызстандагы жеримди, менчигимди саттым. Өзүм жалгыз бой аялмын, үч балам бар. Орусияда баш калкалай турган жер болсун, балдарымды окута албасам да там туруп калсын дегем. Балдарым мага окшоп даараткана жубасын деген ой менен орус жарандыгын алганга аракет кылып жаткам. Короомо картошка эгип, кичине болсо да тыгынчык болсун деп жүргөм. Мындай болуп кетерин кайдан билдим, - деди жалгыз бой эне Гүлмайрам Батыркулова.

Ал эми Роза Калибекова Орусияда тапканын толугу менен там тургузууга жумшагандардын бири.

- Былтыр январда 170 миң рублга 8 cотых жер алганбыз. Үйдүн пайдубалын 100 миң рублга тургузганбыз. Мыйзам чегинде жер ээлерине компенсация каралат экен. Бирок ал төлөмдөр канчага созулуп, акыры эмне болору белгисиз. Орусиянын жарандарына төлөнүп берилет, соттошобуз деп жатат. Ошондо кыргыз жарандары эмне болору белгисиз. Баарыбыз эле балдарыбыз жаныбызда болсун деген тилекте киришкенбиз.

Кыргыз жараны Азамат Байчабаев жеке менчик жерине тийиштүү документтерди колуна топтоп алып, эми маселе кандай чечилерин билбей, айласын таппай турганын айтты:

- Төрт-беш жылдан бери Москвада иштеп жүрөбүз. Кыргыз айылы түптөлүп жатат деп социалдык тармактардан окуп барганбыз. Жери жагып, алты сотых алгам. Досторум угуп, алар да алышкан. Заокский районундагы көп функционалдуу борбордо документтерди өзүмө каттап койгом. Орус мыйзамдарында өзгөчө статуска ээ болбогон жерлерди чет өлкөлүктөрдүн сатып алууга укугу бар деп айтылган. Бардык талаптарды аткардык, миграциялык жана жерге документтерибиз колубузда, бардыгы мыйзам ченемдүү.

Нургалы Кабылбеков Клищино айылына там салып, үй-бүлөсүн көчүрүп барган.

​Нургалы Кабылбеков.

- Орусияда иштеп жүргөндүктөн, балдарымдын келечеги үчүн деп жер алып, там тургузуп койдум. Үч балам бар, келинчегим кыргыз жараны. Өзүм орус жаранымын, ушул үйүмө каттоого тургам. Май айында көчүп келип, ошондон бери бул жакта турабыз. Жерге, үйгө документим бар. Керек болсо, эми соттошом.

Мигранттарга Туладагы жер үлүштөрүн «Сотый километр» агенттиги саткан. Жетекчиси Андрей Буренок азыркы кезде жергиликтүү бийликтин күтүүсүз чечиминен улам агенттиктин да эртеңкиси бүдөмүк болуп турганын билдирди:

- Жер үлүшүн сатып алгандарга акчасын кайтарып беребиз. Ал эми жерди толук сатып алып, документин "Росреестрден" алгандарга мыйзам боюнча жергиликтүү администрация кайтарып бериши керек. Жер сатыкка коюлганда турак жай куруп, отурукташууга уруксат бар болчу. Биз эч кимди алдаган эмеспиз. Эгерде мыйзамсыз жер сатылган болсо, адамдарга үй курууга, отурукташууга, жерди жеке менчикке өткөрүүгө эч ким уруксат бермек эмес. Бул абал биз үчүн да оор. Агенттик жол куруу, инфраструктура үчүн миллиондогон чыгым тартты. Биз дагы оор абалда калдык.

Четте Андрей Буренок жер сатып алган кыргызстандыктар менен.

Жер үлүшүнүн акысын бир жылга чейин төлөө шарты менен алгандардын арасында жерге, үйгө документтерди толук алууга жетишпей калгандар бар. Туладагы кыргыз айылынын айланасында чуу чыга баштаганда «Росреестр» федералдык кызматы турак жайларды каттоодон баш тарта баштаган.

Москвадагы юрист Екатерина Синигур Орусиядагы кыргызстандыктардын укугу бузулуп жатканына токтолду. Юрист иш сотко өтүп кетсе, жооптуулар табылбай калышы мүмкүн деди.

- Башкы план боюнча жер 2016-жылы отурукташууга берилген. Эми бир гана кыргыздар алган аймак жаңылыш берилген деп жатканы таңкалычтуу. Жергиликтүү администрация кандай себептен жердин статусу өзгөрүп жатканына расмий түрдө эч кандай негиз айткан жок. Эми сот болот. Сотто күнөөлүү тараптарды издей башташат. Бул айлап-жылдап созулуп кетиши мүмкүн. Кайсы тарап кандай компенсация төлөрү да белгисиз. Жер саткан агенттикти да айыптуу кылып коюшу мүмкүн. Бул жакта чет өлкөлүк мигранттардын укуктары чектелип жатат. Орусиянын мыйзамы чет өлкөлүктөргө жер сатып алууга тыюу салбайт. Эми айрым мигранттар "Росреестрга" кайрылса, «чет өлкөлүк мигранттын Орусияда мыйзамдуу жүргөнүн текшерүү керек» дешип, ИИМге кайрылуу жөнөтүлгөнүн себеп кылып, мигранттардын жеке менчигине документ бербей жатышат.

Туладагы Заокский районунун администрациясынын башчысы Николай Тимаков менен байланышканыбызда, ал «Азаттык» радиосуна маалымат берүүдөн баш тартты. ​

Тулада жер алгандар.

Орусияда азыркы кезде 650 миңдей кыргызстандык иштейт. Ал эми миграцияда орус жарандыгына өткөндөр жарым миллиондон ашуун.

Туладагы Клищино айылында жер сатып алгандардын эки жүздөйү Кыргызстандын жараны. Алар Москвадагы кыргыз элчилигине кайрылышкан. Элчиликтин басма сөз кызматы бул маселе көзөмөлгө алынганын маалымдады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.