Тажикстан интернетти тескөөнү күчөттү

Душанбе шаары

Казакстан Кыргызстанга 100 миллион долларды качан берет? "Ислам мамлекети" радикалдар тобун кайсы мамлекеттер каржылоодо? Өзбекстанда сейсмологиялык станция келерки жылы иштей баштайбы?

Кыргызстан малды идентификациялоо долбооруна Казакстандан каражат күтүүдө деп кабарлайт Регнум интернет-басылмасы. Теңгенин куну кескин төмөндөп кеткендиктен, казак тарап убадаланган каражатты убагында бөлүп бере албай жаткандыгы айтылат.

"Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин малды идентификациялоо долбооруна Орусия менен Казакстан каражат жагынан жардам бермекчи болушкан. Кыргызстан Казакстандан 100 миллион долларды дагы канча күтөрү белгисиз" деп айтылат макалада.

Ведомости басылмасы Өзбекстан сейсмологиялык станциялардын түйүнүн кура баштаганын жазат. Макалада Борбор Азия - жогорку сейсмологиялык коркунучтагы аймак экендиги айтылып, быйыл Кыргызстан менен Ооганстанда адаттан көп жер титирөөлөр катталганы баяндалат. Келерки жылы ишке кирчү бул станция бир мүнөттүн ичинде силкинүүлөрдун жыштыгын аныктап, анын региондорго тараган картасын көрсөтүп бермекчи. Сейсмологиялык станциянын долбоорун Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Сейсмология институту иштеп чыккан.

Газета. ру тажик бийлиги эми интернет менен телефон байланыштарын мыйзамдуу түрдө өчүрө алат деп кабарлайт. Тажик парламенти “Терроризмге каршы күрөш тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алып, ага ылайык атайын операция учурунда интернет менен телефон байланыштарын тескөөнү мыйзамдаштырган.

"Расмий Дүйшөмбү мурунтан эле бир катар интернет сайттарга, социалдык түйүндөргө чектөө коюп келген. Мындай кадамын “өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун коргоо” деп түшүндүргөн бийлик эми каалаган учурда бүтүндөй өлкөнү байланышсыз калтыра алат" деп белгилейт басылма.

“Известия” басылмасы Орусия Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Бельгия менен КМШ өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн каржы операцияларына атайын иликтөө жүргүзүүдө деп жазат. Мындай операциялардын башкы максаты - “Ислам мамлекети” террордук тобуна каржылык жардам көрсөткөндөрдү аныктоо. Аймактагы банк системалары аркылуу эң көп акча которуулар Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстанда катталган.

Макалада “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери 40тан ашуун өлкөдөн каржылык колдоо алары белгиленген. Ал эми чалгындоо бөлүмү Орусиянын 80 аймагынан 3,5 миңден ашуун адам финансылык террорго катышкандыгын аныктап чыккан.

2013 - 2014-жылдары 40 миллион рубль “Ислам мамлекети” тобуна которулган болсо, ушул жылдын январь-август айында эле андай акча которуулар 300 миллион рублга жеткен.